СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

1-4-класстардын окуучулары үчүн

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«1-4-класстардын окуучулары үчүн»



1-4-КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ

ҮЧҮН BAALOOAPP ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТАРКАТМА МАТЕРИАЛ

(ОКУП ТҮШҮНҮҮ КӨНДҮМДӨРҮН БААЛОО ҮЧҮН)

Бул басылма АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу көрсөтүлгөн Америка элинин колдоосу менен түзүлдү. Басылманын мазмуну USAIDдин же АКШ Өкмөтүнүн пикирин милдеттүү түрдө чагылдырбайт.

Башталгыч класстарда (1-4) BaalooApp программасынын таркатма материалдарын колдонуу боюнча нускама

Бул таркатма материалдарды Сиз USAIDдин «Окуу Керемет!» долбоору тарабынан 14-класстардын окуучуларынын окуп түшүнүү көндүмдөрүн баалоо максатында иштелип чыккан BaalooApp программасын колдонуп калыптандыруучу баалоо жүргүзүү үчүн алдыңыз. Бул материалдардын бардыгы BaalooApp программасында электрондук вариантта бар. Ошондой болсо да, мектепте колдонууга ыңгайлуу болушу үчүн бир нуска материалды чыгарып берип жатабыз.

Таркатмада баалоо жүргүзүүнүн 17 куралынын нускамалары жана тест жүргүзүү үчүн көчүрүп көбөйтүп окуучуларга таркатуу үчүн тексттер менен тапшырмалар берилген.

Сунушталган куралдар менен сиз окуучуларыңыздын көндүмдөрүнүн деңгээлин текшерип, алардын өнүгүүсүндөгү күчтүү же алсыз жактарын аныктай аласыз. Бул окуу жана окутуу процессинин өз убагында жөнгө салынып, түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу окуучулардын ийгилигин камсыз кылууга жардам берет.

Окуучуларды баалоо үчүн сиз төмөнкүлөрдү аткарышыңыз керек:

  • окуу жылынын ичинде окутуу процессинин алкагында өз классыңыздын окуу көндүмдөрүн баалоо боюнча алдын-ала план түзүңүз ("Башталгыч мектептерде дифференциациялап окутууну колдонуу" аттуу 1-модулундагы "BaalooApp тиркемеси аркылуу калыптандыруучу баалоо жүргүзүү боюнча нускаманы" караңыз),

  • баалоо жүргүзүү нускамасы менен жакшылап таанышып чыгыңыз. (BaalooАpp программасы),

  • окуучуларга алардын эмне кылышы керектигин түшүндүрүңүз,

  • сиз өткөрүп жаткан тесттин түрү кандай жана кайсыл класс үчүн экендигине, окуучулардын санына жана тестти өткөрүү формасына (жекече же топтук) жараша бардык окуучуларга жеткидей санда тестти чыгарып алыңыз,

  • баалоо жүргүзүңүз,

  • тестти тапшыргандан же тапшырманы аткаргандан кийин сөзсүз түрдө окуучуга/окуучуларга кайтарым байланыш бериңиз ( программада берилген кайтарым байланышты окуп же өз сөзүңүз менен түшүндүрүп берсеңиз болот), • окуучу/окуучулар жана ата-энелер берилген сунуштарды кандай аткарып жаткандыгына көзөмөл жүргүзүңүз,

  • баалоо жүргүзгөндөн кийинки эки жуманын аралыгында калыптандыруучу баалоодон өткөн бир же бир нече окуучуга программа берген сунуштарды аткаруунун үстүндө иштеңиз.

Эскертүү

Тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн Сиз окуучуларга баа койбостон, баалоонун жыйынтыктарын натыйжалуу кайтарым байланыш берүү үчүн жана конкреттүү бир окуучунун окуу көндүмдөрүнүн өнүгүү деңгээлин аныктоо, ошондой эле окутуу усулуна жана процессине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн пайдаланасыз.

Сиздерге ийгилик каалайбыз!

класс: тыбыштык кабыл алуу

Баалоо: Сөздөгү баштапкы тыбышты аныктоо

Деңгээли: 1 -класстын 1-жарым жылдыгы

Баяндоо

Бул кыска тестте 7 катарга тизилген сүрөттөр колдонулат. Окуучуларга биринчи сүрөттөгү буюмдун башкы тыбышынан башталган башка сүрөттөрдөгү буюмдарды табуу тапшырмасы берилет. Тест бардык класс үчүн же окуучулардын тобу үчүн жазуу түрүндө жүргүзүлөт.

Баалоону кантип өткөрүү керек?

Мугалим окуучуларга тесттин көчүрмөсүн таратат жана максатын жана иштөө ыкмасын түшүндүрөт: «Бул чакан тест бирдей тыбышы бар сөздөрдү табуу жөндөмүн текшерет. Сүрөттөрдүн эӊ жогорку катарын карагыла. Биринчи сүрөттө шакек тартылган. «Шакек» сөзү [ш] тыбышынан башталат. Ушул катарда дагы кайсы сөз ушул эле тыбыштан башталаарын табышыӊар керек. Кийинки сүрөттөрдө торт, боёктор жана шарик тартылган. «Шарик» сөзү [ш]тыбышынан башталат. Шарик тартылган сүрөттү тегерете чийип, белгилегиле. Бул туура жооп. Ар бир катарда ушундай эле жумушту аткаруу керек: өзүӊөр ичиӊерден биринчи сөздү айткыла, ал кайсы тыбыштан башталаарын аныктагыла жана башка үч сүрөттөн ушул эле тыбыштан башталган сөздү тапкыла».

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Баалоо: тыбышты аныктоо Баалоо күнү:_________________

Аты-жөнү: ______________________________________________________________

Класс: алфавит менен таанышуу

Баалоо: сөздөгү биринчи тамганы табуу

Деңгээли: 1-жарым жылдык(алфавитти үйрѳнүүдѳ кыйынчылыктар менен кездешкен окуучулар үчүн кечирээк өткөрсө болот).

Баяндоо

Тест сүрѳттѳрдөн жана тамгалар жазылган таблицадан турат. Окуучуларга сүрѳттѳ тартылган буюмдун аталышынын биринчи тамгасын тандоо сунушталат. Тестти бардык класс үчүн же окуучулардын тобу үчүн бир эле убакта ѳткѳрсѳ болот.

Баалоону кантип ѳткѳрсѳ болот?

Мугалим окуучуларга тесттин тапшырмасын таратат жана иштин максатын жана ыкмасын түшүндүрѳт: «Бул чакан тест сүрѳттѳ тартылган буюмдун аталышынын биринчи тамгасын таба аларыңарды текшерет. Эң жогорку катарды карагыла. Сүрѳттѳ балта тартылган, ал эми жанында – катар менен үч тамга. «Балта» сѳзү «Б» тамгасынан башталат, ал тегерек менен белгиленген. Бул туура жооп. Андан ары ар бир катардан ушуну эле аткаруу керек: сүрѳттѳ тартылган буюмдун аталышындагы башкы тамганы тегерек менен белгилѳѳ керек».

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Баалоо: биринчи тамганы табуу Күнү: ______________

Фамилиясы, аты: ________________________________________________________

Мисал

Д

Ү

1

О

К

Ч

2

Р

Э

Т

3

Ж

Т

Э

4

Г

У

Т

5

М

О

К

6

А

Ш

К

7

Д

Б

Ү

8

С

Ж

Ө

9

Э

У

П

10

С

Р

К

чечмелеп окуу

Баалоо: тааныш сөздөрдү окуу

Деңгээли: 2-жарым жылдык

Баяндоо

Тест окуучуларга тааныш бир же эки муундан турган 20 жѳнѳкѳй сѳздѳр келтирилген тизмеден турат. Тест ар бир окуучу менен жекече ѳткѳрүлѳт. Бир эле таблица кѳп жолу пайдаланышы мүмкүн, анткени окуучулар эч кандай белгилерди коюшпайт.

