СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

15 16 17Сезүү органдары

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«15 16 17Сезүү органдары»

Сезүү органдары

Сезүү органдары

Сезүү мүчөлөрү   Сезүү органдары  — сырткы таасирлерди кабыл алып, аны  нерв  импульсуна айландырып,  борбордук нерв системасына  жеткирүүчү түзүлүштөр.   Сезүү органдары тууралуу : Айлана-чөйрөнүн көптөгөн таасирлери тери, көрүү, угуу, тең салмактуулукту сактоо, жыт сезүү жана даам сезүү органдары аркылуу кабыл алынат. Сезүү органдарынын жардамы менен кабыл алынган күчү жана түрү боюнча ар кандай таасирлер мээге жеткирилип, айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнө жараша ылайыкталган жооп кайтарылып турат.  Териде жайгашкан нерв учтары бир нерсе тийгенде, басымды, ооруну жана температураны кабыл алат; тилдин былжыр челинде жайгашкан атайын сезүү аппараттары даам сезет. Айрым сезүү органдары ошондой айлана-чөйрөнүн таасирлерин алыстан кабыл алат. Мисалы, көрүү органы — жарык нурун, угуу органы — абанын термелүүсүн (үндү), ал эми тең салмактуулукту сактоо органы киши денесинин жана анын бөлүктөрүнүн абалынын өзгөрүшүн кабыл алат.

Сезүү мүчөлөрү

  • Сезүү органдары  — сырткы таасирлерди кабыл алып, аны  нерв  импульсуна айландырып,  борбордук нерв системасына  жеткирүүчү түзүлүштөр.
  • Сезүү органдары тууралуу :
  • Айлана-чөйрөнүн көптөгөн таасирлери тери, көрүү, угуу, тең салмактуулукту сактоо, жыт сезүү жана даам сезүү органдары аркылуу кабыл алынат. Сезүү органдарынын жардамы менен кабыл алынган күчү жана түрү боюнча ар кандай таасирлер мээге жеткирилип, айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнө жараша ылайыкталган жооп кайтарылып турат. Териде жайгашкан нерв учтары бир нерсе тийгенде, басымды, ооруну жана температураны кабыл алат; тилдин былжыр челинде жайгашкан атайын сезүү аппараттары даам сезет. Айрым сезүү органдары ошондой айлана-чөйрөнүн таасирлерин алыстан кабыл алат. Мисалы, көрүү органы — жарык нурун, угуу органы — абанын термелүүсүн (үндү), ал эми тең салмактуулукту сактоо органы киши денесинин жана анын бөлүктөрүнүн абалынын өзгөрүшүн кабыл алат.
Сезүү мүчөлөрү

Сезүү мүчөлөрү

Көрүү анализатору Көрүү  — көрүү органынын жана анализаторлорунун объектилерден чагылган жарыкты, шоолаларды баамдоо менен сырткы чөйрөнү кабыл алуусу, башкача айтканда тышкы дүйнө жөнүндө кабар алуу. Көрүү системасы. Көрүү функциясын атайын клеткалар — фоторецепторлор өтөйт, алардын жарыкты сиңирүү касиети фоторецепция деп аталат. Жарык энергиясынын таасири астында алгачкы учурда аларда рецептордук потенциал, андан кийин көздүн түбүндө жайгашкан нейрондордо козголуу болуп, алардан чыккан нерв импульстары мээге жеткирилет. Көрүү татаал функциялар системасы; ага жарыкты сезүү, жарык спектрлерин (боёк түрүн) ажыратуу, көрүү курчтугу, көрүү айланасынын кенендиги, эки көз тең кирет. Көздүн сезгичтиги айланадагы жарыкка байланыштуу, караңгыда көрүү курчуйт, жарыкта — төмөндөйт. Бул өзгөчөлүк көрүүнүн ыңгайлануусу деп аталат. Ушуга байланыштуу түнкү көрүү, күүгүмдө көрүү, күндүзгү көрүү болуп айырмаланат.

