СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Теринин тузулушу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа «Териниин тузулушу.»Анын калыңдыгы 0,2—4 мм. Тери татаал түзүлүштөгү бир нече катмардан турат. Анда көптөгөн нерв учтары, кан тамырлар, май жана тер бөлүп чыгаруучу бездер жайгашкан. Тери каптоочу (эпидермис) жана туташтырма ткандан (дерма, гиподерма) турат. Алар бири-биринен морфологиялык, физиологиялык жактан айырмаланат. Эпидермис — теринин эң сырткы катмары. Тери: 1—эпидермис; 2—тери; 3—май бездери; 4— тери алдындагы май клетчаткасы; 5— тер бездери; 6— вена кан тамырлары; 7— артерия кан тамырлары; 8— түк (чач). Ал эң терең түйүлдүк (базалдуу) катмары, андан кийин түкчөлүү, быдырлуу, жылмакай, мүйүз катмардан турат. Түйүлдүк катмары эң терең, дерманын тегерегинде жайгашкан цилиндр түрүндөгү клеткалардан турат. Бул катмар көбөйүүгө жөндөмдүү, ошондуктан «түйүлдүк» катмар деп аталат. Түкчөлүү катмар түйүлдүк катмардын үстүндө жайгашкан. Ал 5—15 катар клеткадан турат, алар бири-бирине көпүрөчөлөр менен биригет. Алардын ортосунда эпидермисти азыктандыруучу клетка аралык суюктук болот. Бүртүктүү катмар белок заты бар клеткалардан турат. Ал белок заттан теринин мүйүздүү заты пайда болот. Жылмакай катмар бүртүктүү катмар менен мүйүз катмардын ортосунда жайгашкан. Мүйүз катмары түрдүү таасирлерге туруктуу жана анын үстүңкү кабыгы дайыма түлөп турат. Кээ бир ооруларда теринин мүйүздөнүүсү бузулуп, түлөбөй калат. Дерма (кадимки тери) талчалуу тыгыз туташтырма ткань жана негизги заттан, ошондой эле ийилчээк жана коллаген талчаларынан туруп, алар бири-бири менен тор сымал биригет. Дермада кан тамырлар, тер жана май чыгаруучу бездер, нерв учтары, чач жана тырмактын түбү жайгашкан. Теринин үстүңкү бетинде үч бурч жана ромб түрүндө майда бырыш-сүрөттөр болот. Чоңойтуучу айнек менен караганда май бездеринин майда тешикчелери көрүнөт. Теринин майда бырышы ар кимде ар башка болуп, сот-медицинада керек. Тер бездери Тер бездери дененин эрин жана башкалар бөлүктөрүнөн башка бардык жеринде жайгашкан. Алакан, таман жана маңдайда айрыкча көп. Тер бездери бөлүп чыгарган тер 98—99% суу, калганы зат алмашуу процессинде пайда болгон мочевина, сийдик кислотасы, натрий жана калий хлориддери жана башкалар химиялык заттан турат. Тердөө процесси дене температурасын бир калыпта кармап турууда мааниси чоң (Жылуулукту жөнгө салуу). Ар кандай себептердин натыйжасында тердөө бузулуп, тер өтө көп (Терчилдик) же аз бөлүнүп, же такыр тер чыкпай (тер бездери тубаса жок болсо) калышы мүмкүн.
30.04.2020 09:41