Баалоону кантип ѳткѳрүү керек?

Мугалим окуучунун маңдайына отуруп, ага сѳздѳрдүн тизмесин берет, иштин максатын жана ыкмасын түшүндүрѳт: «Бул жерде сен окуй турган сѳздѳр жазылган. Шашпай оку. Сенин сѳздѳрдү туура окуганың маанилүү, абдан тез окуунун кереги жок. Мен сага баа койбойм, сен мындай сѳздѳрдү кантип окуй аларыңды гана кѳрүшүм керек».

Окуучу окуп жатканда, мугалим BaalooApp программасы менен иштейт жана туура эмес окулган сѳздѳрдү белгилейт. Таблицадагы ар бир сѳздүн астында пайдаланган тамгалардын айкашынын тиби кѳрсѳтүлгѳн. Мына ошентип, мугалим окуучунун каталарында кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүктѳрдү, окуучулар үчүн кайсы муундар жана айкалыштар кыйынчылык менен берилгенин аныктай алат. Таблицанын тѳмѳнкү бѳлүгүндѳ мугалим кайсы муундарды окуучулар менен кошумча иштѳѳ керектигин белгилейт.

Баалоону ѳткѳрүүдѳ мугалим кандайдыр бир визуалдуу жана вербалдуу баа бербешикерек: баш ийкѳѳ, башын чайкоо, «азамат», «ооба», «туура эмес» ж. б. айтуу окуучулардын эмоционалдык абалына жана тестирлѳѳнүн жыйынтыктарына орчундуу таасир этиши мүмкүн.

Эскертүү:

Тамгаларды сѳздѳргѳ бириктирүү кѳндүмү окуучулар сѳздү толугу менен тааныйт жана ал кепте кандай угулса, ошондой айтат дегенди билдирет. Эгер аны кантип жазылса, ошондой айтса, мугалим ѳзү үчүн туура эмес айтылган сѳз катары белгилейт. Мисалы, «аба» сѳзү оозеки кепте [ава] катары угулат. Эгер окуучу «аба» сѳзүн [аба] деп окуса, анда ал чечмелеп окуй алуу жөндөмүнө ээ, бирок тамгалардын ушул айкалышынан турган сѳздѳрдү таануу жөндөмүнө ээ эмес. Бул окуучунун толук сүйлѳмдѳрдү окууда жана түшүнүүдѳ кыйналганын билдирет. Тексттерди окууга киришүүдѳн мурун чечмелеп окуй алуу жөндөмүн абдан жакшы өздөштүрүү керек.

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

  1. сезүү

  2. мамык

  3. тоо

  4. аары

  5. карагат

  6. эчки

  7. үлүл

  8. жибек 9. моюн

  1. көлмө

  2. үңкүр

  3. гана

  4. мүйүз

  5. саамай

  6. самын

  7. тил

  8. жеңиш

  9. оңолуу

  10. дөө

  11. чоң

шар окуу

Баалоо: шар окуу

Деңгээли: 1-жарым жылдык

Баяндоо

Шар окууну баалоодо эркек бала менен кыз балага бирдей кызыктуу, жаш өзгөчөлүгунө жана окуу деңгээлине ылайык келген текст колдонулат. Текстте 1-2- класстар үчүн тааныш эмес сөздөр болбошу керек. Ал эми 3-4- класстарда бир нече тааныш эмес сөздөр текстте болушу мүмкүн. Тест шар окуунун төмөнкү компоненттерин баалайт: туура окуу, окуунун ылдамдыгы (темпи), көркөм окуу, тыныш белгилерине көңүл буруу.

Шар окууну баалоо кандай жүргузулөт?

  • Баалоо ар бир окуучу менен жекече өткөрүлѳт.

  • Баалоонун алдында окуучуларга баалоонун максаты жана анын натыйжалары кандайча колдонулары тууралуу айтып бергиле. Калыптандыруучу баалоону өткөрүүдө окуучуларга бул баалоонун алардын бааларына эч кандай таасири тийбей турганын, болгону гана окуганды үйрѳнүүдѳ окуучу кандай кыйынчылыктарга туш болгондугун аныктап, ал кыйынчылыктарды жоюуда жардам берилерин түшүндүргүлө.

  • Окуучу текстти окуп баштаганда, аны токтотпой, окугандыгы жөнүндө ойпикириңерди айтпай тургула. Окуучунун ордуна ал окуй албай жаткан сѳздү айтып жардам берүүгө, колдоо иретинде башты ийкеп же тескерисинче, бала кыйналып окуп жатса, башты чайкоого болбойт.

  • Окуучу туура эмес окуган сөздү BaalooApp программасында белгилегиле.

  • Эгерде окуу үчүн бѳлүнгѳн убакыт бүтүп, ал эми окуучу текстти окуп бүтпѳй калса, аны токтотпогула. Өзүнөрдөгү тексттин кѳчүрмѳсүнѳ окуучу бѳлүнгѳн убакытта кайсы сѳзгѳ чейин окугандыгын BaalooApp программасында белгилеп, окуучуга тексттин аягына чейин окууга мүмкүнчүлүк бергиле. Антпесе, окуучуда тапшырманы аткара албай калдым деген сезим пайда болуп, окууга болгон кызыгуусуна терс таасирин тийгизет. Муну окуучу текстти өтө кыйналып окуп, окуу процесси балада ыңгайсыздыкты жараткан учурда гана колдонбоо сунушталат.

  • Окуучу текстти аягына чейин окуп бүткѳндөн кийин анын жетишкен натыйжалары менен бөлүшүп, окуучу менен жетишкендиктерди кантип жогорулатуу тууралуу талкуулагыла (кайтарым байланыш бергиле).

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Баалоо: шар окуу Деңгээли: 1-класс

Текст

Апендинин күчүгү жоголуп кетти. Ыйлап келатса, алдынан бир адам жолугуп, минтип сурады:

  • Апенди, эмне болду?

  • Кү-чү-гүм жо-го-луп кет-ти, – деп солуктады Апенди.

  • Ыйлаба. Андан көрө газетага кулактандыруу бер.

  • Күчүгүм газета окуганды билбейт, – деди Апенди ыйлап.

«Байчечекей» журналынан

34 сѳз, 7 сүйлөм

шар окуу

Баалоо: шар окуу

Деңгээли: 2-жарым жылдык

Баяндоо

Шар окууну баалоодо эркек бала менен кыз балага бирдей кызыктуу, жаш өзгөчөлүгунө жана окуу деңгээлине ылайык келген текст колдонулат. Текстте 1-2- класстар үчүн тааныш эмес сөздөр болбошу керек. Ал эми 3-4- класстарда бир нече тааныш эмес сөздөр текстте болушу мүмкүн. Тест шар окуунун төмөнкү компоненттерин баалайт: туура окуу, окуунун ылдамдыгы (темпи), көркөм окуу, тыныш белгилерине көңүл буруу.

Шар окууну баалоо кандай жүргүзүлөт?

  • Баалоо ар бир окуучу менен жекече өткөрүлѳт.

  • Баалоонун алдында окуучуларга баалоонун максаты жана анын натыйжалары кандайча колдонулары тууралуу айтып бергиле. Калыптандыруучу баалоону өткөрүүдө окуучуларга бул баалоонун алардын бааларына эч кандай таасири тийбей турганын, болгону гана окуганды үйрѳнүүдѳ окуучу кандай кыйынчылыктарга туш болгондугун аныктап, ал кыйынчылыктарды жоюуда жардам берилерин түшүндүргүлө.

  • Окуучу текстти окуп баштаганда, аны токтотпой, окугандыгы жөнүндө ойпикириңерди айтпай тургула. Окуучунун ордуна ал окуй албай жаткан сѳздү айтып жардам берүүгө, колдоо иретинде башты ийкеп же тескерисинче, бала кыйналып окуп жатса, башты чайкоого болбойт.

  • Окуучу туура эмес окуган сөздү BaalooApp программасында белгилегиле.

