Эми сандардын окулушун жана жазылышын бышыктап жана билимдерибизди бышыктап алалы. Эми, 16 санынын бирдиктеринин санын жана ондугун таап көрөлү. 16 санында канча бирдик жана ондук бар? Ооба, 1 ондук жана 6 бирдик бар. 18 санындагы бирдик жана ондукту таап көрөлү. Ооба, 1 ондук жана 8 бирдик бар. Иреттик сандар тууралуу билимдерибизди бышыктайлы. Биринчи текчеден эмнени көрүп турасыңар? А экинчи текчеденчи? А үчүнчү текчеден? Туура, 1- текчеде топ, 2- текчеде китеп, 3- текчеде бала. Эми иреттик сандардын жазылышын үйрөнөбүз. Эгерде, 1 топ деп жазсак, ал топтун саны бирөө экенин билдирет. Ал эми !! 1- топ деп жазсак, ал топтун биринчи экенин көрсөтөт. -
Текчеде 2 китеп. 2 китеп бул китептин санын көрсөттү. -
Ал эми 2- китеп жазсак, ал иретин көрсөтөт. Мисалы, силер дептериңерге 2- февраль деп жазуу менен февраль айынын экинчи күнү экенин жазасыңар. Эми, маселе чыгарып көрөлү. Айна 8 мисал, Сайра 5 мисал чыгарды. Айна канча мисалга көп чыгарды? Маселени тегеректердин жардамы менен чыгаралы. Айна сегиз мисал, Сайра 5 мисал. Айна канчага көп мисал чыгарды? Туура, 3кө көп. Жообу: 3кө көп Мен бир сан ойлодум, ага бешти кошсом 10 саны келип чыкты. Мен кайсы санды ойлодум? ? + 5 = 10 Аны 10дон 5ти кемитип алсак болот. Туура, 5 санын Келип чыккан суммадан алтыны кемитсем, канча калат? 10 – 6 = 4 Айырмасы 4. Сабактын аягында логикалык эсептерди чыгаралы. Сүрөткө карап, амалды белгилегиле. Алгач, жалбырактарды санап алалы. Жалбырактардын саны 10. 1 жалбыракты алып кетти. Демек, кайсы амалды тандайбыз? Туура, 10 – 1 = 9 3 мышыкка 1 мышык келип кошулду? Кайсы амалды колдонсок болот? 3 + 1 Табакта 5 алмурут бар. Ага дагы 3 алмурут коштук? Табакта канча алмурут болуп калды? 5 + 3 амалын тандайбыз. Бул сүрөттөргө карап кайсы амалды тандасак болот? 5 көпөлөктүң экөөсү учуп кетти. Канча көпөлөк калды? 5 – 2 Эми, дептериңерди алгыла. Математикалык диктант жазып көрөлү. Сандарды жазалы. 12, 16, 17, 19 8 санынын кошуналарын жазгыла. 7 жана 9. Мурдаг сан жана кийинки сан 1-топ. Жазуу сызыкчаны кошуп жазды жеп ишенем. Эгер сызыкча жок жазсак, ал санын кѳрсѳтѳт 5-бала 1 ондук 2 бирдик = 12 1 ондук 4 бирдик – 14 санын жаздыңар деп ойлойм. Бирдиги 8, ондугу 1 = 18 Азаматсыңар! |