1-тема
Киришүү. Тарых эмнени окутат?
Өтүүлүчү класстар: | Өтүүлүчү күнү: | Завучтун колу: | Мугалим: |
| | | Сатанова А.А. |
Ишмердиктин этаптары | Мугалимдин ишмердиги | Окуучунун ишмердиги | Компетенттүүлүктөрдү калыптандыруунун натыйалары (матрица боюнча |
Ишмердиктин максаттарын аныктоо | Окуу жана окуу методикалык (электрондук ресурстар, илимий-көркөм материалдардын негизинде окуучуларда тарыхты предмет катары кызыгуу менен окуп-үйрөнүүсү ой-жүгүртүү аркылуу,предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптанат. | Окуу жана окуу методикалык (электрондук ресурстар), илимий-көркөм материалдардын негизинде окуучуларда тарыхты предмет катары кызыгуу менен окуп-үйрөнүүгө багытталат. | Негизги, жалпы адамзаттык баалуулуктардын келип чыгышын аныктай алат. Адамзаттык баалуулуктарды санап беришет жана ага карата өз ойлорун билдире алат. |
Жаңы материалдарды окуп үйрөнүү | Тарых деген эмне? деген теманын мааниси тушүндүрүлөт. Тарых эмнени үйрөтөт? Тарыхты окуп-үйрөөнүнүн мааниси деген материалдын мазмуну ачылып көрсөтүлөт. | Тарых деген сөздүн маанисин түшүнөт. Тарых сабагы эмнени үйрөтөт? Тарыхты үйрөнүүнүн сырларын билет. | Ата Мекендик тарыхтын түрдүү доорлорундагы турак-жайды, эмгек-куралдарын, тиричилик буюмдарын, кийим-кечегин, адамдардын тышкы келбети, архитектуранын эстеликтерин сүрөттөп бере алат. |
Жаңы билимдерге, жөндөмдөргө ээ болуу. | Окуу материалын жаңы педагогикалык технологиялардын жардамы менен берет. | Окуу материалынын мазмунун түшүнөт. | Ата Мекендик тарыхтын түрдүү доорлорундагы турак-жайды, эмгек-куралдарын, тиричилик буюмдарын, кийим-кечегин, адамдардын келбети боюнча материалдарды чогултат. |
Ишмердинти балоо этабы | Предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруунун натыйжаларын баалайт. | Тарых сабагынын, тарыхты окуп-үйрөнүүдөгү маанисин түшүндүрүп бере алат. | Билимдерин мектепте жана мектептен тышкаркы жашоосундагы көп маданияттуу чөйрөдө диалогдун негизи катары колдонот. |
Сабактын тиби: жаңы теманы окуп үйрөнүү сабагы.
Сабактын жабдылышы: окуу программасы, окуу китеби, мугалимдер үчүн колдонмо, окутуунун жаңы технологиялары, интернет ресурстары.
Методикалык ыкмалар: интерактивдүү окутуу, топтук жана жеке иштөө ыкмалары.
Колдонулган технологиялар: окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү.
Терминдер менен иштөө: тарых, ата-бабалар, даректер, археология, этнология, хронология, эпиграфия, палеография, генеалогия же санжыра, геральдика, топонимика, край таануу.
Курс жана предмет аралык байланыштар: Дүйнөнүн тарыхы, Кыргызстандын тарыхы, тарыхка көмөктөш билимдер.
Күтүлүүчү натыйжалар: окуучулардын предметтик хронологиялык жана картографиялык, тарыхый-цивилизациялык, этномаданий, социалдык-жарандык компетентүүлүтөрү калыптанат.
Сабактын жүрүшү:
-
Уюштуруу иштери:
Класстын сабакка даярдыгын текшерүү. Иш орунун уюштуруу.
Билимдерди актуалдаштыруу: тарыхтын өткөн мезгилдин эле тарыхы эмес, келечектин тарыхы катары тажрыйбалык баалуулугун ачып көрсөтүү;
1-суроо: Тарых деген эмне?