Көрүү анализатору

  • Көрүү  — көрүү органынын жана анализаторлорунун объектилерден чагылган жарыкты, шоолаларды баамдоо менен сырткы чөйрөнү кабыл алуусу, башкача айтканда тышкы дүйнө жөнүндө кабар алуу.
  • Көрүү системасы. Көрүү функциясын атайын клеткалар — фоторецепторлор өтөйт, алардын жарыкты сиңирүү касиети фоторецепция деп аталат. Жарык энергиясынын таасири астында алгачкы учурда аларда рецептордук потенциал, андан кийин көздүн түбүндө жайгашкан нейрондордо козголуу болуп, алардан чыккан нерв импульстары мээге жеткирилет.
  • Көрүү татаал функциялар системасы; ага жарыкты сезүү, жарык спектрлерин (боёк түрүн) ажыратуу, көрүү курчтугу, көрүү айланасынын кенендиги, эки көз тең кирет. Көздүн сезгичтиги айланадагы жарыкка байланыштуу, караңгыда көрүү курчуйт, жарыкта — төмөндөйт. Бул өзгөчөлүк көрүүнүн ыңгайлануусу деп аталат. Ушуга байланыштуу түнкү көрүү, күүгүмдө көрүү, күндүзгү көрүү болуп айырмаланат.
  • Айлананын жарыгы өзгөргөндө көздүн жарыктын боёк түрлөрүн (спектрлерин) сезгичтиги да өзгөрөт, себеби көздүн торчо кабыгында — колбочка жана таякча деп аталган фоторецепторлор бар. Колбочкалар торчо кабыктын ортосунда жайгашып, сары так деп аталат. Таякчалар анын четинде жайгашат. Сары так (колбочкалар топтолгон жер) даана, так көрүп, борбордук деп аталат.
  • Колбочкалар жарыкты азыраак сезип, күндүзгү көрүүнү камсыздайт. Ал эми таякчалар жайгашкан четки көрүү анча даана көрсөтпөйт. Таякчалар жарыкты сезгич келип, күүгүмдө же түнкүсүн көрүүнү ишке ашырат. Көрүүнүн жарыкка ыңгайланышы, көздүн сезгичтиги, көрүү пигменттеринин ажыраган санына, карек аркылуу жарык шооласынын өтүүсүнө, нервдердин сезгичтигине жараша болот. Колбочкалар жарыктын боёк түстөрүн (спектрлерин) ажыратууга адистештирилген.
  • М. В. Ломоносовдун (1756), Г. Гельмгольцтун (1866) теориясы боюнча көрүү торчо кабыгы кызыл, жашыл, көк түстөрдү артыкча сезүүгө ылайыкталган. Жалпысынан жарык шооласы айтылган үч боёктуу түспөлдөн турат, демек, жарыктын ичинде кайсы түс көбүрөөк болсо ал өзүнүн адистештирилген элементине көбүрөөк сиңирилет , натыйжада жарыктын боёк түстөрүн ажыратууга шарт түзүлөт. Эгерде айтылган 3 компоненттин бирөө тубаса жетишпесе же акырындап бузулса, андай адам ошол боёк түсүн көрбөйт. Бул илдет дальтонизм деп аталат. Буюмду даана же бүдөмүк көрүү жарыкты жана анын түстөрүн кабыл алууга байланыштуу.
  • Алыстан начар көрүү(миопия) — көрүүнүн кемчилдиги, алысты бүдөмүк көрүү. Ага жарыктын жетишсиздиги, буюмдарды өтө жакын коюп иштөө (китеп окуу, жазуу, кол өнөрчүлүк жана башка) себеп болот. Ал көбүнчө мектепте окуган мезгилден башталып, жаш өткөн сайын начарлай берет.
  • Алыстан начар көргөндөрдүн көзү тез чарчайт, көп окуганда же жазганда каштын үстү ооруйт, көз алмасын кыймылдатканда көздөн чыбырчыктар көрүнөт. Алыстан начар көргөндөр буюмду так көрүү үчүн аны көзүнө абдан жакындатууга аргасыз болот. Көрүү кемчилиги «чачыратуучу» иймек линзалуу көз айнек менен оңдолот. Ал көзгө күч келүүдөн пайда болгон жагымсыз сезимдерди жоготот.
  • Жакындан начар көрүү(гиперметропия) — көрүүнүн кемчилдиги, буюмду бүдөмүк көрүү (өзгөчө жакындан). Мында буюмдан чагылган нур көздүн тор кабыкчасына түшпөстөн, анын артына өтүп кетет. Жакындан начар көрүү көздүн тунук челинин жана чечекейинин сындыруу күчүнүн начарлыгына же көздүн алдыңкы-арткы огунун кыскалыгына байланыштуу болот. Ал тубаса же кийин пайда болот. Дээрлик бардык балдар төрөлгөндө жакынды начар көрүшөт, бирок өсүү жана өнүгүү процессинде (10 жаш чамасында) көпчүлүгүнүн көрүүсү калыбына келет.
Көздүн түзүлүшү Ал көз алмасынан жана анын жардамчы аппараттарынан турат. Көз алмасынын арткы уюлунан көрүү нерви чыгып мээ менен байланышкан. Көз алмасы шар сымал, алдыңкы уюлу томпок линзага окшош. Көз алмасы көз чанагында жайгашып, ички ядросунан жана аны курчап турган үч катмардан (ички, ортоңку жана сырткы) турат. Көз алмасынын сырткы катмарынын алдыңкы уюлу жарык нурун өткөрүүгө ылайыкталган тунук, сааттын айнегине окшош келип, тунук чел деп аталат. Көз алмасынын сырткы катмарынын тунук челден калган бөлүгү ак түстөгү катуу ткандан турат да, көздүн ак чели (склера) деп аталат. Көздүн ак челинин арт жагында тегерете көз булчуңдары бекип, көз алмасынын кыймылын камсыз кылат. Көз алмасынын ортоңку катмары кан тамырга өтө бай, ошондуктан кан тамырлуу катмар деп аталат. Кан тамырлуу катмардын негизинде пигмент түү кабыкча жайгашып, пигменттин аз же көп болушуна жараша көз ар кандай түстө (карадан бозго чейин) болот.

