СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жашоо максаты эмне?

Нажмите, чтобы узнать подробности

ЖАШОО МАКСАТЫ ЭМНЕ?

Ар нерсенин максаты бар. Мисалы, кетмен жер чабууга, унаа жүк ташууга, үй баш паанекке чыгарылган. Ал эми жашоо адамга эмне үчүн берилген?

«Жашооңдун максаты эмне?» — деген суроого билим алуу, туруктуу айлык, мамлекеттин өнүгүүсү, ата-энемдин тирүүлүгү, балдарымдын келечеги сымал миң жооп алынат. Ошол эле учурда билим алган студент «максатыма жеттим» дебейт. Десе да токтоп калбайт, туруктуу жана көп айлык төлөгөн жумуш издеп жөнөйт. Андан ары башка максат, ага жетсе башкасы пайда боло берет. Бир эле учурда бештен, ондон максаттар чыга келет. Кечээ бир нерсеге жан талашса, бүгүн башкасына чуркайт. Жашоо ушуга берилгенби?

Менимче, жашоонун ар кандай утурумдуктан алда канча жогору, ага жетүү үчүн адам убактысын, малы-мүлкүн гана эмес жанын да берүүгө даяр улуу мүдөө болсо керек. Адам кандай максат үчүн жашоосун да аябай, курмандык кылууга даяр?

Менимче бул — бакыт. Адам бакыты үчүн жашоосун да аябайт. Ал таң атаары менен бакытына чуркап жөнөйт. Ага жетет, дароо башка нерсе бакыт болуп чыга келет. Эми анын артынан кууп, аягы кеч кирет, аны түшүндө да көрүп чыгат. Ошентип, күн өтөт, ай айланып, жыл тогошуп, өмүр ажал чегине жетсе да бакыттан дайын жок. Себеби ал чыныгы, акыйкат бакыт тууралуу билбегендиктен, жалган бакытты кууп чарчады. А чыныгы бакыт тууралуу кайдан билсе болот?

Дүкөндөгү чайнектин ичинде: «Бул чайнек суюуктук кайнатууга каралган. Палан градуска чейинки ысыкка чыдайт. Тигиндей жана мындай» — деп ал идиштин максатын, колдонуу шарттарын түшүндүргөн кагазы болот. Чөнтөк телефон, телевизор же муздаткыч бир же эки китептен турган олуттуу көрсөтмөлөрү менен коштолот. Керектөөчү ал буюмдарды ишке салуудан мурда сөзсүз ошол көрсөтмөлөрүн карап, иштетүү тартибин үйрөнөт. Анткени, ал көрсөтмөлөр, ал буюмдарды чыгарган заводтор берген эң туура жана керектүү маалымат.

Ошондой эле, адамдын жашоо максаты тууралуу да аны жараткан Зат берген көрсөтмөсү болот. Ал да болсо дин. Демек, адам өзүнүн жашоосу жана анын максаты тууралуу дининен гана биле алат. Анткени, адамга ал максатты Жаратуучусу белгилеп берген. Адам Аллах белгилеген максатты аңдоо менен адам жана ошондо гана анын жашоосу адамгерчилик делет. Адам өзү сезбесе да ушул жашоо гана бактылуулук болуп эсептелет.

24.02.2020 13:29


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!