СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйүшкөндөр күнү эмне үчүн жаман деп саналат? Динде эмне үчүн Валентин куну жаман?

Нажмите, чтобы узнать подробности

Валентин күнү да мамилеге чоң басым жасайт. Кымбат же баалуу белектерди ала албайм деген ой мамиленин чыныгы табиятынан ашып кетет. Бул майрам сүйүүнүн чыныгы маанисин материалдаштырып, кемсинтет!.Бирөөнү сүйөрүңүздү көрсөтүү үчүн акчанын жана майрамдын кереги жок.

Эмне үчүн момун мусулмандар “ыйык” Валентин күнү’н майрамдашпайт?

Майрамдын артынан майрам… Валентин күнү да эми майрамбы?

Жыл өткөн сайын бул күн да өзгөчөлөнүп, майрам болууга бара жатат, Аллах сактасын. Шаан-шөкөөттү жактагандар айтышат “майрам бул жакын достор, туугандар менен жолугушуунун себеби гана, анын эмнеси бар?” деп. Бирок, албетте жакындар менен жүз көрүшүү үчүн майрамдарды ойлоп табуунун кереги жок.

Чын-чынын караганда бул “себептердин” көбүн ичкен, бузукулукту самаган адамдар гана ойлоп табышат, анткени себеби жок ичкен кишини пиянкеч дешет, ал эми майрамдап ичип жаткан кишини жөн гана “эс алып” жатат дешет.

Андан тышкары сүйүү күнүнүн девизи менен канчалаган зына, аброй төгүлүүлөр, канча деген киши өлтүрүүлөр, зордуктоолор болот. Кыздар-балдар бир үйгө чогулушуп, таң аткыча мас ичимдиктерин ичишип, шайтандын жолуна түшүшөт. Арам байланыштын таттуулугун татып алган киши наркотик сымал андан айрыла албай, өмүр бою напсисине кул болуп калышы ыктымал.

Аль-Хамду лиЛлях, мусулмандар үчүн мындай мүшкүл жок.

Валентин куну бул ыйманга каршы келген христиандардын майрамы.

Сүйүү түшүнүгү Исламда бар – абалы сени жараткан, ырыскы берген, баккан Аллахты сүйүү; анан Анын элчиси Мухаммад пайгамбарды ﷺ сүйүү; андан соң башка бирөөнү Аллах үчүн сүйүү (Аллах сүйгөндү сүйүү) бар. Ал эми ата-энесине, аялына, балдарына сүйүү биринчи эки сүйүүдөн ашпаш керек. Мына ошондо баары өз ордунда болот.

Валантин күнү тууралуу Шариат эмне дейт?

Шейхуль-Ислам Ибн Теймия айтты

“Алардын (мусулман эместердин) майрамдарына тиешелүү болгон нерселерде – тамагында, кийиминде, жуунуусунда, от жандырууларында – мусулмандар аларга окшошпоолору керек.

Ал [майрам] үчүн даам-тамак даярдоо, белек берүү, [майрамдоого] жардам берчү нерселерди сатуу, балдарды ошол майрамдарда болчу оюндарда ойнотуу, кооздонуп жасануу – уруксат эмес. Жалпысынан айтканда – алардын майрам белгиси болгон нерселеринин эч нерсесин кылуу болбойт.

Тескерисинче, алардын майрам күнүн мусулмандар кадимки жөнөкөй күндөй эле өткөзүшөт, эч бир өзгөчөлөшпөйт” (Мажмуъ аль-Фатава: 25/329)

Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин

? Шейх аль-Усеймин Сүйүү майрамын (ъид аль-хубб) белгилөө, ошол күндү өзгөчөлөп тосуу тууралуу суралганда жооп берет:

“Сүйүү күнү’н майрамдоо бир нече себептерден улам уруксат эмес: 1) ал – шариатта эч негизи жок бидаат майрам; 2) ал – ашыктык жана кумарданууга (никесиз мамилелерге, бузукулукка) алып барат; 3) ал – салаф солихиндердин (сахаба, табаин, табатабаин) жолуна каршы келген, жеңил ойлуу бекер иштер менен жүрөктү алагды кылат.

11.02.2022 23:08


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!