Көздүн түзүлүшү

  • Ал көз алмасынан жана анын жардамчы аппараттарынан турат. Көз алмасынын арткы уюлунан көрүү нерви чыгып мээ менен байланышкан. Көз алмасы шар сымал, алдыңкы уюлу томпок линзага окшош. Көз алмасы көз чанагында жайгашып, ички ядросунан жана аны курчап турган үч катмардан (ички, ортоңку жана сырткы) турат. Көз алмасынын сырткы катмарынын алдыңкы уюлу жарык нурун өткөрүүгө ылайыкталган тунук, сааттын айнегине окшош келип, тунук чел деп аталат. Көз алмасынын сырткы катмарынын тунук челден калган бөлүгү ак түстөгү катуу ткандан турат да, көздүн ак чели (склера) деп аталат.
  • Көздүн ак челинин арт жагында тегерете көз булчуңдары бекип, көз алмасынын кыймылын камсыз кылат. Көз алмасынын ортоңку катмары кан тамырга өтө бай, ошондуктан кан тамырлуу катмар деп аталат. Кан тамырлуу катмардын негизинде пигмент түү кабыкча жайгашып, пигменттин аз же көп болушуна жараша көз ар кандай түстө (карадан бозго чейин) болот.
Кан тамырлуу катмардын алдыңкы бөлүгүн — түстүү жаа сымал кабык, ортосун кирпиктүү (цилиар) денече, арткы бөлүгүн — кан тамырлуу катмардын өзү түзөт. Көздүн түзүлүш схемасы (туурасынан кесилген): 1—көздүн тунук кабыгы; 2—көздүн алдыңкы камерасы; 3— чечекей; 4— көздүн жаа сымал кабыгы; 5—конъюнктива; 6—илиар денеси; 7— көздүн ак кабыгы; 8, 16— көз. булчуңдары; 9—кан тамырлуу кабык; 10—торчо кабык; 11— айнек сымал дене; 12— көздүн торчо кабыгынын* сары тагы; 13— артернялар; 14— көрүү нерви; 15— көрүү нервинин кабыгы. Түстүү жаа сымал кабыктын так ортосунда карек жайгашкан. Ал жарык шооласынын аз же көп түшүүсүнө жараша кичирейип же чоңоюп турат. Каректин чоңоюп же кичирейип турушун түстүү жаа сымал кабыкта жайгашкан атайын булчуңдар камсыз кылат. Түстүү жаа сымал кабыктан артты карай улай кирпиктүү денече жайгашкан. Кирпиктүү денече жумурусунан келген тегерек. Анын ич жагындагы талчалары чечекейди кармап турат. Кирпиктүү денечеде чечекейди жукартып же калыңдатып туруучу булчуңдар бар.
  • Кан тамырлуу катмардын алдыңкы бөлүгүн — түстүү жаа сымал кабык, ортосун кирпиктүү (цилиар) денече, арткы бөлүгүн — кан тамырлуу катмардын өзү түзөт.
  • Көздүн түзүлүш схемасы (туурасынан кесилген): 1—көздүн тунук кабыгы; 2—көздүн алдыңкы камерасы; 3— чечекей; 4— көздүн жаа сымал кабыгы; 5—конъюнктива; 6—илиар денеси; 7— көздүн ак кабыгы; 8, 16— көз. булчуңдары; 9—кан тамырлуу кабык; 10—торчо кабык; 11— айнек сымал дене; 12— көздүн торчо кабыгынын* сары тагы; 13— артернялар; 14— көрүү нерви; 15— көрүү нервинин кабыгы.
  • Түстүү жаа сымал кабыктын так ортосунда карек жайгашкан. Ал жарык шооласынын аз же көп түшүүсүнө жараша кичирейип же чоңоюп турат. Каректин чоңоюп же кичирейип турушун түстүү жаа сымал кабыкта жайгашкан атайын булчуңдар камсыз кылат.
