СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жакшылык кайтып келет.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мединаз шаарында эки баласы менен жалгыз бой эне жашачу экен. Ал аялдын аты Асия болгон. Асия айымдын 8 жаштагы Саид жана 4 жаштагы Али атуу эки уулу бар эле. Жалгыз бой эне балдарын эч нерседен кем кылбай бүтүрөйүн деп кыялданчу. Бирок жумуш жок болгондуктан кыялдары кыял болуп кала берчү. Асия кудайдан балдарым ыймандуу болуп чоңойсун деп сурайт эле. Саид өзүнүн кичине экенине карабай апасына боору ооруп, ага ар тараптан жардам кылганга аракет кылчу. Иниси Алини жакшы көрүп кам көрүп турчу. Саид өтө эмгекчил болуп чоңойду. Сабактарын дагы жакшы окуганга аракет жасачу. Саиддин апасы жакшы окусаң, билим алсаң, эч качан өкүнбөйсүң деп көөп айтаар эле. Саид күндүн ысыгына карабай сабактан кийин машина жууп бир аз акча таап апасына жардам берчү. Бир күнү дагы машина жууганы чыгат. Бирок эмнегедир ал күнү андан эчким машинасынын жуушун сурабайт. Саид абдан капа болот. Көгөрүп олтура берип, абдан суусайт, курсагы ачат. Сөзүн абдан жаман сезгендиктен үйүнө кетүүнү чечет. Үйүн көздөй баратып көзү карангылап, жаман болот. Кичинекей бала ыйлагысы келип апасына тезирээк жеткиси келди. Апасын кучактаса эле баары өтүп кетчүдөй сезилди. Кетип баратып бир үйдүн эшигин какты. Көөп убакыт өткөндө кийин ал үйдөн өзүнүн апасы курактуу аял чыкты. Саламатсызбы деп Саид ыйлап жиберди. Тигил аял кичинекей баланы кучагына кысып, эркелетип, эмне болгонун сурады. Саид бүгүнкү күнүн айтып берди. Тигил аял өтө жылуу жылмайып, кичинекей коногуна сүт куюп, нан берип коноктоду. Курсагы тойгон Саид бактылуу болуп олтуруп калды. Бирок үйдөгү апасын, инисин ойлоп кайра кабагы бүркөлө түштү. Жанында карап олтурган аял Саидке нан, сүт салып берип узатып койду. Эмнегедир Саид үйүнө шашып баратты. Ал апасына бүгүнкү күнүнүн кандай өткөндүгүн айтып бергиси келди. Апасы менен инисин нан, сүт менен сүйүндүргүсү келди. Ал күндөн кийин көөп жылдар өттү. Саид апасы каалагандай жакшы окуп, мыкты врач болуп чыкты. Ал чет өлкөлөргө көөп чыгып, тажрыйба алып жүрдү. Абдан жакшы онколог болуп чыкты. Бир күнү жумушка эмнегедир эрте келди. Күндөгүдөй жаңы бейтаптарды кабыл алуу үчүн алардын карточкалары менен таанышып жатты. Бир кезде эшик ачылып, мед айым бир карточкаларды астына койуп койду. Бул акча төлөй албаган бейтаптар экен деп түшүндүрдү. Саид башын ийкеп койду. Ал көптөөн кийин алдына келген карточкаларды бирден окуй баштады. Бир карточканы ачып окуй баштады. Каап бул ооруга оперция керек экендеп ойлоп койду. Бирок Саид иштеген бейтапканада операциялардын баардыгына акча төлөнчү. Кандай деп түшүндүрөм деп ойлонуп маанайы түштү. Ал аны кайра колуна алып окуду. Жашы апасы курактуу экенин тойлор койду. Ылдый жагын окуп, ыйлап жиберди. Ал оордунан туруп, шашып бейтап жаткан палатага жөнөдү. Тез- тез басып, эшикти шарт ачып кирип барды. Ал жакта чачын ак баскан, бетин бырыш баскан жылмайып бир апа олтурган экен. Саид тааныды. Анын маңдайында баягы сүт берип, нан берип, эркелеткен аял олтурган эле. Саламатсызбы доктор деди апа. Мен абдан ооруп турам, бирок менин акчам жок болуп атат деди ал. Маган жөн эле даары жазып бериңиз деп суранды. Саид акырын басып келип колунан өөп баардыгы жакшы болот деп жылмайды. Ыйлап жибербейин деп сыртка чыгып кетти. Бир нече күндөн кийин операция жасалды. Операция жакшы өттү. Апа операциядан кийин абдан кайгырды. Кайсыл акчаны төлөп берем деп ойлонду. Бейтапканадан чыгуу күнү дагы келди. Саид карточканы көтөрүп палатага кирди. Амандашып карточканы апанын колуна карматты. Апа калтырап карточканы ачты дагы ыйлап жиберди. Ал Саидди карап, ишенбей турду. Карточкада операция бир стакан сүт жана бир кесим нан менен төлөндү деп жазылып туруптур. Саид апаны кучактап ал анын жакшылыгын эч качан унутпасын айтты. Апа ошол кичинекей ызаланып ыйлаган бала ушул доктор экенине сүйүнүп турду. Ар бирибиз жакшы иш кылып, жакшы сүйлөгөндөн качпайбыз. Жок дегенде көңүлүбүздү көтөрүп жылмайып туралык.

08.04.2020 18:11


Рекомендуем курсы ПК и ПП