5г-класс Математика: Тест (15 Суроо) Окуучу __________________________________
1. 0,1 үлүшү эмне деп аталат?
A) Жүздүк үлүш B) Миңдик үлүш C) Ондук үлүш D) Бүтүн үлүш
2. 1,75 ондук бөлчөгүндөгү ондук үлүштү көрсөт
A) 1 B) 7 C) 5 D) 17
3. 0,29 ондук бөлчөгүндө канча ондук үлүш жана канча жүздүк үлүш бар?
A) 2 ондук үлүш жана 9 жүздүк үлүш B) 9 ондук үлүш жана 2 жүздүк үлүш
C) 29 ондук үлүш D) 0 ондук үлүш жана 29 жүздүк үлүш
4. 45,72 санындагы жүздүк үлүштүн маанисин көрсөт.
A) 4 B) 5 C) 7 D) 2
5. Төмөнкү амалды аткар: 3,4 + 1,2=
A) 4,6 B) 3,52 C) 4,24 D) 5,6
6. Төмөнкү амалды аткарыңыз: 2,5 - 0,7=
A) 1,8 B) 3,2 C) 1,5 D) 2,0
7. ( x + 7) +5 = 18 теңдемесинин тамырын тап
A) 18 B) 25 C) 7 D) 6
8. 4x = 36 сызыктуу теңдемесинин
тамыры эмнеге барабар?
A) 8 B) 40 C) 9 D) 32
9. Ондук бөлчөктөрдү кошуу: 3,4 + 1,25,
A) 4,65 B) 4,29 C) 4,05 D) 5,65
10. Ондук бөлчөктөрдү кемитүү: 5,8 - 2,35=
A) 3,55 B) 3,45 C) 3,80 D) 7,15
11. Төмөнкү теңдемени чыгар: x - 3,4 = 1,2
A) x = 2,2 B) x = 4,6 C) x = 3,6 D) x = 4,2
12. 5x = 40+5 теңдемесинин тамырын табыңыз,
A) 5 B) 9 C) 15 D) 40
13. Эрмектин бөтөлкөсүнүн салмагы 0,8 кг, кийимдеринин салмагы 1,5 кг Бул эки нерсенин жалпы салмагы канча? A) 2,0 кг B) 2,8 кг C) 2,3 кг D) 1,8 кг
14. Маселе: "Самат дүкөндөн 12,5 сомдук нан жана 7,3 сомдук сүт сатып алды, Ал сатуучуга 20 сом берсе, канча кайтарым алат?"
A) 0,2 сом B) 1,2 сом C) 2,2 сом D) 19,8 сом
15. Маселе: "Үч бурчтуктун периметри 15,5 см, Эгерде биринчи тарабы 4,5 см, экинчи тарабы 6,3 см болсо, анда үчүнчү тарабынын узундугун тап.
A) 4,7 см B) 4,9 см C) 5,2 см D) 10,8 см
Жооп
| 1 | C |
| 2 | B |
| 3 | A |
| 4 | D |
| 5 | A |
| 6 | A |
| 7 | D |
| 8 | C |
| 9 | A |
| 10 | B |
| 11 | B |
| 12 | B |
| 13 | C |
| 14 | A |
| 15 | A |