СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Соң Көл - кызыктуу маалыматтар!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Соң Көл

Соң-Көл Тянь-Шань тоолорунун кооз көлү болуп саналат. “Соң-Көл” деген сөз “Акыркы көл” деген маанини билдирет. Ал Нарын облусунун түндүк-батыш бөлүгүндөгү “Соң-Көл тоо” менен “Молдо тоонун” кырларында жайгашкан зор өрөөнчөдө, деңиз деңгээлинен 3016 м бийиктикте жайгашкан. Көлдүн узундугу 29 км, ал эми туурасы – 18 км, тереңдиги – 22 метрди түзөт. Бул көл Кыргызстандагы эң ири ичүүчү суу топтолгон жай болуп саналат. Көлдүн бетинин аянты – 278 кв. км.

Соң-Көлдүн суусу тоолордон агып түшкөн чакан дайралардын эсебинен толукталып турат, ал эми көлдөн Соң-Көл дайрасы агып чыгып, оргуштаган Нарын дайрасына кошулат.

Соң-Көл тулаңдуу мейкиндикте жайгашып, кыргыз жайлоолору менен курчалган. Бул жерлерди илгертен бери кыргыздын төрт түлүк малы жайлайт. Жайкысын эл көлдү жээктей көчүп келет да, үй-бүлөлөрү менен жай бою боз үйлөрдө жашашат. Көлгө төрт жол менен барса болот. Бирөөсү Сары-Булак аркылуу түндүк –чыгышынан өтөт, экинчиси түштүк-чыгышта кыйма-чийме (серпантин) жол, үчүнчүсү түштүк-батышында Ак-Тал аркылуу жана төртүнчүсү түндүк-батышта Кара-Кече көмүр шахталарынын жанына өтөт.

Жаркырап жаткан көлдүн бети алыстан эле көзгө чалдыгат. Бул көл кар баскан Ала-Тоонун койнундагы кымбат баалуу алкакка катылган баа жеткис берметтей сезилет. Көл жээгинин табияты кол тийбеген бойдон болгондуктан ары сырдуу да, ары байыркы жомоктой. Көлдүн кооздугу көз жоосун алып, унутулгус элес калтырат. Аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша көлдүн бети да түсүн өзгөртөт. Ал асмандай көпкөк, же сыя көк, ал тургай кызгылтым же сары да болуп көрүнөт. Ал эми сиз көл жээгинде аны карап олтурган болсоңуз, көл түсүнө жараша маанайын өзгөрткөн сыяктуу сиздин маанайыңыз да нечен түркүн өзгөрүп, не бир кыялдарга туш болосуз.

01.12.2019 17:47


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!