СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Дары осумдуктор"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дары өсүмдүктөрмедицинада, ветеринарияда ооруну дарылоо, алдын алуу максатында колдонулуучу өсүмдүктөр. Алардын дарылык касиети составындагы алкалоиддер, гликозиддер, витаминдер жана башка заттардын болушуна негизделген.

Дары заттар кээ бир өсүмдүктөрдүн бүчүрүндө, жалбырагында же сабагында; айрымдарынын гүлүндө же мөмөсүндө, тамырында же кабыгында жана башка органдарында топтолот. Ошондуктан өсүмдүктөрдүн керектүү бөлүгүн гана жыйнап алуу керек. Активдүү заттар түрдүү органдарда ар башка убакытта жыйналгандыктан, дары өсүмдүгүнүн чогултуу мезгили чоң мааниге ээ. Тамыр-сабак, тамыр, түймөктөр эрте жазда жана күзүндө казылып, жууп кургатылат. Бүчүрү ачылып кете электе чогултуу керек. Кабыкты жазында катып кете электе сыйрып алган оң. Жалбырактар богок пайда болуу, гүлдөө мезгилинде чогултулуп, чирип кетпес үчүн кургатылат.

Даярдалган дары сырьёлору даярдоочу уюмдарга өткөрүлөт. Айрым дары өзүмдүгүндө күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттар болорун эстен чыгарбоо керек. Аларды бир аз эле ашыкча кабыл алуу ууланууга же ооруну күчөтүүгө дуушарлантат. Ошондуктан дары өсүмдүгүн врачтын гана көрсөтмөсү боюнча пайдалануу сунуш кылынат.

Бөрү карагат (лат. Berberis, L. 1753) — жапайы бадал өсүмдүк. СССРдин Европа бөлүгүндө, Крым, Кавказ, Орто Азияда кеңири таралган. Көбүнчө тамыры, жалбырагы, мөмөсү дарылык касиетке ээ. Мөмөсү органикалык кислоталарга — лимон, алма кислоталарына, Е, С, К витаминдерге бай. Бышып жетилбеген мөмөсүндө, жалбырагында, тамырында алколоиддер бар. Мөмөсү сергитүүчү, сеп алдыруучу, тердетүүчү, заара чыгаруучу дары катары пайдаланылат. Гүлдөп бүтөрү менен жыйналган жалбырагы көлөкө жерге же үй чатырына кургатылат. Кургатылган жалбырактын тундурмасы боор, бөйрөк ооруларында, өзгөчө өттүн таш оорусунда кеңири колдонулат.

Жөтөлгө каршы дарылар — жөтөлдү басаңдатуучу каражаттар. Алар сүйрү мээде жайгашкан жөтөл борборуна басаңдатуучу таасир берет. Жөтөлгө каршы дарылар негизинен кургак жөтөлдө, өпкөдөн кан агууда, плевритте жөтөлдү басуу үчүн колдонулат. Бирок бул дарылардын химиялык түзүлүшү морфинге (Ооруну басаңдатуучу заттар) окшош болгондуктан ашыкча кабыл алуудан дарыга көнүгүп кетүүгө мүмкүн. Ошондуктан, жөтөлгө каршы дарылар аптекадан атайын бланкка жазылган рецепт боюнча гана берилет. Жөтөлүп жаткан учурда врачтын айтуусу боюнча ар кандай таблетка дары-дармектерди же атайын жөтөлгө каршы сиропторду ичүүгө болот. Же ыссык ваннага түшүү да пайдалуу, анткени парга киргенде дем алуу органдары тазаланып жеңилдеп калат. Ар күнү эртең менен бир аш кашык таза балды бир стакан кайнак сууга же суткө кошуп ачккарын ичүү да өтө пайдалуу.

05.01.2020 18:13


Рекомендуем курсы ПК и ПП