БИЗ — КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИБИЗ!
(Жалпы билим берүүчү орто мектептердин 1-4-класстары үчүн 2022-2023-окуу жылынын 1-сентябрында өтүлүүчү сабактын болжолдуу үлгүсү)
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: окуучуларга Кыргызстандын баалуулуктары тоолору, жаратылышы жана тууралуу маалымат берүү.
Өнүктүрүүчүлүк: Алган билимдерин өркүндөтүүгө жана турмушта колдонууга багыттоо.
Тарбия берүүчүлүк: Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө салым кошуучу жарандык
милдеттерин билүүгө багыттоо.
Сабактын тиби: жаңы материалды түшүндүрүү
Методдору технологиялар: топтук иш, суроо-жооп, аңгемелешүү
Ресурстар: сүрөттөр, карточкалар, техникалык каражаттар
Сабактын жүрүшү
Уюштуруу:
Мугалим окуучулар менен учурашат. Балдардын сабакка даярдыгын текшерет.
Жагымдуу маанай түзүү:
Саламатсыңарбы кымбаттуу окуучулар! Баардыгыңарды Билим күнү менен куттуктаймын! Быйылкы окуу жылы бардыгыңарга ийгиликтерди алып келсин! Сабагыбызды Кыргыз Республикасынын гимни менен баштайбыз.
(Окуучулар төмөнкү ырды мугалимдин артынан кайталашат)
Салам, алтын күн!
Салам, көк асман!
Салам, жер эне!
Салам, Кыргызстан!
— Биздин бүгүнкү сабагыбыз мекенибиз Кыргызстан жөнүндө болот.
Окуучуларды 1, 2, 3 деп санатып топторго бөлүп алуу. Бөлүнгөн топтор берилген ыр саптарынын негизинде топторунун атын аныкташат.
1-топ “Ата-Журт”
Жылуу кийин жолуӊ кыйын үшүүрсүӊ,
Кышта катуу бороон улуп, кар уруп,
Суугуӊду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!
2-топ “Жер эне”
Жаралгандан жандарга,
Койнун ачкан Жер эне.
Адам, айбан дебестен,
Мээрим чачкан Жер эне.
3-топ “Мекен”
Мекеним менин — Кыргызстан
Сыймыктанам, мактанам!
Бийик тоолуу, асыл деп,
Көргөндүн баары суктанган!
— Ошентип биз топтордун атын аныктап алдык, эми сабагыбызды уланталы
Кыргыз Республикасы — демократиялык жолдогу эгемендүү мамлекет. Ал Борбор Азияда жайгашкан. Анын символикалык белгилери бар, алар: гимн, желек, герб. Аянты 199000 км2. Өлкөнүн курамында 7 облус, 40 район, 31 шаар бар.
Борбору – Бишкек шаары. Кыргызстан абдан кооз өлкө. Асман мелжиген бийик тоолорубуз, тереӊ көлдөрүбүз, таза аба, мөӊгү сууларыбыз көп. Кыргыз эли көп кылымдык тарыхы, кайталангыс маданияты, каада-салты бар, улуттук тилин аздектеген эл. Түндүк аймагында кар кете элек болсо, түштүгүндө – тоо этегинде алма-өрүк гүлдөйт.
Кыргыз бермети Ысык-Көл менен сыймыктанабыз. Жерибиз кен байлыктарга бай, гениалдуу жана таланттуу адамдар мекенибиздин жана элибиздин атагын чыгарган улуу акын жана жазуучулардын, таланттуу сүрөтчүлөрдүн, манасчылардын мекени.
Кыргызстан — көп улуттуу калкы бар мамлекет. Азыркы учурда бирдиктүү үй-бүлөдөй 6000000 адам жашайт. 120дан ашуун улут бар. Кыргызстандын эли – бирдиктүү эл. Тынчтык жана ынтымак ар бир адам үчүн башкы орунда турат.
Суроолор берилет:
-
Өлкөнүн курамында кайсы облустар бар?
-
Кандай каада-салттарды атай аласыңар?
-
Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан жазуучу ким?
-
Биздин мамлекетте жашаган кайсы улуттарды билесиңер?
-
Кыргыз Республикасынын кандай символикаларын билесиңер?
Окуучулардын жооптору:
Мугалим жаңы маалыматты маалыматтык-коммуникативдик технологиялардын жардамы менен берет:
Балдар, биздин президентибиз Садыр Жапаров «2022-жыл – Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыялаган. Анда:
-
Кыргыз элинин сыймыгы болгон тоолордун жашоо-тиричиликтеги мааниси жана аларды сактай билүү;
-
Кыргызстандын жаратылышынын кооздуктарын жана байлыктарын коргоо;
-
экологияны сактоо;
-
ден соолукту чыңдоо жана ага көңүл бурууга өзгөчө көңүл бурулган.