  • Эгерде окуу үчүн бѳлүнгѳн убакыт бүтүп, ал эми окуучу текстти окуп бүтпѳй калса, аны токтотпогула. Өзүнөрдөгү тексттин кѳчүрмѳсүнѳ окуучу бѳлүнгѳн убакытта кайсы сѳзгѳ чейин окугандыгын BaalooApp программасында белгилеп, окуучуга тексттин аягына чейин окууга мүмкүнчүлүк бергиле. Антпесе, окуучуда тапшырманы аткара албай калдым деген сезим пайда болуп, окууга болгон кызыгуусуна терс таасирин тийгизет. Муну окуучу текстти өтө кыйналып окуп, окуу процесси балада ыңгайсыздыкты жараткан учурда гана колдонбоо сунушталат.

  • Окуучу текстти аягына чейин окуп бүткѳндөн кийин анын жетишкен натыйжалары менен бөлүшүп, окуучу менен жетишкендиктерди кантип жогорулатуу тууралуу талкуулагыла (кайтарым байланыш бергиле).

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Баалоо: шар окуу

Деңгээли: 1- класс

Текст

Балдар Кар киши жасашты. Ага көмүрдөн көз, сабизден мурун жасашып, башына пластмасса чаканы кийгизишти. Аны суктана карашып бир аз турушуп, үйлөрүнө тарашты. Эртеси балдар короого чыгышып, Кар кишинин жанында ойношту. Кар кишиге дагы кызыктуу да, кубанычтуу да эле. Жаз келгенде Кар киши капаланды.

43 сөз, 7 сүйлөм

чечмелеп окуу

Баалоо: жок (ойлоп табылган) сөздөрдү окуу

Деңгээли:1-жарым жылдык

Баяндоо

Тест 20 сѳздөн турган тизмеде берилген. Мындай сөздөр кыргыз тилинде жок, бирок алар кыргыз тилиндеги тамганын айкашынын негизги эрежелерине ылайык түзүлгѳн. Ушул сыяктуу тапшырмалар чечмелеп окуй алуу жөндөмүн таза түрдѳ өлчөйт, биринчи тамгаларына карап, сөздүн калган бѳлүгүн «таап алуу» мүмкүнчүлүгү жоюлат.

Тест ар бир окуучу менен жекече ѳткѳрүлѳт; бир эле таблица кѳп жолу пайдаланылышы мүмкүн, себеби окуучулар анда эч кандай белгилерди коюшпайт.

Баалоону кантип ѳткѳрүү керек?

Мугалим окуучунун маңдайына отуруп, ага сѳздѳр менен таблицаны берет жана иштин максатын жана ыкмасын түшүндүрѳт:

«Бул тест аябай көңүлдүү: сен кыргыз тилинде жок, ойлоп табылган сѳздѳрдү окушуң керек. Шашпай оку. Мен баа койбойм, сен ушундай сѳздѳрдү кантип окуй аларыңды кѳрүшүм керек».

Окуучу окуп жатканда, мугалим BaalooApp программасы менен иштейт, андан окуучулар туура эмес окуган сѳздѳрдү белгилейт. Таблицадагы ар бир сѳздүн астында пайдалан- ган сѳз айкашынын тиби кѳрсѳтүлгѳн. Мына ошентип, мугалим окуучунун каталарында кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүктѳрдүн болушун, окуучулар үчүн кайсы муундар жана айкалыштар кыйынчылык менен берилгенин аныктай алат. Таблицанын тѳмѳнкү бѳлүгүндѳ мугалим кайсы муундардын үстүндө окуучулар менен кошумча иш алып баруу керектигин белгилейт.

Баалоону ѳткѳрүүдѳ мугалим кандайдыр бир визуалдуу жана вербалдуу баа бербеши керек: баш ийкѳѳ, башын чайкоо, «азамат», «ооба», «туура эмес» ж. б. айтуу окуучулардын эмоционалдык абалына жана тестирлѳѳнүн жыйынтыгына орчундуу таасир этиши мүмкүн.

Эскертүү:

Бул таблицада келтирилген сѳздѳр кыргыз тилинде жок болгондуктан, аларды туура окуунун эрежеси дагы жок.

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

1.

чѳкѳп

2.

шыңба

3.

лүпү

4.

камшы

5.

мыкыт

6.

зѳкү

7.

үгѳө

8.

гон

9.

лусу

10.

оч

11.

сѳң

12.

убан

13.

элме

14.

айпа

15.

бүкө

16.

муу

17.

шул

18.

абда

19.

суноп

20.

үлкүт

«Чаташтырылган сөздөр»

Баалоо: сөз байлыгы

Деңгээли: 1-жарым жылдык

Баяндоо

Бул тест текст түрүндө болот, андагы сүйлөмдөрдө айрым сөздөр алынып салынган. Алардын ордуна үч сөз сунушталат,бирок бирөө гана мааниси боюнча туура келет. Окуучулардын милдети – сунушталгандан керектүү сөздү табуу. Бул баалоо куралы айрым сөздөрдү билүүнү гана эмес, бул сөздөр колдонулган контекстти түшүнүүнү да ченейт. Ал окуучулар үчүн кызыктуу, анткени анда оюндун тиешелүү элементтери бар (аны «Сөздү тап!» деп атоого болот). Ошондой эле, аткарылган көнүгүүнү классташтары жана ата-энелери менен талкуулоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүк берилет.

Баалоону кантип өткөрүү керек?

Мугалим окуучуларга тестти таратат жана аны аткаруу максатын, жол-жобосун түшүндүрөт:

«Балдар, силер алган барактарда айрым сөздөрү алынып салынган тексттер берилген. Алынган сөздөрдүн ордуна тандоо үчүн үч сөз сунушталат. Мааниси боюнча бул тексттин мазмунуна туура келген бир сөздү тандап, астын сызуу керек. Келгиле, барактын жогору жагындагы үлгүнү карайлы: «Апасынын майрамына арнап, талаа (бактарын, гулдөрүн, эртең) бергенде, ал абдан кубанды».

Мындан көрүнүп тургандай, сунушталган үч сөздөн бул сүйлөмгө мааниси боюнча «гүлдөрүн» деген сөз туура келет. Келгиле, бул сөздүн астын сызалы. Эми сүйлөм төмөнкүдөй болуп калды: «Апасынын майрамына арнап, талаа гүлдөрүн бергенде, ал абдан кубанды». Тандалган сөздүн астын дароо сызууга ашыкпагыла. Алгач текстти толук окуп чыккыла, андан кийин анын башталышына кайрылып, ар бир сүйлөм менен өзүнчө иштөөнү уланткыла. Тестти аткарууга 15 мүнөт берилет».

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Деңгээли:_______класс Күнү:________________________

Окуучунун аты-жөнү:___________________________________________

Мисал: «Апасынын майрамына арнап, талаа (бактарын, гулдөрүн, эртең) бергенде, ал абдан кубанды».

Текст

Самат сүрөтчү тоодо эс алып жүрдү. Ал тоонун жантык бетинен (бийик, көптөгөн, топтолгон) ышкындарды көрдү. Самат сүрөтчү (тоого, анткени, сазга) кечинде кайра да келди. (Биз, Дайыма, Ал) конфеттерди, оюнчуктарды, карандаштарды ышкындардын (алдына, сыртына, тескерисинче), кагаз гүлдү, күзгүнү, таракты (чурулдагандардын, башкаларынын, даярдоо ) алдына койду. Кийинки кунү (апельсин, сүрөтчү, бир жолу) талаага жылкычы досунун кичинекей (кызын, көйнөктү, кароо) алып барды. Ал жетиде (болуп калды, эле, чыгат). Кыз белекти ар бир (дүмүрдүн, ышкындын, кайрадан) алдынан таап жатты. Кубанган (талаанын, бийик, кыздын) көздөрү күлмүндөп жаркырап турду.