  • Түстүү жаа сымал кабыктан артты карай улай кирпиктүү денече жайгашкан. Кирпиктүү денече жумурусунан келген тегерек. Анын ич жагындагы талчалары чечекейди кармап турат. Кирпиктүү денечеде чечекейди жукартып же калыңдатып туруучу булчуңдар бар.
Кан тамырлуу катмардын арткы бөлүгү жалаң кан тамырлардан турат да, анын сыртындагы кара пигмент кабыкчасы жарык нурун чагылтпастан жутуп турат. Көз алмасынын эң ички катмары — тор сымал катмар. Бул көздүн жарыкты жана ар кандай түстөрдү сезүүчү бөлүгү кан тамырлуу катмарды ичинен каптап, өтө татаал түзүлүштө. Тор сымал катмардын эң тереңинде жарык сезүүчү — таякчалар жана колбачалар жайгашкан. Көз алмасынын ички ядросу чечекей, айнек сымал килкилдек жана көздүн астыңкы, арткы камераларындагы суюктуктан турат. Чечекей эки жагы томпок линзага окшош тунук, ийилгич, каректин астында жайгашат. Кирпиктүү денеченин кирпикчелеринин жардамы аркылуу булчуңдардын жыйрылуусунун натыйжасында чечекей өзүнүн калыңдыгын өзгөртүп, алыстан же жакындан даана көрүүгө көздү ылайыктап турат. Анын бул физиологиялык кызматы аккомодация деп аталат.
  • Кан тамырлуу катмардын арткы бөлүгү жалаң кан тамырлардан турат да, анын сыртындагы кара пигмент кабыкчасы жарык нурун чагылтпастан жутуп турат. Көз алмасынын эң ички катмары — тор сымал катмар. Бул көздүн жарыкты жана ар кандай түстөрдү сезүүчү бөлүгү кан тамырлуу катмарды ичинен каптап, өтө татаал түзүлүштө. Тор сымал катмардын эң тереңинде жарык сезүүчү — таякчалар жана колбачалар жайгашкан. Көз алмасынын ички ядросу чечекей, айнек сымал килкилдек жана көздүн астыңкы, арткы камераларындагы суюктуктан турат. Чечекей эки жагы томпок линзага окшош тунук, ийилгич, каректин астында жайгашат. Кирпиктүү денеченин кирпикчелеринин жардамы аркылуу булчуңдардын жыйрылуусунун натыйжасында чечекей өзүнүн калыңдыгын өзгөртүп, алыстан же жакындан даана көрүүгө көздү ылайыктап турат. Анын бул физиологиялык кызматы аккомодация деп аталат.
Кишинин көзүнүн сырткы: 1—каш; 2,7— көз жапкактарынын кирпиктүү четтери; 3— көздүн агы; 4,9— көз кычыктары; 5— жаш этчеси; 6— көк жаа сымал кабык; 8— карек.

Кишинин көзүнүн сырткы: 1—каш; 2,7— көз жапкактарынын кирпиктүү четтери; 3— көздүн агы; 4,9— көз кычыктары; 5— жаш этчеси; 6— көк жаа сымал кабык; 8— карек.

Көздүн түзүлүш схемасы (туурасынан кесилген): 1—көздүн тунук кабыгы; 2—көздүн алдыңкы камерасы; 3— чечекей; 4— көздүн жаа сымал кабыгы; 5—конъюнктива; 6—илиар денеси; 7— көздүн ак кабыгы; 8, 16— көз. булчуңдары; 9—кан тамырлуу кабык; 10—торчо кабык; 11— айнек сымал дене; 12— көздүн торчо кабыгынын* сары тагы; 13— артернялар; 14— көрүү нерви; 15— көрүү нервинин кабыгы.

