СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

1-класс. П тыбышы.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«1-класс. П тыбышы.»

1-класс Ѳткѳрүү мѳѳнѳтү:__________________

Предмет: Алиппе.

Сабактын темасы: Пп тыбышы

Сабактын тиби: Жаңы билимди ѳздѳштүрүү сабагы

Сабактын методу: Аңгемелешүү, кѳрсѳтмѳлүүлүк, жеке, жупта, топто иштѳѳ, тематикалык оюндар, интерактивдүү ыкма.

Сабактын жабдылышы: Темага байланыштуу түстүү сүрѳттѳр, маркер, Ах4 кагаздары, кесме тамгалар, тамга кассасы, кызыл, жашыл,кѳк түстѳгү фишкалар, таякчалар, маркер, флипчарт.


Негизги компетенттүүлүктѳр



Предметтик компетенттүүлүктѳр:

1. Маалыматтык (НК1): Ѳз ишин пландаштырат, маалыматты пайдаланат, маалыматты максатка багыттап изденет, салыштырат, чечимдерди кабыл алат.


  1. Тыбыш жана тамга менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК1)


  1. Сѳз байлыгы менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК2)

2. Социалдык коммуникациялык(НК2): Башкалар менен мамиле түзѳт, сүйлѳшѳ билет, маектешет, бири-бирин баалайт, сѳз байлыгы ѳсѳт, ѳз оюн айтат, башкаларды уга билет.

3. Ѳз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү(НК2): Ѳз алдынча иштейт,кѳнүгѳт, машыгат, ѳз ишин талдап, баа берет, жѳндѳмдүүлүккѳ, билгичтикке каалоого ээ болот.

  1. Аң сезимдүү угуу жана адабий түшүнүктѳрү менен иштей алуу компетентүүлүгү (ПК3)




Сабактын максаты:

Кѳрсѳткүчтѳр:

Максатка жетет деп билебиз

Эгерде окуучулар…

Билим берүүчүлүк:

Пп тыбышы менен танышышат, туура угуп, так айтат. Зоопарк жѳнүндѳ маалымат алышат.

-Пп тыбышын таанышса

-Сѳздүн башында, ортосунда, аягында кездешерин билишсе

-Зоопарк жѳнүндѳ айтып бере алышса


Ѳнүктүрүүчүлүк:

Схема боюнча сүйлѳм түзүүгѳ, муундарды окууга машыгышат. Пп тыбышынын алфавиттик аталышын, каткалаң үнсүз экендигин билишет.

-Схема боюнча сүйлѳм түзүп, муундарды, сѳздѳрдү окуй алышса

-Пп тыбышынын алфавиттик аталышын, каткалаң үнсүз экенин билип, аны кѳк фишкалары менен кѳрсѳтүп бере алышса


Тарбия берүүчүлүк:

Жаныбарларга аяр мамиле жасоого, аларды коргоого жана жолдоштору менен туура мамиле жасоого тарбияланышат.

-Жаныбарларга аяр мамиле жасап, аларды коргоо керектигин билишсе

-Жолдоштору менен туура мамиледе болушса.



Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы:

Мугалимдин иш-аракети

Окуучулардын иш-аракети


Уюштуруу:

Окуучулар менен саламдашуу.

Сабакка даярдыгын –китеп, карандаштарынын бар экендигин текшерүү.

Жагымдуу маанай түзүү:Окуучулар «Комплемент» оюнун ойношот.

Алтын эреже кайталанат.

Окуучулар сабакка китептерин алып даярданышат.


Бири- бирин карап, коплемент сѳздѳрдү айтып, сабакка жагымдуу маанай түзүшѳт.

Алтын эрежени кайталап айтышат.

Ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

Ыы тыбышы катышкан сѳздѳрдү кайталап суроо. Муундарды окутуу.

Ѳтүлгѳн үндүү, үнсүз тыбыштар боюнча суроолор берилет.


Оозеки кайтарым байланыш.