шар окуу

Баалоо: шар окуу

Деңгээли: 2-жарым жылдык

Баяндоо

Шар окууну баалоодо эркек бала менен кыз балага бирдей кызыктуу, жаш өзгөчөлүгунө жана окуу деңгээлине ылайык келген текст колдонулат. Текстте 1-2- класстар үчүн тааныш эмес сөздөр болбошу керек. Тест шар окуунун төмөнкү компоненттерин баалайт: туура окуу, окуунун ылдамдыгы (темпи), көркөм окуу, окуу учурунда тыныш белгилерине көңүл буруу.

Шар окууну баалоо кандай жүргузүлөт?

  • Баалоо ар бир окуучу менен жекече өткөрүлѳт.

  • Баалоонун алдында окуучуларга баалоонун максаты жана анын натыйжалары кандайча колдонулары тууралуу айтып бергиле. Калыптандыруучу баалоону өткөрүүдө окуучуларга бул баалоонун алардын бааларына эч кандай таасири тийбей турганын, болгону гана окуганды үйрѳнүүдѳ окуучу кандай кыйынчылыктарга туш болгондугун аныктап, ал кыйынчылыктарды жоюуда жардам берилерин түшүндүргүлө.

  • Окуучу текстти окуп баштаганда, аны токтотпой, окугандыгы жөнүндө ойпикириңерди айтпай тургула. Окуучунун ордуна ал окуй албай жаткан сѳздү айтып жардам берүүгө, колдоо иретинде башты ийкеп же тескерисинче, бала кыйналып окуп жатса, башты чайкоого болбойт.

  • Окуучу туура эмес окуган сөздү BaalooApp программасында белгилегиле.

  • Эгерде окуу үчүн бѳлүнгѳн убакыт бүтүп, ал эми окуучу текстти окуп бүтпѳй калса, аны токтотпогула. Өзүнөрдөгү тексттин кѳчүрмѳсүнѳ окуучу бѳлүнгѳн убакытта кайсы сѳзгѳ чейин окугандыгын BaalooApp программасында белгилеп, окуучуга тексттин аягына чейин окууга мүмкүнчүлүк бергиле. Антпесе, окуучуда тапшырманы аткара албай калдым деген сезим пайда болуп, окууга болгон кызыгуусуна терс таасирин тийгизет. Муну окуучу текстти өтө кыйналып окуп, окуу процесси балада ыңгайсыздыкты жараткан учурда гана колдонбоо сунушталат.

  • Окуучу текстти аягына чейин окуп бүткѳндөн кийин анын жетишкен натыйжалары менен бөлүшүп, окуучу менен жетишкендиктерди кантип жогорулатуу тууралуу талкуулагыла (кайтарым байланыш бергиле).

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Баалоо: шар окуу

Деңгээли: 2-класс, 2-жарым жылдык

Текст Тай минип жүргөн балдарды көрүп, Абылдын ичи кызыды.

    • Тай алып бер! – деп, атасына асылды.

    • Макул, балам, жаз чыксын, мен тайыңды даяр кылып коёмун, – деди атасы.

Жаз келди.

    • Баягы тайды эмне кылдың, атаке? – деп, Абыл сурады.

    • Тай даяр, талаага айдап койдум, чоңоюп калды.

Атасынын бул сөзү Абылды ойго салды:

    • Талаага кайдан тай өнсүн?

Касым Тыныстанов 52 сөз, 7 сүйлөм

2-класс: “Чыгарманын картасы”

Баалоо: окуганын түшүнүү

Деңгээли: 2- жарым жылдык

Баяндоо

Чыгарманын картасы – окуганын түшүнгөндүгүн баалоочу форма. Ал атайын калтырылган боштуктарга окуучунун чыгармадагы көӊүл бура турган жерлери боюнча жоопторун жазуу үчүн колдонулат. Бул баалоону жекече же топто өткөрсө болот.

Чыгарманын картасы – окуганын түшунгөндүгун элестетип же бир структура менен көрсөтүүчү графикалык тузүүчү. Ал тексттин башкы идеясын аныктоодо, түйүндүү сөздөрдү белгилөөдө жана текстти бөлуктөргө бөлүүдө маанилүү. Сабак учурунда көбүрөөк бул картаны колдонсоңуздар, окуучу баалоо учурунда эмнени сиз андан талап кылып жатканыңызды жакшы тушунөт. Баалоо үчүн каарман/ каармандар, окуясы, окуя болуп жаткан орду жана убактысы, окуянын башы, ортосу жана аягы бар баяндоо тексттерин алган ыңгайлуу.

Окуучу жооп бере турган суроолор:

  1. Чыгарманын башкы каарманы ким?/ эмне?

  2. Окуя кайда болуп жатат?

  3. Качан болуп жатат?

  4. Эмне болду?

  5. Тексттин жанры.

Баалоону кантип жүргүзөбүз?

Окуучуга тексттин жана картанын көчүрмөсүн бергиле. Текстти окуп, андан кийин суроолорго жооп берүү менен картаны толтуруу керектигин түшүндүргүлө: «Сенин алдыңда турган текстти биринчи окуп чык, андан кийин суроолорго жооп берип, картаны толтур. Окуганыңа таянып, суроолорго кыска жооп бергенге аракет кыл, бирок текстти көчүрбө».

Өз алдынча окууга окуучуга жетиштүү убакыт бергиле. Окуучунун окуу жана тушунүү денгээлине жараша картаны толтуруу маалында текстти кайра алып же калтырып койсонор болот. Окуучуга жоопторду айтпагыла. Бирок, эгерде окуучу карта менен иштеп баштагандан 5 мүнөттөн кийин деле бир да жооп жазбаса, ага бир суроо боюнча жардам берсеңер болот.

Эскертүү:

Силер картаны колдонбосоңор деле болот, бирок окуучуга жооп бере турган суроолорду бергиле. Сабактарда колдонуу үчүн картадагы суроолордун маанисин өзгөртсөнөр да болот. Эң башкысы, окуганын түшүнүүдө төмөндөгү суроолорго көңүлүңөрдү бөлгулө:

  1. Түзүлгөн чыгарманын картасы тексттин структурасын жана мазмунун чагылдырабы?

  2. Окуучу башкы каарманды же каармандарды аныктай алабы? Окуянын убактысын, өтүп жаткан ордунчу?

  3. Окуучу окуянын негизги көйгөйүн белгилей алабы?

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Кумурска менен көгүчкөн

Кумурска булакка түштү: суусунун кандыргысы келди. Толкун аны шилеп, чөктүрүп жибере жаздады. Көгүчкөн бутакчаны алып баратып, кумурсканы көрүп калат – кумурска чөгүп баратат. Ал бутакчаны кумурскага ыргытты. Кумурска бутакчага отуруп, аман калды. Андан соӊ мергенчи көгүчкөнгө тор коюп, аны кармап алгысы келди. Кумурска мергенчиге жөрмөлөп келип, бутун тиштеп алды; мергенчи ойбойлоп, торду түшүрүп жиберди. Көгүчкөн бырп этип учуп кетти.

Л. Толстой

57 сөз, 7 сүйлөм

20

класс: синонимдерди табуу

Баалоо: сөз байлыгы

Деңгээли: 1-жарым жылдык

Баяндоо

Тест жазуу түрүндө жүргүзүлөт. Атайын таблицада сөздөр берилет. 1-2- класстардын окуучуларынын сөз байлыгынын деңгээлин баалоо үчүн тестте зат атоочтор, сын атоочтор жана этиштер болот, ал эми 3-4-класстардын окуучулары үчүн тестке тактоочтор да кошулат. Тестте 15 сөз бар. Окуучулар алардын ар бирине тандоо үчүн сунушталган сөздөрдүн ичинен синонимин белгилөөсү керек.

Баалоону кантип өткөрүү керек?

