СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Туризм багыты

Нажмите, чтобы узнать подробности

Туризмдин аныктамасын азыркы өсүп өнүгүп жаткан дүйнө учурунда “Түтүнсүз өндүрүш” деп айтсак туура болчудай. Биз туризм багыты боюнча иш аракеттерди кылып, кадр даярдап же болбосо инфраструктуранын оңолушу үчүн инвесторлорду тартып эмгектене турган болсок анда өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн чоң иш жасаган жана өлкөгө завод же болбосо чакан ишкана куруп, жумушчу орун даярдаган менен барабар болуп. Өлкөнүн өнүгүүсүнө, экономикабыздын өсүүсүнө салым кошкон жараандардын катарын толуктамакпыз.

Туризм боюнча жогоруда айтылган иштер аткарылыш керек себеби азыркы заман талабында өнүп өсүүгө туризм тармагын да өрчүтүү эң жакшы багыт деп айта алам. Биринчиден инфраструктурабыз оңолот жана оңолгон кооз жайга келген туристердин саны көбөйүп алардан түшкөн киреше булагынан экономикабыз жогуруламак.

Өзгөн районубуз туризмдин очогу десек жаңылышпайбыз жайлоо туризм, агротуризм жана архитектуралык тарыхый музей комплекстерди, диний туризм, жайлоо туризм жааттарын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан шаардын борборуна бир туристик база жана заманбап мейманкана ачып ал жерге туризм боюнча билими жогору адамдардан коюп ишти жөнгө салуу керек.

Бир эле жайды мисалы Кара шоро жайлоосун алсак туризмдик инфраструктурасы (жолу) оңолсо биринчиден карапайым калк үчүн жакшы элге болгон жардам болуп эсептелинет. Экинчиден ал жайлоо укмуштудай табияты кооз, ал жерге элдер өздөрү эле конок күтүү учүн шарттарды түзүп алышкан. Ал эми туризмдик шартта бир жумалык проект уюштуруп сабактарды өтүп берсек алар үчүн дагы чоң жетишкендик болмок (Туристерге кандай мамиле жасаш керек, биринчи көрсөтүлгөн сый урмат жылмайып туруу керек экендигин андан сырткары маданият тазалык биринчи ажатканадан башталарын бардык шартына көңүл буруусун тазалыкты бирини орунга кою керектиги) жөнүндө ушундай сабактар өтүп бериш керек

Ат үстүндө сейилдөө

Ат үстүндө сейилдөө — атка минүү менен бирге табияттын кооз жерлерин кыдырасыз. Атты бир күнгө ижаралоо акысы 3-10 долларга чейин өзгөрөт.

Куш салуу

Куш салуу — атайын тапталган бүркүт менен шумкар салып жаныбарларга аңчылык кылуу. Көңүл ачуунун мындай түрүнө бүркүтчүнүн тажрыйбасына жараша 300дөн 500 долларга чейин акы төлөшүңүз мүмкүн.

Альпинизм жана трекинг

Альпинизм жана трекинг — татаал тоо чокуларына чыгып же табияттын керемет жерлерине жөө багыт алсаңыз, сизден акы алынбайт, бирок, ал жактарда чатыр орнотуу үчүн 10 доллар төлөйсүз.

Рафтинг

Рафтинг — рафт менен тоо дайраларында сүзүү. Рафтинг-турдун баасы 20-45 долларды түзөт.

Тарыхый-маданий туризм

Тарыхый-маданий туризм — тарыхый мааниге ээ жерлерди кыдыруу жана изилдөө. Кыргызстанда негизи эле байыркы таш жана аска боорундагы сүрөттөр (петроглифтер) кеңири тараган.

Спелеотуризм

Спелеотуризм — үңкүрлөрдү кыдырып, тоскоолдуктарды атайын спорттук жабдыктар менен жеңүүгө болот. Анда үңкүр боорлоруна чегилген сүрөттөрдү табасыз.

Категория: География
02.06.2021 06:04


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!