Жаңы материалды тааныштыруу:











Китеп менен иштѳѳ:








Сабактын темасы жана максаты менен балдарды тааныштыруу.


Кырдаалдык сүрѳт боюнча аңгемелешүү. Эмнелерди кѳрүп турасыңар?

Жеке иштѳѳ:

Пп тыбышынын тамгасын окуучуларга кѳрсѳтүп, кыркылган тамганы туташтырып, табуу тапшырмасы берилет.

Кѳзүбүздү жумуп, элестетип баарыбыз чогуу Пп тыбышын айтабыз.

-Эмнени байкадыңар?

-Кандай айтылды?

-Эмне үчүн каткалаң үнсүз дейбиз?

- Айтылышына кѳңүл бурдуруу.

-Пп тыбышынын белгиленишин түстүү фишкалардан таптыруу.


Жупта иштѳѳ:

Сѳзгѳ тыбыштык талдоо жүргүзүү

М: Топ, Калык,калпак, кап ж.б.

Окуучулар сабактын темасы жана максаты менен таанышышат.

Сүрѳт боюнча ѳз ойлорун айтып, зоопарк жѳнүндѳ маалымат алышат

Андагы жаныбарлар жана балдар, кыздар жѳнүндѳ айтышат.


Балдар кыркылган тамганы тууралап, жабыштырып табышат. Пп тыбышынын баш тамгасын, кичине тамгасын кѳрүшѳт.

Пп тыбышын баары чогу айтып кандай атылгандыгына кѳңүлдѳрүн буруп, каткалаң үнсүз экендигин айтышат. Себеби Пп тыбышын айтканда ичтен чыккан үн тоскоолдукка учурап, катуу айтылды.

Пп тыбышын кѳк түс менен белгилешет.


Кал-пак-6тамга, 6тыбыш,2муунга бѳлүнѳт, сѳздүн ортосунда кездешти.

Эс алуу мүнѳтү:


Окуучуларды эс алдыруу максатында кѳнүгүүлѳрдү жасатуу.

Алиппе сабагында,

Кызыктарга батабыз.

Жомокторго аралашып,

Саякаттап кайталы.


Келгиле, балдар туралы,

Тез кыймылдап чуркайлы,

Мамалактай басалы,

Балык болуп сүзѳлү,

Ак куу болуп учалы,

Коён болуп секирип,

Ордубузга баралы.

Бир, эки, үч-отурабыз түз




Бышыктоо:


Топто иштѳѳ:

Окуучулар тѳрт топко бѳлүнүшѳт.

Топторго карточкалар таркатылат. Окуучулар карточкадагы сѳздѳрдү окуп беришет.

-Схема менен иштетүү.

Ар бир топко бирден баракка тапшырмалар жазылып, таркатылат.



Топтордо талкуулашып, карточкадагы сѳздѳрдү окушат.

М: Па, по, пе, ап, оп,ып, Ка-лык,

А-пал, кал-пак, кап-как, ап-пак,


Китептеги схемалар боюнча сүйлѳмдѳрдү түзүшѳт.

Барактагы схемалар менен иштешет.



Жыйынтыктоо:




Кайсы тыбыш менен тааныштык?

Ал кандай тыбыш?

Кандай түс менен белгиленет?

Суроолорго жооп алып, толуктоо менен сабак жыйынтыкталат.

Окуучулар суроолорго жооп беришет.

Үйгѳ тапшырма:



Пп тыбышы катышкан сѳздѳрдү окуп келүү


Баалоо:



Топтогон упайлары эсептелет. Окуучулар бири-бирин баалашат.







































КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

ОШ ОБЛАСТЫ

АЛАЙ РАЙОНУ

И. АДИШЕВ АТЫНДАГЫ №12 ОРТО МЕКТЕБИ





Ачык сабактын иштелмеси.

Тема: Пп тыбышы

1-класс



Башталгыч класстар мугалими: Маматова Укей.

Таш-Короо айылы.