Мугалим окуучуга тестти тапшырып, анын аткаруу максатын, жол-жобосун түшүндүрөт: «Сенин алдыңда таблица түрүндөгү тест турат. Таблицанын биринчи тик тилкесинде маанисин аныктоого керек болгон сөздөр бар. Бул сөздөрдүн асты сызылган. Ар бир асты сызылган сөзгө карата бир нече башка сөздөр берилет. Бул сөздөрдөн асты сызылган сөзгө мааниси жакын сөздү тандоо керек. Ар бир катардагы тандаган сөзүңөрдү тегеректегиле. Мисалы: биринчи тик тилкедеги асты сызылган сөз – «кенедей». Ага карата «күлкүлүү», «ар бир», «кичинекей» деген сөздөр берилген. Бул сөздөрдүн кайсынысы мааниси боюнча «кенедей» деген сөзгө жакын? Туура, бул «кичинекей» деген сөз, ал тегеректелген. Тестти өз алдынча аткаруу керек. Тестти аткарууга 10 мүнөт берилет».

Эскертүү:

Тестти жекече өткөргөндө, силер маалыматты дароо эле BaalooApp программасыга киргизип, жыйынтык ала аласыңар. Окуучуга кайтарым байланышты да дароо бересиңер. Ал эми топто өткөргөндө алынган маалыматты BaalooApp программасыга киргизип, жыйынтыгы чыккандан кийин гана окуучуларга кайтарым байланыш бересиңер.

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Баалоо: сөз байлыгы

Деңгээли: 3-класс_______________ Күнү:___________________

Окуучунун аты-жөнү:_____________________________________________________

Үлгү:

Таблицанын ар бир катарынан асты сызылган сөзгө мааниси жакын сөздү үлгүдөгүдөй кылып тегеректе.

1.

жаңылуу

кыймылдоо

адашуу

жоготуу

2.

зарыл

арзан

белгилүү

керектүү

3.

табуу

качуу

көрүү

жылдыруу

4.

атактуу

даңктуу

кызыктуу

ишенимдүү

5.

тоскоолдук

сыйлык

көнүгүү

тосмо

6.

далилдөө

кыйкыруу

ырастоо

сүзүү

7.

өжөр

байкагыч

тырышчаа

урушчаак

8.

аңчы

жылкычы

к

мергенчи

айдоочу

9.

ыраак

пайдасыз

узак

терең

10.

атлет

дизайнер

адис

спортчу

11.

татына

кооз

бийик

курч

12.

сылык

кызыктуу

илбериңки

күчтүү

13.

бекер

кызыксыз

акысыз

макулдуксуз

14.

тууроо

окшоштуру

күтүү

шектенүү

15.

кытмырлануу

убаарлашуу

кыйкырышу

митаамдануу

у

класс: «Калтырылган сөздү табуу»

Баалоо: сөз байлыгы

Деңгээли: 1 же 2 жарым жылдык

Баяндоо

«Калтырылган сөздү табуу» инструменти боюнча окуучулар текст менен иштешет. Ал текстте биринчи сүйлөм толугу менен берилет. Калгандарынан бешинчи сөзү алынып салынат, анын ордуна сызыкча коюлат же бош калтырып койсо болот. Бул баалоонун максаты –тексттин маанисин тууралаш үчун окуучулар канчалык деңгээлде сөздөрдү туура жана так тандай алаарын көрүү. Боштуктарга сөздөр туура коюлса, окуучу текстти так түшунүп, керектүү лексиканы колдоно алат дегенден кабар берет.

Баалоону кантип жүргүзүү керек?

  1. Ар бир окуучу үчун форманын көчүрмөсүн жасагыла.

  2. Аларды окуучуларга таратып бергиле.

  3. Төмөнкү шарттарды тушундургулө:

    • бул форма эмнени камтыйт;

    • кайсы максатта колдонулат;

    • балдар эмне кылуусу керек: окуп жаткан текстти угуу, андан кийин текстти өз алдынча окуп чыгуу, таблицада берилген сөздөрдү маанисине карап сызыкчанын ордуна ылайыктап коюу;

    • таблицада ашыкча сөздөр да бар, ошондуктан сүйлөмдун маанисине жана түзулушунө карай сөздөрдү тандап алуу керек;

    • жумуштун эрежеси: өз алдынча иштөө, жумушту мугалимдин буйругу менен баштоо жана бутүрүү;

    • форманы толтуруу үчун 20 мунөт убакыт берилет.

  4. Текстти дагы бир жолу үн чыгарып окуп берип, форманы толтуруп баштоого буйрук бергиле. Убакытты ченеп койгула.

  5. 20 мунөттөн кийин окуучулардын жумушун чогултуп алып текшергиле. BaalooApp программага жекече маалыматтарды киргизгиле.

Эскертүү:

Туура жооптор кашаанын ичинде берилген. Текшерүү учурунда орфографияга көңүл бөлбөй, сөздөрдун туура тандалып коюлгандыгына маани бергиле.Сөздөрдүн туура коюулушу окуучунун тексттин маанисин туура түшунгөндугун жана окуу учурунда лексикалык материалдарды жакшы кабыл алгандыгынан кабар берет.

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Тест: «Калтырылган сөздү табуу»

Деңгээли: 3-класс Күнү:_______________________

Окуучунун аты-жөнү:___________________________________________

Текст

Айша деген кыз кичинекей сиңдим же иним болсо деп дайыма кыялданчу. Убакыт өтүп, акыры ошол ___________ келди, ата-энеси ыйлаган _____________ баланы – көптөн күткөн чыныгы _____________ үйүнө алып келишти! Айша _______________ жакшы көргөн бул кичинекей _____________ менен ойной алат, ага _______________ баарын үйрөтөт. Суу мылтыктан ________________, ____________ боорсокту, кооз булочканы _____________ ийлеп ______________, альбомго күлкүлүү кебетелерди _______________ үйрөтөт. Ал буга ________________ жатты, тезирээк үйрөтсөм деди. ____________, иниси үйрөнгөнгө, эжесине таптакыр ______________. Ал эч нерсеге карабастан, кечке ______________, тамак жеп, кайра _____________ үчүн гана ойгонуп жатты.

«_______________, кызым, – деди апасы, – бул _____________ азырынча абдан кичинекей. Ал ______________, ага чейин сен ___________ үйрөн, анан ага мугалим болосуң».

105 сөз, 20 сөз түшүрүлгөн

Керектүү сөздөр:

иниң

ай

атканды

балакай

өзүң

азыр

кипкичинекей

жасаганды

бирок

тартканды

шашып

борсойгон

чоподон

билбегенин

уктоо

күн

уктады

ал

билгенинин

чыда

чоңойсун

кызыкпады

эми

кумдан

инисин

класс 3: шар окуу

Баалоо: шар окуу

Деңгээли: 2 –жарым жылдык

Баяндоо

Шар окууну баалоодо эркек бала менен кыз балага бирдей кызыктуу, жаш өзгөчөлүгунө жана окуу деңгээлине ылайык келген текст колдонулат. 3-класстар үчүн бир нече тааныш эмес сөздөр текстте болушу мүмкүн. Тест шар окуунун төмөнкү компоненттерин баалайт: туура окуу, окуунун ылдамдыгы (темпи), көркөм окуу, тыныш белгилерине көңүл буруу.

Шар окууну баалоо кандай жүргузулөт?

  • Баалоо ар бир окуучу менен жекече өткөрүлѳт.

  • Баалоонун алдында окуучуларга баалоонун максаты жана анын натыйжалары кандайча колдонулары тууралуу айтып бергиле. Калыптандыруучу баалоону өткөрүүдө окуучуларга бул баалоонун алардын бааларына эч кандай таасири тийбей турганын, болгону гана окуганды үйрѳнүүдѳ окуучу кандай кыйынчылыктарга туш болгондугун аныктап, ал кыйынчылыктарды жоюуда жардам берилерин түшүндүргүлө.

