СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Токмок шаары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Токмок - 19-кылымдын башында негизделген шаар. Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Чүй дарыясынын сол өйүзүндө жайгашкан. 19-кылымдын башында Чүй өрөөнүн Кокон хандыгы басып алып, 1825-жылы Токмок чебин курган. 1866-жылы Токмок шаар статусун алган. 1867–78-жылы Токмок уездинин борбору болуп турган. 1878-жылы уезддин борборунун Пишпек шаарына көчүрүлүшүнө байланыштуу Токмок болуштун борбору болуп калган. 2002-жылдан Чүй облусунун борбору. Токмок шаары азыр Кыргызстандагы Бишкек менен Оштон кийинки өнөр жайы өнүккөн үчүнчү чоң шаар. Токмок түндүк Кыргызстандын Чүй облусундагы район жана шаар. Борбору Токмок шаары. 2005-жылынын каттоосу боюнча, 75'000 эли бар.[1].

Токмок шаарынан түштүк-батышыраакта Бурана шаар чалдыбары жайгашкан. Ал орто кылымдардагы өтө маанилүү шаарлардын бири - Баласагын шаарынын калдыгы болуп эсептелет. Баласагын шаары Караханийлер (Каракагандар) мамлекетинин түндүктөгү борбору болгон. Бул шаар Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан.

Категория: География
30.01.2020 06:47