СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жапон элинин акылмандыгы

Нажмите, чтобы узнать подробности

1. Акмактарга жана жиндилерге жол бошот.

2. Аял эгерде кааласа – асканы да тешип өтөт.

3. Кетип бараткан адамды кармаба, келген адамды кубалаба.

4. Тез - бул жай, бирок тынымсыз.

5. Жаманга дос болгончо, жакшы адамдын душманы болгон оң.

6. Карапайым калксыз улуу адамдар болбойт.

7. Ким чындап өйдө жакка чыккысы келсе, ал тепкичти (шатыны) ойлоп табат.

8. Күйөөсү менен аялы кол менен көз сыяктуу болушу керек: кол ооруса көздөн жаш чыгат (ыйлайт), көздөн жаш чыкса, кол көздүн жашын аарчыйт.

9. Күн эмненин туура экендигин билбейт. Күн эч кандай туура эместерди да билбейт. Күндүн башкаларды жылытуу максаты жок, ал дайыма жаркырап турат. Өзүн тапкан адам күнгө окшош.

10. Деңиз улуу (Море велико), анткени ал майда дарыяларды жерибейт.

11. Узак жол да жакын жолдон башталат.

12. Ичкен адам, шараптын зыяны жөнүндө эч нерсени билбейт; ичпеген адам анын пайдасы жөнүнлө эч нерсени билбейт.

13. Жашооңузда бир гана жолу кылыч керек болсо да, аны дайыма тагынып жүрүү керек.

14. Кооз гүлдөр жакшы мөмө бербейт.

15. Кайгы жыртык көйнөк сыяктуу, аны үйдө калтырып чыгуу керек.

16. Сүйүү болгондо чечек жарасы жаактагы чуңкурчадай кооз болот.

17. Төшөктө жатып эч ким чалынбайт.

18. Бир жакшы сөз кыштын үч айын жылыта алат.

19. Эгерде көйгөйдү чечүү мүмкүн болсо, анда ал үчүн тынчсыздануунун кереги жок, эгерде чечүү мүмкүн эмес болсо, анда ал жөнүндө тынчсыздануу пайдасыз.

20. Бутактын сүрөтүн тарткан учурда, шамалдын демин да уга билүү керек.

21. Бир адамдан шектенүүдөн мурун, аны жети жолу текшергиле.

22. Колуңдан келгендин баарын аткар, ал эми калганын тагдырга тапшыр.

23. Ашыкча чынчылдык акылсыздык менен чектешет.

24. Күлкү бар үйгө бакыт келет.

25. Жеңиш атаандашынан жарым саатка көп чыдаганга берилет.

26. Жалбырак сууга чөккөн, таш сууда сүзгөн учурлар да болот.

27. Жылмайган жүзгө жаанын жебесин атпайт.

28. Муздак чай менен муздак күрүчкө чыдоого болот, бирок муздак көз карашка, муздак сөзгө чыдоого болбойт.

29. Он жашта - керемет, жыйырмада - гений, отуздан кийин - жөнөкөй адам.

30. Ойлонгондон кийин бир чечимге кел, бирок чечим чыгаргандан кийин ойлонбо.

31. Сурап-билүү бир мүнөткө уят, ал эми билбегендик өмүр бою уят.

32. Кемчиликсиз ваза жаман устанын колунан эч качан кеткен эмес.

33. Бир аз ийилгенден коркпо, түздөнсөң түптүз болосуң.

34. Терең дарыялар үнсүз агат.

35. Өз каалооң менен сапарга чыксаң, миң чакырым да бир эле чакырымга окшойт.

10.03.2025 07:16


Рекомендуем курсы ПК и ПП