СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жылдын мыкты мугалими

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жети дубандан жана Бишкек менен Ош шаарынан сынактан жеңген алдыңкы мугалимдер эми республикалык биринчилик үчүн ат салышууда.

“Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагы Бишкектин четиндеги Лебединовка айлындагы мектеп- гимназияда өтүп жатат. Жер-жерден тандалып келген мугалимдер кесиптик чеберчилигин көргөзүп, төрт сыноодон өтүшөт. Биринчи иш тажрыйбасын, усулдук иштерин сынга коюшат, экинчиден өздөрүн тааныштырат, ошондой эле предметтик тесттен өтүшөт жана ар кандай кырдаалдагы кесиптик даярдыгын көргөзүшөт.

“Катышуучулардын даярдык деңгээли өскөнү көрүнүп калды деп айтам. Бирок ошол эле учурда берилген критерийлерди эске албай, поэзия жагына ооп биографиялык көрсөткүчтөргө басым жасап кеткен учурлар да болду. Кээ бир мугалимдердин колдонгон көрсөтмөлөрү азыраактай көрүнүп калды. Жалпысынан келгенде мугалимдердин арасындагы мамиленин, презентациянын деңгээли өскөнүн белгилеп койсом болот”, - дейт калыстар тобунун башчысы, Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти, профессор Абакир Мамытов.

Сынактын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду алган мугалимге 100 миң сом, экинчи орунга чыкканга 70 миң, үчүнчү орунга 50 миң сом сыйлык каралган. Ошондой эле мыкты мектеп аталышындагы жеңүүчүгө 70 000, мыкты бала бакчага 50 миң сом сыйлык тапшырылат.

Алган айлыгы айга эмес аптага жетпей кор болгон кыйынчылык күндөргө чыдабай көп мугалимдер мектепти таштап соодага, башка тармактарга өтө качты. Педагогикалык кесипти окуп бүтүргөндөрдүн көбү да мектепке келбей качып, жыл сайын мектепте үч миңдин айланасында мугалим жетишпеген кейиштүү көрүнүш кайталанып келди.

Негизинен үч миңден ашык мугалим жетишпейт дечү элек. Азыр эле ошонун жарымы - бир жарым миңден ашык мугалим мектепке келип калды. Мен ойлойм, бир-эки жылда бул маселе чечилип калат.

Гүлжигит Соронкулов, билим берүү министринин орун басары

Быйыл мугалимдердин эмгек акысы эки-эки жарым эсе көтөрүлгөндүктөн бул маселеде бурулуш болот дейт билим берүү министринин орун басары Гүлжгигит Соронкулов:

“Негизинен үч миңден ашык мугалим жетишпейт дечү элек. Азыр эле ошонун жарымы - бир жарым миңден ашык мугалим мектепке келип калды. Мен ойлойм, бир-эки жылда бул маселе чечилип калат”.

Кыргызстан билим берүүнүн сапаты боюнча эл аралык ПИЗА сынагына эки жолу катышып, экөөндө тең элүүдөн ашык мамлекеттин эң артында калды. Мугалимдердин жана окуу китептеринин тартыштыгынан улам билим берүүнүн сапаты төмөн көчтү. Эми эмгек акы жогорулагандан кийин мугалимдер мектепке кайта баштаган тенденция башталды. Ошондуктан мамлекеттик органдар мектепте мугалимдердин баарынын кесиптик даярдыгын текшерип, аттестациядан өткөрүп, мектепке кокусунан келип калган кадрлардан тазалоону максат кылууда. Мамлекеттик аттестациядан биринчи болуп жакында тоолуу Нарын областынын мугалимдери өткөрүлдү.

10.03.2020 21:55


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!