  • Окуучу текстти окуп баштаганда, аны токтотпой, окугандыгы жөнүндө ойпикириңерди айтпай тургула. Окуучунун ордуна ал окуй албай жаткан сѳздү айтып жардам берүүгө, колдоо иретинде башты ийкеп же тескерисинче, бала кыйналып окуп жатса, башты чайкоого болбойт.

  • Окуучу туура эмес окуган сөздү BaalooApp программасында белгилегиле.

  • Эгерде окуу үчүн бѳлүнгѳн убакыт бүтүп, ал эми окуучу текстти окуп бүтпѳй калса, аны токтотпогула. Өзүнөрдөгү тексттин кѳчүрмѳсүнѳ окуучу бѳлүнгѳн убакытта кайсы сѳзгѳ чейин окугандыгын BaalooApp программасында белгилеп, окуучуга тексттин аягына чейин окууга мүмкүнчүлүк бергиле. Антпесе, окуучуда тапшырманы аткара албай калдым деген сезим пайда болуп, окууга болгон кызыгуусуна терс таасирин тийгизет. Муну окуучу текстти өтө кыйналып окуп, окуу процесси балада ыңгайсыздыкты жараткан учурда гана колдонбоо сунушталат.

  • Окуучу текстти аягына чейин окуп бүткѳндөн кийин анын жетишкен натыйжалары менен бөлүшүп, окуучу менен жетишкендиктерди кантип жогорулатуу тууралуу талкуулагыла (кайтарым байланыш бергиле).

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Баалоо: шар окуу

Деңгээли: 3 – класс, 2 –жарым жылдык

Текст

Бак ичинде куштар сайрайт, өзгөчө булбулдун мукам үнүн уксам дегендер көп. Торгойдун сайраганы да кызыктуу. Асманга бийик көтөрүлүп, канаттарын дирилдетип сайрайт. Кара чыйырчык ар кандай куштардын үнүн туурайт.

Каргалар болсо каркылдайт. Сагызган шакылыктаса, үйгө конок келет деп коюшат. Куштар жазда эмне деп сайрашарын силер билесиңерби?

«Ушул жерге уя салалы, балапан басып чыгаралы» – деп, бирин-бири чакырышат экен.

Жарадар кара чыйырчыктын үнүн магнитофонго жаздырып келип угузса, ошол жердеги чымчыктардын баары заматта учуп кетишиптир. Көрсө, жарадар чымчык: «Бул жерден тезинен качкыла!» – деп жаткан экен.

Ар жандыктын өзүнчө үнү бар. Кечкисин бакалар чардайт. Суурдун кароолчусу ышкырып белги бергенде, жайылып жүргөндөрү ийинине кире качат.

99 сөз, 13 сүйлөм.

класс: «Чыгарманын картасы»

Баалоо: окуганын түшүнүү

Деңгээли: 2- жарым жылдык

Баяндоо

Бул баалоону жекече же топто чыгарманын картасын колдонуп өткөрсө болот. Чыгарманын картасы – окуганын түшүнгөндүгүн элестетип же бир структура менен көрсөтүүчү графикалык тузүүчү. Ал окуган тексттин башкы идеясын аныктоодо, түйүндүү сөздөрдү белгилөөдө жана текстти бөлүктөргө бөлүүдө маанилүү. Сабак учурунда көбүрөөк бул картаны колдонсоңуздар, окуучу баалоо учурунда сиз андан эмнени талап кылып жатканыңызды жакшы түшүнөт. Баалоо үчүн каарман/ каармандары бар, окуясы, окуя болуп жаткан орду жана убактысы, окуянын башталышы, ортосу (кульминациясы) жана аягы бар баяндоо тексттерин алган ыңгайлуу.

Окуучу жооп бере турган суроолор:

  1. Чыгарманын башкы каарманы ким?/ эмне?

  2. Окуя кайда болуп жатат?

  3. Качан болуп жатат?

  4. Окуянын негизги көйгөйү эмнеде?

  5. Окуядан кандай сабак алсак болот?

  6. Тексттин жанрын аныкта.

Баалоону кантип жүргүзөбүз?

Окуучуга тексттин жана картанын көчүрмөсүн бергиле. Текстти окуп, андан кийин суроолорго жооп берүү менен картаны толтуруу керектигин түшүндүргүлө: «Сенин алдыңда турган текстти биринчи окуп чык, андан кийин суроолорго жооп берип, картаны толтур. Окуганыңа таянып, суроолорго кыска жооп бергенге аракет кыл, бирок текстти көчүрбө».

Өз алдынча окууга окуучуга жетиштүү убакыт бергиле. Окуучунун окуу жана тушунүү денгээлине жараша картаны толтуруу маалында текстти алып же калтырып койсонор болот. Окуучуга жоопторду айтпагыла. Бирок, эгерде окуучу карта менен иштеп баштагандан 5 мүнөттөн кийин деле бир да жооп жазбаса, ага бир суроо боюнча жардам берсеңер болот.

Эскертүү:

Силер картаны колдонбосоңор деле болот, бирок окуучуга суроолорду бергиле. Сабактарда колдонуу үчүн картадагы суроолордун маанисин өзгөртсөнөр да болот. Эң башкысы, окуганын түшүнүүнү баалоодо төмөндөгү суроолорго көңүл бөлгүлө:

  1. Түзүлгөн чыгарманын картасы тексттин структурасын жана мазмунун чагылдырабы?

  2. Окуучу башкы каарманды же каармандарды аныктай алабы? Окуянын убактысын, өтүп жаткан ордун сурөттөп бере алабы?

  3. Окуучу окуянын негизги көйгөйүн аныктай алабы? Тексттин негизги идеясын белгилеп, жыйынтык чыгара алабы?

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Баалоо: окуганын түшүнүү

Деңгээли: 3-класс

Текст Жаткан таш

Гүлдөгөн талаанын үстүнөн алтын заргалдак учуп баратып жаткан ташты көрүп ышкырат:

  • Таш, сенин акылыӊ жок! Өмүр бою бир жерде кймылдабай жатасыӊ, эч нерсе көрбөйсүӊ жана билбейсиӊ. А мен алыскы түштүктө болдум, ар кандай укмуштарды көрдүм !

Таш үн катпайт.

Кышында ак карлуу талаадан үпүп үрпөк баш учуп өтүп, уйкусураган ташты көрүп, кайрылат:

  • Таш, сенин акылыӊ жок! Өмүр бою бир жерде кыймылдабай жатасыӊ, эч нерсе көрбөйсүӊ жана билбейсиӊ. А мен алыскы түндүктө өстүм, болгон укмуштун баарын көрдүм!

  • Бозоргон таш дагы үн катпайт, бирок ичинен өзүнчө ойлонот:

  • Силерден көптү көрдүм, мактанчаак канаттуулар! Кышында түндүк өзү мага конокко келет, ал эми жайында -түштүк. Мен ысыктын аптабын да, чыкыраган суукту да билем. Жапжашыл жана аппак болгон токойду көрдүм. Бир орунга турбаган жайкы чымчык, заргалдак, сени да, кышкы чымчык, үпүп, сени да көрдүм. А силер бир жерде жыл сайын болсоӊор да, бири- бириӊерди эч качан көргөн эмессиӊер! Дагы атактуу саякатчылар имиш, мага!

Таш жерге дагы бекем ыктады.

Н.Сладков 151 сөз

30

класс: синонимдерди табуу

Баалоо: сөз байлыгы

Деңгээли: 1-жарым жылдык

Баяндоо

Тест жазуу түрүндө жүргүзүлөт. Атайын таблицада сөздөр берилет. 1-2- класстардын окуучуларынын сөз байлыгынын деңгээлин баалоо үчүн тестте зат атоочтор, сын атоочтор жана этиштер болот, ал эми 3-4-класстардын окуучулары үчүн тестке тактоочтор да кошулат. Тестте 15 сөз бар. Окуучулар алардын ар бирине тандоо үчүн сунушталган сөздөрдүн ичинен синонимин белгилөөсү керек.

Баалоону кантип өткөрүү керек?