Көздүн түзүлүш схемасы (туурасынан кесилген): 1—көздүн тунук кабыгы; 2—көздүн алдыңкы камерасы; 3— чечекей; 4— көздүн жаа сымал кабыгы; 5—конъюнктива; 6—илиар денеси; 7— көздүн ак кабыгы; 8, 16— көз. булчуңдары; 9—кан тамырлуу кабык; 10—торчо кабык; 11— айнек сымал дене; 12— көздүн торчо кабыгынын* сары тагы; 13— артернялар; 14— көрүү нерви; 15— көрүү нервинин кабыгы.

Жарык нуру тунук чел Жарык нуру тунук чел, көз алмасынын камерасындагы суюктук, чечекей жана айнек сымал килкилдек аркылуу тор сымал катмарга өтүп, чечекей жарык нурун сындырып таякчалар менен колбачаларга фокустап түшүрүп турат. Тунук челдин жана чечекейдин томпогунун өзгөрүшү жарык нурун тор сымал катмардын алдына же артына түшүрүп, көрүү начарлайт (астигматизм). Мындай учурда көз айнек кийүүгө туура келет. Тунук чел менен жаа сымал кабыктын ортосундагы көңдөйчөдө көз алмасынын алдыңкы камерасы, ал эми жаа сымал кабык менен чечекейдин ортосунда арткы камера жайгашкан. Алдыңкы камера менен арткы камера карек аркылуу бири-бири менен кошулган. Камера ичиндеги суюктуктун басымынын жогорулашы — глаукоманын белгиси.

Жарык нуру тунук чел

  • Жарык нуру тунук чел, көз алмасынын камерасындагы суюктук, чечекей жана айнек сымал килкилдек аркылуу тор сымал катмарга өтүп, чечекей жарык нурун сындырып таякчалар менен колбачаларга фокустап түшүрүп турат. Тунук челдин жана чечекейдин томпогунун өзгөрүшү жарык нурун тор сымал катмардын алдына же артына түшүрүп, көрүү начарлайт (астигматизм). Мындай учурда көз айнек кийүүгө туура келет. Тунук чел менен жаа сымал кабыктын ортосундагы көңдөйчөдө көз алмасынын алдыңкы камерасы, ал эми жаа сымал кабык менен чечекейдин ортосунда арткы камера жайгашкан. Алдыңкы камера менен арткы камера карек аркылуу бири-бири менен кошулган. Камера ичиндеги суюктуктун басымынын жогорулашы — глаукоманын белгиси.

Көздүн жардамчы аппараттары

  • Көздүн жардамчы аппараттарына каш, кирпик, көз жапкактары, жашты бөлүп чыгаруучу органдар жана жаш агуучу жолдор кирет. Алар көздү ар кандай тышкы таасирлерден сактайт. Каш чекеден ылдый карай аккан тердин көз жылчыгына куюлушунан сактаса, кирпиктер чаң, кар жана жамгырдын көздүн жылчыгына киришинен сактайт. Көздүн астыңкы жана үстүңкү жапкактарынын негизин тутумдаштыргыч ткандан турган кабыкча түзүп, сыртынан тери, ал эми ичинен конъюнктива менен капталган. Конъюнктива жеке эле көз жапкычтардын ички бетин каптабастан, көз алмасынын алдыңкы бетин да каптайт. Алдыңкы жана үстүңкү көз жапкагынын кырында кирпиктер жайгашат жана май бездеринин түтүгү ачылат.
  • Жаш бези көз чанагынын үстүңкү каптал бурчунда жайгашып, бир нече бөлүктөн турат да, жашты ондогон түтүкчөсү аркылуу конъюнктива баштыгынын ичине куят. Жаш түтүкчөлөрү аркылуу жаш баштыкчасына чогулат. Жаш баштыкчасынан жаш мурун көңдөйүнүн ичине жаш агуучу канал аркылуу агып түшүп, мурундун ичиндеги былжырлуу кабыкчанын бетинде бууга айланып, дем алуучу абаны нымдап турат.
  • Көздүн жана көз жапкактарынын кыймылы көз чанагынын ичинде жайгашкан атайын булчундардын жардамы менен аткарылат.
  • Көздүн булчуңдары түз жана кыйгач булчуңдардан турат. Бул булчуңдар адамдын башы жана денеси кайсы тарапка бурулса көздүн да ошол тарапка карашын камсыз кылат. Эгер бул булчуңдар туура эмес бекисе же алардын нервдери анча өөрчүбөсө, чалыр көз болууга себеп болот.

