СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суроо-жооптор

Нажмите, чтобы узнать подробности

- Молдоке, мен бир да динге каршы болгон эмесмин, азыр да каршы эмесмин.

- Анда эмне сакал койгонго, хиджаб оронгонго каршы боло бересиң?

- Молдоке, динде "эркектер сөзсүз сакал коюш керек, аялдар сөзсүз хиджаб кийиш керек" деген жери барбы?

- Андай жазылган жери жок, бирок бул сүннөт да.

- "Сүннөт " дегенди кандай түшүнсөк болот?

- Пайгамбарыбыз ошентип кийинип жүргөн.

- Пайгамбар "ар бир мусулман мендей кийинип жүргүлө" деп айтып кеткенби?

- Антип айтып кеткен эмес, бирок ар бир мусулман пайгамбарга карап түздөнсө сооп болот.

- Бул сиздин оюңузбу же башка бирөөлөрдүн оюбу?

- Аалымдарыбыз ошентип айтышат.

- Кайсы аалымдар, биздин аалымдарбы же бөлөк өлкөнүн аалымдарыбы?

- Динди жакшы билген аалымдар.

- Дүйнө жүзүндөгү бардык аалымдар ошондой ойдобу же кээ бирлери ганабы?

- Айттым го, "динди жакшы билгендери" деп.

- Демек динди жакшы билбеген да аалымдар болушабы?

- Динди жакшы билбегендер аалым болушпайт.

- Анда андайлар ким болушат.

- Сага окшогон дин душманы болушат.

- Анда динди жакшы билбегендердин баары дин душмандары болобу?

- Башымды оорутпачы. Андан көрө айтчы, мусулмандардын сакалы, хиджабы сага кандай тоскоолдук жаратып жатат?

- Молдоке, дүйнө жүзүндө жашаган ар бир улуттун өз тили, өз салты, өзүнүн улуттук кийимдери, өзүлөрүнүн улуттук майрамдары, бөлөк улуттардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрү бар. Туурабы?

- Туура.

- Сиз кийип жүргөн узун көйнөк, ак ыштан, кыздар оронуп жүргөн хиджаб башка бир улуттун улуттук кийимдери экенин билесизби?

- Жок, ал сүннөт кийимдер.

- Ар бир улут өз тилин, салтын, тилин, улуттук кийимдерин, өзгөчөлүктөрүн жоготкусу келишпейт. Өз улутунун өзгөчөлүктөрүн кийинки муундарга өзгөрүүсүз өткөрүп бергилери келишет. Туурабы?

- Туура.

- Сиз "сүннөт" деп жаткан нерселер, эркектердин жаш эле болуп туруп сакал койгону, көйнөк ыштан кийгени, кыздардын хиджабга оронгону кыргыз улутунун өзгөчөлүктөрүнүн жок болуп кетишине алып келип жаткан жокпу?

- Эч андай эмес, ата-бабабыз сакал коюп келишкен, энелерибиз жоолук салынып, бардык жери жабык көйнөктөрдү кийип келишкен.

- Кыргызда атасы тирүү кезде уулу сакал койгон эмес, жашы элүүдөн өтүп алтымышка чамалаганда сакал мурут коюшкан, мурутун кырып салып сакал коюшкан эмес. Энелерибиз жоолук салынган, хиджаб оронушкан эмес, хиджабды жоолук деген туура эмес. Кыргыздын кыздары турмушка чыкканча тебетей кийишкен, турмушка чыккандан кийин гана жоолук салынышкан.

Эми, молдоке, бир суроо, сакал койбосо, хиджаб оронбосо динге зыян болобу?

- Жок, зыян болбойт, сүннөт да.

- Сүннөт сиздин айтууңуз боюнча "пайгамбарга окшошуп жашоо" болсо, анда бардык жагынан окшошуу керек да. Кандай үйдө жашаса ошондой үйдө жашап, бир жерден экинчи жерге эмне менен барса ошо менен барып, 9 жаштан аял алып ж.б.

- Астафираллах, Аллах сага хидаят берсин.

- Миллиондогон мусулмандар сакал коюшпай эле, хиджаб оронушпай эле жапжакшынакай мусулман болуп эле жүрүшпөйбү? Же алар "сүннөт" дегенди билишпейби? Андай мусулмандар начарыраак мусулмандарбы? Мисалы, Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган беш убак намаз окуган мусулман, сакалы жок, көйнөк ыштан кийбейт, костюм шым кийип, галстук тагынып эле жүрөт, демек ал "сүннөт" дегенди билбеген начарыраак мусулманбы?

- Ар ким акыретте өзүнө, өзүнүн кылган амалдарына жооп берет да.

- Демек Эрдоганга окшогон мусулмандарды акыретте катуу сурак болобу?

- Андай дегеним жок.

- Эгерде акыретте ар ким өзү жасаган амалдарына өзү жооп берсе, анда эмнеге сиз жана сизге окшогондор башкаларды "биздей болгула, бизге окшоп жашагыла" деп үгүттөй бересиңер? Бирөө силер айтмакчы "туура эмес жолдо" жүрсө анда ал өзү жооп берет да, силерге эмне?

- Ар бир адамга бир жолу туура жолду көрсөтүп коюу мусулмандын парзы.

- Жөн эле айтып коюу парзбы же кайра-кайра кайталап, алдап, тозок менен коркутуп, мажбурлап, автомат менен, жардыруулар менен эскертүү парзбы?

- Аллахтын алдында чоң күнөөлөргө батып атасың, тозоктун отуна күйөсүң. Ичиңе шайтан кирип алыптыр.

- Кимдин ичинде шайтан бар экендиги Жаратканга маалымдыр.

- Сага окшогондордун айынан элден ыйман кетип, ынтымагыбыз ыдырап, биримдигибиз сөгүлүп, өнүкпөй жатабыз.

- Жарандардын 100 пайызы сиздей болсо ынтымагыбыз ширелишип, өлкөбүз гүлдөп өнүгүп кетет беле? Кайсы өлкөнү мисал кыла аласыз?

- Мээң жок экен.

- Мээси барлар кимдер?

- Ээ, жапчы оозуңду, акыретте жазаңды аласың.

- Молдоке, мен Ислам динине каршы эмесмин, мен силер көрсөтүп жаткан, силер таңуулап жаткан, силер зордоп киргизгиңер келип жаткан диндин формасына каршымын. Билсеңиз, мага караганда Ислам динине силер чоң зыян кылып жатасыңар.

Мен акыреттин жазасынан эмес, азыркынын жазасынан, ата-бабалардын арбактарынын жазасынан корком. Ошого элим деп, улутум деп жан үрөп жатам. Эртең мага уулум, неберем, чөбөрөм нааразы болбосун деп күйүп жатам.

Бектемир Төлөн

12.04.2023 09:20


Рекомендуем курсы ПК и ПП