Мугалим окуучуга тестти тапшырып, анын аткаруу максатын, жол-жобосун түшүндүрөт: «Сенин алдыңда таблица түрүндөгү тест турат. Таблицанын биринчи тик тилкесинде маанисин аныктоого керек болгон сөздөр бар. Бул сөздөрдүн асты сызылган. Ар бир асты сызылган сөзгө карата бир нече башка сөздөр берилет. Бул сөздөрдөн асты сызылган сөзгө мааниси жакын сөздү тандоо керек. Ар бир катардагы тандаган сөзүңөрдү тегеректегиле.

Мисалы: биринчи тик тилкедеги асты сызылган сөз – «кенедей». Ага карата «күлкүлүү», «ар бир», «кичинекей» деген сөздөр берилген. Бул сөздөрдүн кайсынысы мааниси боюнча «кенедей» деген сөзгө жакын? Туура, бул «кичинекей» деген сөз, ал тегеректелген. Тестти өз алдынча аткаруу керек. Тестти аткарууга 10 мүнөт берилет».

Эскертүү:

Тестти жекече өткөргөндө, силер маалыматты дароо эле BaalooApp программасыга киргизип, жыйынтык ала аласыңар. Окуучуга кайтарым байланышты да дароо бересиңер. Ал эми топто өткөргөндө алынган маалыматты BaalooApp программасыга киргизип, жыйынтыгы чыккандан кийин гана окуучуларга кайтарым байланыш бересиңер.

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Баалоо: сөз байлыгы

Деңгээли: 4-класс_______________ Күнү:______________________

Окуучунун аты-жөнү:_________________________________________

Үлгү:

Таблицанын ар бир катарынан алды сызылган сөзгө мааниси жакын сөздү үлгүдөгүдөй кылып тегеректе.

1.

аброй

көңүл

бедел

салмак

2.

дароо

капыс

бачым

токтоо

3.

капалануу

кайгыруу

биригүү

ойлонуу

4.

жип

буурчак

желим

аркан

5.

чыгуу

чогулуу

көтөрүлүү

аралашуу

6.

жалындуу

жылма

жакын

ысык

7.

дилгир

момун

ынтызар

шашма

8.

кайраттуулук

эрдик

тактык

кыймылдуулук

9.

жанында

алыс

катар

жалгыз

10.

кайрымдуулук

мээримдүүлүк

аракетчилдик

бакубатчылык

11.

убайымчыл

мээнетчил

иштерман

кайгычыл

12.

кайтарымсыз

кайратсыз

акысыз

катасыз

13.

какшык

текебер

кайгысыз

мыскыл

14.

албетте

мурдагы

жакында

сөзсүз

15.

ыкчамдык

ыргактуулук

шамдагайлык

аралашкандык

класс: антонимдерди табуу

Баалоо: сөз байлыгы

Деңгээли: 2 – жарым жылдык

Баяндоо

Тест жазуу түрүндө жүргүзүлөт. Атайын таблицада тандоого ылайыкталган сөздөр берилет. 4- класстардын окуучуларынын сөз байлыгынын деңгээлин баалоо үчүн тестте зат атоочтор, сын атоочтор жана этиштер бар. Тестте 15 сөз бар. Окуучулар алардын ар бирине тандоо үчүн сунушталган сөздөрдүн ичинен карама-каршы сөздөрдү (антонимдерди) белгилөөсү керек.

Баалоону кантип өткөрүү керек?

Мугалим окуучуга тестти тапшырып, анын аткаруу максатын, жол-жобосун түшүндүрөт:

«Сенин алдыңда таблица түрүндөгү тапшырма турат. Таблицанын биринчи тик тилкесинде маанисин аныктоого керек болгон сөздөр бар. Бул сөздөрдүн асты сызылган.

Ар бир асты сызылган сөзгө карата бир нече башка сөздөр берилет. Бул сөздөрдөн асты сызылган сөзгө мааниси жагынан карама-каршы келген сөздү тандоо керек. Ар бир катардагы тандаган сөзүңөрдү тегеректегиле. Мисалы: биринчи тик тилкедеги асты сызылган сөз – «кичинекей». Ага карата «күлкүлүү», «ар бир», «чоң» деген сөздөр берилген. Бул сөздөрдүн кайсынысы мааниси боюнча «кичинекей» деген сөзгө карама-каршы келет? Туура, бул «чоң» деген сөз, ошондуктан ал тегеректелген. Тестти өз алдынча аткаруу керек. Тестти аткарууга 15 мүнөт убакыт берилет».

Эскертүү:

Тестти жекече өткөргөндө, силер маалыматты дароо эле BaalooApp программасыга киргизип, жыйынтык ала аласыңар. Окуучуга кайтарым байланышты да дароо бересиңер. Ал эми топто өткөргөндө алынган маалыматты BaalooApp программасыга киргизип, жыйынтыгы чыккандан кийин гана окуучуларга кайтарым байланыш бересиңер.

Окуучу колдон турган материал: кийинки бетте

Баалоо: сөз байлыгы

Деңгээли: 4-класс_____________ Күнү:_______________ Окуучунун аты-жөнү:___________________________________________ Үлгү:

Таблицанын ар бир катарынан алды сызылган сөзгө мааниси жагынан карама-каршы келген сөздү үлгүдөгүдөй кылып тегеректе.

1.

узун

алыс

кыска

орто

2.

дароо

капыс

шашпай

токтоо

3.

шайыр

түнт

ырдоо

ойлонуу

4.

дос

буурчак

душман

аркан

5.

чыгуу

чогулуу

кирүү

аралашуу

6.

суук

жылма

жакын

ысык

7.

тентек

момун

шок

шашма

8.

кайраттуу

эрдик

тактык

кайратсыз

9.

жакын

алыс

катар

жалгыз

10.

кайрымдуулук

мээримдүүлүк

аракетчилдик

кайрымсыздык

11.

эмгекчил

мээнетчил

жалкоо

кайгычыл

12.

тайманбастык

кайратсыз

акысыз

коркоктук

13.

катуу

текебер

жумшак

мыскыл

14.

бүгунку

мурдагы

жакында

эртеңки

15.

жакшылык

ыргактуулук

шамдагайлык

жамандык

класс: «Чыгарманын картасы»

Балоо: окуганын түшүнүү

Деңгээли: 1- жарым жылдык

Баяндоо

Бул баалоону жекече же топто чыгарманын картасын колдонуп өткөрсө болот. Чыгарманын картасы – окуганын түшүнгөндүгүн элестетип же бир структура менен көрсөтүүчү графикалык тузүүчү. Ал окуган тексттин башкы идеясын аныктоодо, түйүндүү сөздөрдү белгилөөдө жана текстти бөлүктөргө бөлүүдө маанилүү. Сабак учурунда көбүрөөк бул картаны колдонсоңуздар, окуучу баалоо учурунда сиз андан эмнени талап кылып жатканыңызды жакшы түшүнөт. Баалоо үчүн каарман/ каармандары бар, окуясы, окуя болуп жаткан орду жана убактысы, окуянын башталышы, ортосу (кульминациясы) жана аягы бар баяндоо тексттерин алган ыңгайлуу.

Окуучу жооп бере турган суроолор:

  1. Чыгарманын башкы каарманы ким? / эмне?

  2. Окуя кайда болуп жатат?

  3. Качан болуп жатат?

  4. Окуянын негизги көйгөйү эмнеде?

  5. Окуядан кандай сабак алсак болот?

  6. Тексттин жанрын аныкта.

Баалоону кантип жүргүзөбүз?

Окуучуга тексттин жана картанын көчүрмөсүн бергиле. Текстти окуп, андан кийин суроолорго жооп берүү менен картаны толтуруу керектигин түшүндүргүлө: «Сенин алдыңда турган текстти биринчи окуп чык, андан кийин суроолорго жооп берип, картаны толтур. Окуганыңа таянып, суроолорго кыска жооп бергенге аракет кыл, бирок текстти көчүрбө».

