СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуу Жибек жолу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуу Жибек жолу

Көз жоосун алган кооз жибек кездемелер, түркүн буюмдар жүктөлгөн кербен күн чыгыштан күн батышты көздөй сапар карытып келе жатты. Мээ кайнаткан ысык чөлдөрдү, ээн талааларды, ашуусу бийик тоолорду артта калтырып чөл кемелери Азиядан Европанын алыскы өлкөлөрүнө жол тартып барат. Биздин заманга чейинки 2-кылымдан Орто Азия, Кытай, Алдыңкы Азия жана Европаны байланыштырып турган эл аралык соода жолун Улуу Жибек жолу деп атап келишкен. Бул жол аркылуу Кытайдын жибек жана фарфору, Орто Азиянын атактуу болот кылычтары, Индиянын татымалдары, Ирандын күмүш кооздуктары алыскы Батыш өлкөлөрүнө жөнөтүлүп, ал жактан керектүү буюмдарга айырбашталып турган. Соода мамилелери менен катар эле жибек жолу аркылуу элдердин маданий байланыштары да чыңдалган, бирин-бири таанып билишкен. Кыргызстандын аймагы Улуу Жибек жолунун маанилүү бөлүгүн түзүп турган. Кербендерин эс алуусун, коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын кербен сарайлар курулган.

Жибек жолунда дагы эмне менен соода кылышкан

Негизинен жибек жолундагы товарлар чыгыштан батышты карай жүргөн. Жана шартка ылайык башкы товар жибек болчу. Өзүнүн жеңилдиги, көркөмдүгү, чакандыгы, чоң суроо-талабына, баасынынын кымбаттыгына байланыштуу ал узак аралыктарга ташуучу идеалдуу соода-сатык буюму эле.

Борбордук Азиядан жана Чыгыш жер ортолук деңизинен Кытайга ар кандай жүндөн жасалган буюмдар - килем, көшөгө, жабуулар, паластар келип турган.

Борбордук Азиядан кытайга төөлөр, аскер шаймандары, алтын жана күмүш, жарым асыл таштар, айнек буюмдар ташылчу. Өзүнүн жогору сапаты менен самарканд айнеги өзгөчө бааланчу. Мурда ал байлыктык буюму катары бааланчу. Ошондой эле, тери, жүн, кебез (пахта) кездемелери, алтын тигилме ткандар, дарбыз, коон, шабдаалы сыяктуу экзотикалык мөмө-жемиштер, куйруктуу койлор жана аңчы иттер, кабылаңдар, арстандар.

Кытайдан болсо батышты карай кербендер атактуу кытайдын фарфор идиштери - аппапак, кооз сүрөттөрү бар вазалар, чынылар, чөйчөктөр, табактарды ташышкан. Ал убакта кытайлар гана жука, шыңгыраган үндүү фарфорду жасай алган, ошондуктан ал Европа базарларында кымбат баада сатылчу. Түрдүү оранементтүү күзгүлөр, кол чатырлар, белгилүү кытай тактарына боелгон буюмдар, дарылар, атырлар да келип турчу. Албетте, кытай кагазы дагы мында арзан баада сатылчу эмес. Түрдүү чайлар, күрүчтөр, коралл, акак таштар, асбест. Көпөстөрдүн жол каптарынан пилдин азуулары, керик мүйүздөрү дагы кездешчү. Улуу жибек жолу аркылуу Индиядан көбүн эсе татымалдар, боёктор, түрдүү жыпар жытуу шамдар жүрүп турчу.

Категория: Всем учителям
27.03.2020 19:20


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!