Просмотр содержимого документа
«4-тема. Презентация»
Тема 4: Эрте жаш жана мектепке чейинки жаштагы балдардын психологиясы.
ПЛАН: 1. Жаңы төрөлгөн баланын физиологиялык өзгөчөлүктөрү. 2. Бөбөк жана чоң киши. 3. Бөбөктүн психикалык өзгөчөлүктөрү. 4. Шартсыз рефлекс жана анын баланын өнүгүүсүндөгү мааниси. 5. Бөбөктөрдүн сезүү органдарынын өзгөчөлүктөрү. 6. Бөбөктөрдө кеп үйрөнүү аракетинин пайда болуусу. 7. Бөбөктөрдүн кыймылдарынын, аракеттеринин өнүгүүсү.
Жаңы төрөлгөн баланын физиологиялык өзгөчөлүктөрү Эл аралык классификация боюнча жаңы төрөлгөн баланын курагы он күндөн эки айга чейинки аралыкты өз ичине алат. Бирок бул мөзгил бөбөк жашына гана тиешелүү болбостон, эрте жаш балалыкка да таандык. Ушул себептен 10 күндөн бир айга чейинки аралык бөбөктүк мөзгил депаталат. Жаңы төрөлгөн бала төмөндөгүдөй физиологиялык өзгөчөлүктөргө ээ: - Салмагы 3200-500 грамм. Бир жашта 10000-10.100 граммды түзөт. Адаптациялык учурда бөбөк алгачкы салмагынын 5-6%ин жоготот. кийинки үч айда салмагы калыптанат.
-Боюнун узундугу 50 см. Бир жашта 75 см-ге барабар.
- Бир минутада 40-45 жолу демин ичине тартат. Ал эми бул көрсөткүч чоң кишилерде 16га барабар .
- Кан тамыры бир минутада 140 жолу кагат, жетижашта 90-100, чоң кишилерде 80-90го барабар. Жаңы төрөлгөн баланын биринчи мөнөттөгү жашоо мезгилиндеги жүрөгү бирминутта 200 жолу кагат .
- Мээнин салмагы 380-390 грамм.Чоң кишилердики 1400 грамм. Бир жаштын акырында мээнин салмагы 780-800, үч жашта 1110-1200 гр. тогуз жашта 1300 грамм, 15 жашта 1350 грамм, ал эми 21 жашта 1400 граммга барабар.
- Башы чоң келет, боюнун 14 бөлүгүн ээлейт. Чоң кишилердики 1 ү8 ге барабар.(Балдар айбанаттардын балдарына салыштырмалуу алсыз төрөлөт. Бөбөк өзүнүн жашоосунун 80%ин уйкуда өткөзөт. Тикеден тике жардамга муктаж. Бала-сырткы чөйрөгө ылайыкташа турган чектелген шартсыз рефлекс жүрүш-турушуна ээ..
Жаңы төрөлгөн балада физиологиялык функдияларды башкаруучу көрүү, коргонуу, багыттоо жана ар түрдүү кыймылдарды башкаруучу, кармоо,таянуу, аттоо рефлексттери көздешет. Бул рефлексттердитуулгандан баштап өнүгө турган арка мээ, подкорковый нервдер башкарат. Бала тышкы чөйрөнүн таасирине дифференциалдуу жооп бербестен, көбүнчө колдун, буттун кыймылдары менен жооп берет.
Чоң жарым шардын корасы (кабыгы) толук түрдө калыптанбаган абалда болот. Нерв клеткалары тарамдарга ажырай элек. өткөрүүчү жолдор коргоочу миелиновалык кабыкчалар менен жабылбаган. Бул дүүлүгүүнү борбордоштурбай, анын кенен тароосуна шарт түзөт. Шарттуу рефлексти түзүүгө тоскоолдук кылат. Баланын тубаса рефлекстери анын: жеткиликтүү өрчүбөн. Бул балада каалаган жүрүш-турушту пайда кылса болот дегендик .
Анализатордун жана мээнин жетилүүсүнө, өнүгүүсүнө, калыптануусуна атайын шарт керек. Бирок баланын жалпы денесинии жетилишине, калыптануусуна караганда анализаторлор тез жетилет. Көбүнчө угуу, көрүү анализаторлору жакшы өнүгөт. Ушунун негизинде шарттуу рефлекс жана түрдүү байланыш, багыттоочу рефлексттери да өнүгөт. Биринчи он күндүн ичинде тамактанууга мүмкүндүк берүүчү шарттуу рефлекс калыптанат. Багытоочу рефлексттин пайда болушу көрүү, угуу, көңүл топтоо ара-кеттерин пайда кылат. Импульсивдүү кыймылдарды тормоздойт. 2-3 айдан кийин баланын аракети чоң кишилерге багыттала баштайт. Өзүн баккан кишилерди башкалардан бөлүп, боолголоп калат. Секиндеп жандануу топтому пайда болот. Ушул көзден баштап бөбөктүк мезгили башталат.
Бөбөк жана чоң киши. Бөбөктүк курак 1-2 айдан бир жылга чейинки аралыкты өз ичине алат. Чоң кишилердин жаңы төрөлгөн бала менен биринчи мамилелешүү кадамы бөбөктүн ыйлоосу менен башталат. Бул феномен эмне үчүн пайда болот деген суроого: физиологдор- бөбөктүн тирүү жан катары жетилгендиги, үн чыгаруучу нерв түтүкчөсүнүн таруусунан тез дем чыгаруунун натыйжасынан деп түшүндүрүшөт. Психологдор болсо ыйлоону бул жашоо шартынын тез өзгөрүүсүнө ыраазы болбоонун реакциясы катары карашат. 3. Фрейдистер - бекем, коопсуз чөйрөсүн элестетүүсүн жана инстинктивдүү керектөөсү менен турмуштун, коомдун талабынын ортосундагы карама-каршылыктардын натыйжасы катары кабыл алышат.
Чоң кишилер баланы бир капталынан экинчи капталына оодарып, кириндирип, тамактантып, органикалык керектөөсүн канааттандырганда бөбөктөрдө ар түрдүү аракеттер пайда болот. Бала көзү менен көп заттарды көрөт, кыймылдап, аны кармоого мүмкүндүк алат. Чоң кишилерден тери, угуу сезими аркылуу таасирлер берилет. Эмоционалдуу карым-катнаш баланын көңүлүн көтөрөт. Чоң кишинин жанынакелиши менен баланынкөңүлү көтөрүлөт, же жанындагы оюнчуктар менен «көңүл ачат».