Өз алдынча окууга окуучуга жетиштүү убакыт бергиле. Окуучунун окуу жана тушунүү денгээлине жараша картаны толтуруу маалында текстти алып же калтырып койсонор болот. Окуучуга жоопторду айтпагыла. Бирок, эгерде окуучу карта менен иштеп баштагандан 5 мүнөттөн кийин деле бир да жооп жазбаса, ага бир суроо боюнча жардам берсеңер болот.

Эскертүү:

Силер картаны колдонбосоңор деле болот, бирок окуучуга суроолорду бергиле. Сабактарда колдонуу үчүн картадагы суроолордун маанисин өзгөртсөнөр да болот. Эң башкысы, окуганын түшүнүүнү баалоодо төмөндөгү суроолорго көңүл бөлгүлө: 1. Түзүлгөн чыгарманын картасы тексттин структурасын жана мазмунун чагылдырабы?

  1. Окуучу башкы каарманды же каармандарды аныктай алабы? Окуянын убактысын, өтүп жаткан ордун сурөттөп бере алабы?

  2. Окуучу окуянын негизги көйгөйүн аныктай алабы? Тексттин негизги идеясын белгилеп, жыйынтык чыгара алабы?

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Текст

Бир кишинин эки баласы бар эле. Атасы улуу баласын жакшы көргөндүктөн, энчинин баарын улуу баласына бермек болду. Энеси: «Энчини экөөнө тең бөлүп берели», – деп кеңеш салды. Күйөөсү аялынын акылын укпады. Аялы таарынып, чийдин түбүндө ыйлап отурду. Жолдон өтүп бара жаткан жолоочу аялды көрүп:

  • Эмнеге ыйлап жатасыз? – деп сурады.

Жолоочу окуянын жайын түшүнгөн соң, аялга айтты:

  • Сиз ыйлабаңыз, андан көрө кичүү балаңызды окууга жибериңиз. Билим – түгөнбөс байлык. Атанын дөөлөтү колдун кириндей, бат эле жоголот.

Аял жолоочунун сөзүнө макул болду да, баласын алыскы жерге окууга жиберди. Бала көп жылы тырышып окуп, түрдүү сонун өнөр үйрөнүп, абдан бай болду. Агасы ата дөөлөтүнө мас болуп жүрүп, өнөрдөн куру кол калды. Ата дөөлөтү бүтүп, жарды болуп калган агасы инисинен жардам сурап келди.

(116 сөз)

Чыгарманын картасы (4 - класс, 1- жарым жылдык) Чыгарманын автору жана аталышы (окуучу толтурат):

Окуучунун аты-жөнү (окуучу толтурат:


38

Класс 4: «Сюжеттик сызык»

Баалоо: окуганын түшүнүү

Деңгээли: 2- жарым жылдык

Баяндоо

Бул баалоону жекече же топто чыгарманын “Сюжеттик сызык” картасын колдонуп өткөрсө болот. Сюжеттик сызык – окуганын түшүнгөндүгүн элестетип же бир структура менен көрсөтүүчү графикалык тузүүчү. Сабак учурунда көбүрөөк текстке анализ жасай турган ушундай же башка ыкмаларды колдонсоңуздар, окуучу баалоо учурунда сиз андан эмнени талап кылып жатканыңызды жакшы түшүнөт. Баалоо үчүн каарман/ каармандары бар, окуясы, окуя болуп жаткан орду жана убактысы, окуянын башталышы, ортосу (кульминациясы) жана аягы бар баяндоо тексттерин алган ыңгайлуу.

Баалоону кантип жүргүзөбүз?

Окуучуга тексттин жана картанын көчүрмөсүн бергиле. Текстти окуп чыккандан кийин сюжет боюнча картаны толтуруу керектигин түшүндүргүлө: «Сенин алдыңда текст жана сюжеттик карта бар. Текстти окуп чыгып, катар номерине ылайыктап,окуянын ырааттуулугун сактап, боштуктарды толтур. Текстке ат кой. Окуганыңа таянып, боштуктарга кыска жана так жоопторду жазганга аракет кыл, бирок текстти көчүрбө».

Өз алдынча окууга окуучуга жетиштүү убакыт бергиле. Ал картаны толтуруу маалында текстти улам карап турса болот. Окуучуга жоопторду айтпагыла. Бирок, эгерде окуучу карта менен иштеп баштагандан 5 мүнөттөн кийин деле бир да жооп жазбаса, ага биринчи боштук менен иштөөгө жардам берсеңер болот.

Эскертүү:

Чыгарманы, андагы окуяларды ирээти менен анализдөө- окуп түшунүүнун эң маанилүү көндүмү. Аны сабак учурунда текст менен иштөөдө акырындык менен калыптандырса болот.

Сюжетте төмөнкү курамдар маанилүү:

  • киришүү

  • окуянын башталышы

  • окуянын өнүгүшү

  • кульминациясы

  • чечилиши

  • окуянын аягы

Тапшырманы баалоо критерийлери

1.

Тексттин аталышы анын мазмунуна дал келет.

2.

Биринчи абзацтын негизинде киришүүну (1- боштукту) аныктайт.

3.

Өз сөзү менен окуянын башталышын (2-боштукту) аныктайт.

4.

2-абзацтын негизинде өз сөзү менен окуянын андан ары улануусун (3боштукту)аныктайт.

5.

Окуянын кульминациясын (4- боштукту) аныктайт.

6.

Окуянын чечилиш жолун (5-боштукту) аныктайт.

7.

Окуянын аягы (6 -боштук)

Окуучу колдоно турган материал: кийинки бетте

Текст

Балдар Кар киши жасашты. Анын көз- көмүр, мурду- сабиз, башында-чака. Балдар аны суктана карашып, үйлөрүнө тарашты. Эртеси балдар короого чыгышып, Кар кишинин жанында ойношту. Кар кишиге балдар менен кызыктуу да, кубанычтуу да болду. Кыш өттү. Жаз келген кезде Кар киши капалана баштады.

Эля менен Данил андан:

–Сенин эмне болду? – деп сурашты.

Кар киши болсо жылуулуктан эрип кетемби деп коркконун айтты. Балдар ага жардам бермей болушту. Данил Кар кишини муздаткычка отургузуп, балмуздак менен бакты. Ал көпкө отурду. Бир күнү башын, колдорун шилтегилеп жатып, муздаткычтан кулап түштү. Терезеге келип караса - сырт аппак. Кыш келиптир!

Кубанычы койнуна батпаган Кар киши короого чыгып, кар менен денесин сергитип, балдарга ыраазы болду:

–Ырахмат, досторум!

(109 сөз)

42

Таркатма материалдардын тизмеси

Класс

Жарым жылдык

Окуунун көндүмү

Курал

1

1

1

Тыбыштык кабыл алуу

Сөздөгү биринчи тыбышты аныктоо

2

1

1

Алфавит менен таанышуу

Сөздөгү биринчи тамганы таануу

3

1

½

Чечмелеп окуу

Тааныш сөздөрдү окуу

4

1

1

Шар окуу

Шар окуу

5

1

2

Шар окуу

Шар окуу

6

2

1

Чечмелеп окуу

Жок (ойлоп тапкан) сөздөрдү окуу

7

2

2

Сөз байлыгы

Чаташтырылган сөздөр

8

2

1

Шар окуу

Шар окуу

9

2

2

Окуганын түшүнүү

Чыгарманын картасы

10

3

½

Сөз байлыгы

Синонимдерди табуу

11

3

2

Сөз байлыгы

Калтырылган сөздөрдү табуу

12

3

1

Шар окуу

Шар окуу

13

3

2

Окуганын түшүнүү

Чыгарманын картасы

14

4

1

Сөз байлыгы

Синонимдерди табуу

15

4

2

Сөз байлыгы

Антонимдерди табуу

16

4

1

Окуганын түшүнүү

Чыгарманын картасы

17

4

2

Окуганын түшүнүү

Сюжеттик сызык