СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улут наркы - улуу тил!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улут наркы – улуу тил.

Мекенин чын дилинен сүйгөндүгүн,

Тилибизге жүрөгү ооруп күйгөндүгүн.

Алыкулдун калеминен билемин,

Ушул кезди көз ачыктай көргөндүгүн.

Көрнөк-жарнак башка тилде жазылып,

Кыргыз тили келет неге катылып.

Көйгөй кылып канчадан бери келсек да,

Кол шилтенип калып жатат басылып.

Сүйлөнбөсө сөз өзүнүн учурунда,

“Сөз атасы өлөт”-деген макал бар.

Өз тилиӊде сүйлөбөсөӊ ушунчанда,

Улут наркы жоголоорун билип ал.

Эшигин көрүп төрүнө өт,- дегендей,

Жарнак-такта башка тилде берендей.

Бараандуусу башка тилде жазылып,

Кыргыз тили – эн соӊунда кенедей.

Эмне үчүн жүрөк ооруп толгонбойсуӊ,

Неге кыргыз - өз ичиӊен ойлонбойсуӊ.

Тил болбосо жоголоорун кыргыздын,

Билесиӊби?, анда неге колдобойсуӊ.

Ооба! Үйрөнөлү башка тилди да,

Бирок аны колдончу орду бар да.

Келечек муунга өткөрөлү тилибизди,

Манкурт болбой өз тилинди кадырла.

Кыргыз тили-так тил болот баарынан,

Эзелтеден нукуралуулук жараткан.

Сөз куржунда сөзүбүз бай экендигин,

Билсек болот эпосубуз Манастан.

Аска тоого ариптерин жазышып,

Коргоп келген ата-бабам өз тилин.

Ооздон-оозго эпосторун айтышып,

Эзелтен алып келген таалим-билим.

Жүрөктөрдүн толтоосунда түнөгөн дил,

Ата-бабам байыртадан сүйлөгөн-тил.

Башка тилден өз тилинди кем көрбөй,

Андыктан өз тилинде сүйлөгүн бил.

Улут деген- тили менен таанылат,

Улут деген- дили менен бааланат.

Азыр дагы кеч эмес кармап калгын,

Ошондуктан ойлонолу баарылап.

Чындыгында тил эмеспи-улут наркы,

Тили менен көтөрүлөт элдин баркы.

Ошого маани бербей жатпайбызбы,

Колдойлу айткан сөздү элим жалпы.

Ойлонолу дагы чыны кеч эмес,

Айтылып, кол шилтенип калбасын.

Улут наркы – улуу тил эмеспи,

Ар бир кыргыз өзүн-өзү талдасын.

Кыргыз сүйлө – өз нукура тилиӊде,

Кыргыз болсун өзүнүн улуу дилинде.

Кыргыз эли тилиӊ менен улутсун,

Кыргыз деген улут үчүн улуусун.

Автор: Абдалиева Перизат Кошоевна

17.05.2020 10:54


Рекомендуем курсы ПК и ПП