— Кыргызстанда эс алууга багытталган ажайып кооз корук жайлар, сууларыбыз ден соолугубузду чыңдоого кызмат кылат. Адеп-ахлагыбызды өнүктүрүү үчүн кыргыз элине таандык жүрүм-турум эрежелери, каада-салты, үрп-адаттары кызмат кылат. Кыргызстандын жаратылышы кооз, анда жайы-кышы эс алуу мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң. Кыргызстандын кооз жаратылышын сактоо, өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо ишине экологиябыз жооп берет.
— Балдар, экология деген эмне? Аны силер кандай түшүнөсүңөр?
— Жаратылышты коргоо үчүн биз эмне кылышыбыз керек?
Жер бетиндеги аба, суу, топурак, ѳсүмдүктѳр, жаныбарлар, канаттуулар, жер алдындагы ар түрдүү кендер ж.б. — бизди курчап турган жаратылыш. Сууда балыктар, бийик аскада жапайы жаныбарлар мекендешет. Ал эми токойдун ичине кирсең, ар кандай куштардын мукам сайраганын угасың. Чѳптүн арасында коңуздар, курт-кумурскалар кыбырап жүрүшѳт. Жаратылыш – баарыбыздын үйүбүз. Жаратылыш ар бир ѳсүмдүктүн, ар бир жаныбардын, ошондой эле адамдын да үйү. Ошондуктан курчап турган дүйнѳнү: абаны, сууну, топуракты булгабай таза сактайлы. Чѳптѳрдү тебелеп, бак-дарактарды сындырбайлы. Алар айланага кѳрк берет, абаны тазалайт.
(кластер аркылуу окуучуларга экологияны түшүндүрүү, окуучулардын ойлорун толуктоо)
Практикалык иш:
Топтордо иштөө:
1-топ “Кыргызстандын 7 керемети” деген темада сүрөттөрдү презентациялап беришет.
Окуучуларга Кыргызстандын баалуулуктары жана кереметтеринин сүрөттөрү берилет. Берилген сүрөттөр боюнча “Кыргызстандын 7 керемети” боюнча 1-2-класстар кластер түзүшөт.
3-4-класстар кластер түзүшөт жана ал кереметтер кайсы облустарда жайгашкандыктары боюнча презентациялап беришет.
2-топ “Менин Ала-Тоом” деген темада презентация кылышат.
1-класстар “Менин Ала-Тоом” темадатемада сүрөт тартышат.
2-класстар берилген сүйлөмдөрдөн текст чогултушат.
3-4-класстар берилген тексттин негизде аңгемелер пирамидасын түзүшөт жана презентациялап беришет.
3-топ “Жаратылыш жан досум” деген темада презентациялап беришет.
1-2-класстар берилген сүрөттөрдүн негизинде “туура” жана “туура эмес” таблицасын толтурушат.
3-4-класстар берилген кроссвордду толтурушат.
Тигинен:
-
Бизди курчап турган чөйрө. (жаратылыш)
-
Чокусу бийик теректен,
Өспөйт бирок таптакыр. (тоо)
-
Уруктан эмне өсүп чыгат? (өсүмдүк)
-
Суунун катуу абалы эмне деп аталат? (муз)
Туурасынан:
-
Булуттан түшкөн тамчылар эмне деп аталат? (жамгыр)
-
Коргоого алынган жаратылыш аймагы? (корук)
-
Куштар менен жапайы айбанаттардын жашоо чөйрөсү? (токой)
-
Абанын жер бетине жарыш кыймылы эмне деп аталат? (шамал)
-
Суусу тике ылдый агып түшкөн жер. (шаркыратма)
Бышыктоо.
-
Бүгүнкү сабакты “Жаратылыштын жаш досторунун эрежелери” менен бышыктагым келип турат.
-
Ар бириңер ушул эрежелерди дайыма так аткараарыңарга ишенем!
-
Абаны таза сактоо;
-
Сууну үнөмдүү пайдалануу;
-
Канаттууларга камкордук кылуу;
-
Өсүмдүктөрдүн гүлдөп, өсүшүнө салым кошуу;
-
Жер — биздин үйүбүз! Ар бирибиз планетабыздагы жаратылышыбызды сактап калууга аракет кылалы.
Жыйынтыктоо:
Сабакты жыйынтыктоо максатында “Кыргызстан 10 жылдан кийин ……..” – деп кыскача оюңарды бир сөз менен алдыңардагы стикерлерге жазып, доскада илинген картанын бетине чаптагыла.
Баалоо:
Доскага чапталган стикерлер аркылуу окуучулар өзүн-өзү баалашат жана мугалим ар бир топтун иш аракеттерине карата баалоо жүргүзөт.
Үй тапшырма:
“Айлана-чөйрөнүн булганышы” темасында эссе жазуу.