23-сентябрь
Мамлекеттик тил майрамы
- 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз ССРинин жогорку совети кЫргыз ССРинин мамлекетинин тили жонундо мыйзамын кабыл алган.
- 2004-жылы бул мыйзам жогорку кенештин мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаныланып, анда «кыргыз тили – мамлекеттик тил, орус тили-расмий тил» -деп жарыяланган
Тунук болсом,
Тилим менен тунукмун.
Улук болсом,-
Тилим менен улукмун.
Анткени тил-
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
ПАСПОРТУ да,
МАНДАТЫ да,
МЕТРИКАСЫ УЛУТТУН!
Эсенгул Ибраев
Кыргыз эл акыны .
Мен Кыргызмын
Улуу жолду басып келген,
Улуу белди ашып келген.
Тоо элинин каны сымал,
Толкун болуп ташып келген.
Менин тилим кыргыз тил.
Тилим менен ажырагыс,
Дилим дагы кыргыз бил!
Мен Кыргызмын ,
Кыргыз болуп калган учун,
Коктон очпос жылдызмын.
Ким кыргызга суктанышса,
Тилин билсин кыргыздын.
Омурдогу багытым бар,
Оз дегенде намысым бар,
Ошон учун КЫРГЫЗМЫН.
Женишбек Жумакадыр
Бирге журсом эне тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм,суйлойм,ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы корсом да,
Эне тилди суйгонумдон жанылбайм.
Алыкул Осмонов
Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил!
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган,калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.
Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
«Жылт» эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп тошторун каккан менен,
Билбегендер оз тилин Кыргыз эмес.
Тил жоголбойт,жоголсо,жоголот дил,
Тукумун да ,туурун да жоголот бил!
Тил жоголбойт,жоголсо айланасын,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
Шайлообек Дуйшеев
Улутчул дейт билбеген,
Улутун кимдер суйбогон.
Кыргыз деп келип дуйного,
Кыргыз деп кетем дуйнодон.
Байдылда Сарногоев
Кыргыз тили
Сен барда кыргызым бар, эне тилим
Ала-Тоо ак калпагын келечегин.
Боз уйун ,комуз куусу, чоор уну
Жаныртат умут коштоп келечегин.
Тилин суй Токтогулдун ,Жээренченин,
Улутумдун белгиси эне тилим.
Урматы сен атамдын, энекемдин,
Силер кыргыз,мен кыргыз ошол учун.
Даярдаган:
Раимбек Сатыбалды уулу атындагы №32
орто мектебинин башталгыч классынын
мугалими Садырбекова Нургуль