СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Жал өрөөнүндө 1933-жылы биринчи жолу мектеп түптөлгөн.Ал Карим деген кишинин үйүндө уюшулуп,анда Бегимкулов 20 окуучуну окуткан.Ушул жылы Кызыл-Булак айылынын борборунда да мектеп уюшулуп,анда 22 окуучуну Кува шаарынан келген Арзыбай аттуу окутуучу билим берген. Ак-Чал айылындагы мечитке да мектеп ачылган. 1935-36-жылдары Турдубаев Абдыразак агай 19 окуучуну окуткан 1935-жылы Максыт деген кишинин үйүндө үч мектеп бириктирилип Чулчукбаев директор болуп иштеген.1940-жылы ашар жолу менен беш бөлмөлүү мектеп курулган.Мектеп жети жылдык болуп түзүлүп, анда 85 бала билим алган жана анда директор болуп Э.Тогузбаев,окуу бөлүм башчысы болуп Э.Өтөгонов иштеген. 1963-жылы Ленин атындагы орто мектеби түптөлүп пайдаланууга берилген, Баглан айылынан Апшыр-Сай айылына чейинки балдар билим алган.Кийинчерээк Ж.Бөкөнбаев,Баглан, Т.Бекиев, Э.Эргешов мектептерине бөлүнүп берилген. 1999-жылы мектеп Т.Айбашев атындагы орто мектеби болуп өзгөртүлгөн. Т.Айбашев агай ушул мектепте 40 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген.