СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Туулган күнүңүз эле...

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эрте кетериңизди сезгендей, бассаңыз - турсаңыз да "кечирип кой" деп,жалган дүйнөдө баарынын көңүлүндо калгансыз. Ар дайым жадымдасыз, жагымдуу жылмаюуңуз, бапыраңдаган ак көңүлдүгүңүз, балага үзүлүп түшкөн баласаактыгыңыз, бир тууганга күйүмдүү мүнөзүңүз, жамаатыңыздын, дос-жолдошторунуздун арасында өзгөчө берилген акыл-эсиңиз, терең билимдүүлүгүңүз менен!

Аман болсоңуз арабызды толтуруп, араң эле 52 жаштын тузун татмаксыз. Тагдыр, ага кошумча өмүрүңүздү колуңуздан талашкан кара ниеттердин айынан жанып турган 36 жаш курагыңызда чын дүйнөгө аттанып кете бердиңиз.

Уул-кыздарыңыз ажал эмне экенин аңдап биле элек эле. Эрке "май-май" кызыңыз сизди ар жылы 1-сентябрда атакем сабагына келет деп жүрүп эсине киргенин, маркумдар жайына барчу эрте жаздагы Эскерүү күнүндө сиздин бейитиңиздеги сүрөтүңүздү көрүү үчүн уктабай күтүп жүрүшүп, үмүттөрү узүлгөнүн сездиңиз бекен. Жараткан улук, жараткандын буйругуна каршы чыга албайбыз.

Сиз биздин жүрөгүбүздө ар дайым жашайсыз! Жаннаттан жай алып, чын дүйнө бейишинде болуңуз, бир боорум,агатайым!

Туулган күнүңүз менен демекмин,бирок айта албайм. Туулган күнүңүз эле.

27.03.2020 16:55