Көз оорулары жана жабыркашы

  • Көздүн айрым оорулары жугуштуу болот (мисалы, конъюнктивит, трахома, блефарит жана башка). Ал шейшеп, сүлгү, бет аарчы жана башка аркылуу жугат; көп учурда оору козгогучтар көзгө кир кол менен түшөт, ошондуктан көздү сактоо жана ар кандай дарттардан коргоо үчүн өздүк гигиена эрежелерин сактоо зарыл. Айрым учурда улгайган адамдардын чечекейи тунарып, катаракта пайда болот. Көздө суюктуктун нормалдуу айланып туруу процесси бузулганда көздүн ички басымы көтөрүлүп, глаукомага алып келет. Көздүн бузулушу көбүнчө ички органдардын же системалардын кандайдыр бир оорусу менен байланыштуу болот. Борбордук жана четки нерв системасынын, жүрөк-кан тамыр системасынын оорусунда, ууланууда, зат алмашуу, ички секреция бездери бузулганда, ошондой эле көзгө жакын органдардын ооруу процессинин (бет терисинин жана бет сөөгүнүн, мурундун кошумча кобулдарынын оорусунда) таралышынан көздө өзгөрүүлөр байкалат. Бул ооруларды өз учурунда дарылоо көрүүнү сактап калууга жардам берет.
  • Көрүү начарлай баштаса, догдурга кайрылуу зарыл, эгер ал көз айнек жазып берсе, аны сөзсүз пайдалануу керек. Көз жабыркаганда көрүү өтө начарлап жана сокур болуп калуу мүмкүн. Көздүн бир аз жабыркашы өз убагында медициналык жардам көрсөтүлсө жакшы айыгып кетет. Көз травмалары макаласын.
  • Көз ооруларында жана жабыркашында дарылоо процедураларын аткаруу техникасы. Көз ооруганда же жабыркаганда врач сунуш кылган дарыны оорулуу өзү же жакындары сыйпайт же куят. Ошондуктан алар дарылоо процедураларын аткарууну билгени оң. Көздү кайнап муздатылган суу, коюу чай же врач сунуш кылган дезинфекциялоочу эритмеге тоголоктолгон кебезди малып тазалайт. Сол колдун сөөмөйү жана бармагы менен көз жапкагын ачып, нымдалган кебезди сыгып жууйт. Резина баллонун колдонсо андан жакшы, бирок суюктукту катуу агызып киргизүү туура эмес. Көпчүлүк медициналык каражаттар тамчы -түрүндө пайдаланылат.
  • Көзгө дары тамчылатарда колду таза жууп, оң колго тамчылаткычты кармап, дары толтуруп алып, сол кол менен көздүн төмөнкү жапкагын тартып (бул учурда оорулуу өйдө карашы керек) туруп, тамчылатат. Тамчы кийимге агып кетпеш үчүн тоголоктолгон кебезди кошо кармай жүрүү керек. Тамчылаткычта калган дары кайра идишине куюлбайт. Көзгө дарыны тамызгандан кийин көздүн ички кычыгын басып туруу зарыл. Кээ бир учурда бир нече дарыны пайдаланууга туура келет. Ар бир дарыга өзүнчө тамчылаткыч колдонуу максатка ылайык.
  • Май дарыларды атайын таякча менен сыйпайт. Таякчанын жалпак учуна бир аз май дарыны чыгарып алып, көздүн астыңкы жапкагын ачып сыйпайт. Оорулуу көзүн жумгандан кийин таякчаны тартып алат. Нымдуу жылыткыч компрессти 5—10 катар дакини (6Х 8 см) жылуу суу же дарыга малып, бир аз сыгып туруп жумулган көзгө коюп, үстүн андан чоңураак клеёнка же пергамент кагазы менен жаап, кебез коюп байлап 6—8 саат кармайт. Кургак жылытуу үчүн резина жылыткыч колдонулат. Жылыткычты көздү жумдуруп туруп, үстүнө таза кол арчы же сүлгүр жаап, анын үстүнө коюлат. Бул процедуралар врачтын сунушу боюнча гана жасалат.
Көңүл бурганыңыздарга чоң ыракмат!

Көңүл бурганыңыздарга чоң ыракмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!