Мугалим: Саламатсыңарбы, балдар силерди жаңы окуу жылыңардын башталышы менен куттуктаймын! Силер бүгүндөн тартып мектептин башталгыч классын бүтүп, эми орто бөлүктөгү класстардын катарына кирдиңер. Тарых сабагынан (Кыргызстандын тарыхы, Дүйнөнүн тарыхы) окуу жылында биз силер менен чогуу иштейбиз. Мен силер менен таанышканыма кубанычтамын!
Келгиле, эми бүгүнкү сабактын темасына көңүлүңөрдү буралы.
Тема доскага жазылып коюлган. Мугалим окуучуларга кайрылуу менен “балдар силер тарых деген сөздү укканда кандай ой-пикирлер, элестетүүлөр оюңарга түшөт” деген суроону берип, доскага сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү технологиясын пайдалануу менен кластерди тартат.
Мугалим окуучулардын ойлорун кластердин айланасына толук жазып бүтөт. Мындан улам адамзаттын басып өткөн жолу тууралуу окуучулардын маалыматы канчалык деңгээлде экендиги белгилүү болот.
Бул технологияны азыркы учурда колдонуунун методикалык баалуулугу эмнеде?
Көпчулук учурда жаңы теманын материалы менен иштөөдө мугалим окуучулардын тема тема боюнча сабака чейинки маалыматын эске албай эле репродуктивдик ыкмаларды колдонуу менен сүйлөй берген учурлары кездешет. Ал эми кластер технологиясын колдонуу аркылуу окуучулар билген маалыматтарды мугалим кайталабайт, тескеринче системалаштырат, толуктайт.
Өзгөчө белгилеп коё турган нерсе, мугалим тарабынан окуучулардын билгендери айтылса окуучулардын көңүл коюу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Окуучулар да “мугалим биз билгенди эле айтып жатат” деген пикир пайда болот дагы сабакты укпай калат.
Мугалим окуучуларга берген суроосунун жообун окуу китебиндеги негизги ой менен төмөнкүдөй жыйынтыктайт.
Мугалимдин биринчи суроо боюнча жыйынтык пикири:
Тарых дегенибиз – адамзаттын басып өткөн жолу, алардын тарыхка калган изи. Силер күркүрөп аккан улуу дарыяны элестеткилечи. Ал миңдеген булактардан, көк кашка тунук суулардан куралып отуруп, чоң дарыяга айланып, эч качан артты көздөй акпайт эмеспи. Ошол сыяктуу мезгил ыргагы менен адамзаттын тарыхы да токтобостон дарыядай ташкындап агып турат. Аны артка кайтаруу таптакыр мүмкүн эмес. Силер менен бирге ата-бабаларыбыз жашап өткөн байыркы доорго саякат жсасак, көптөгөн кызыктуу окуяларга күбө болобуз. Ошентип, биз күн сайын туш болгон ар түрдүү окуялар эртең тарыхка айланат. Анткеги, жашоонун дагы бир күнү артта калып жатпайбы. Демек, тарых– адамзаттын өткөндөгүсү жөнүндөгү илим болуп саналат.
2-суроо: Тарых эмнени окутат?
Окуу китеби менен иштөө:
Келгиле, дагы бир ирет ой жүгүртүп көрөлүчү балдар, демек жогоруда биз талдап чыккан маалыматтардын негизинде тарыхты окуп-үйрөнөрүбүздү билдик. Ал эми окуп-үйрөөнүнүү кайдан баштайбыз? Туура, мектептен, анын тарых сабагында. Дүйнөдө бизден башка дагы элдер жашайбы? Ооба, көптөгөн элдер, алардын түзгөн мамлекеттери, болуп өткөн окуялары дагы биз үчүн абдан кызыктуу. Ошондуктан, биз Кыргызстандын тарыхы менен катар дүйнө элдеринин тарыхын дагы окуп уйрөнөбүз.
3-суроо: Тарыхты окуп-үйрөөнүнүн сырдуу табышмактары.
Ар бр элдин, этностун тарыхынан кабар берген дастандар, санжыралар, жер астынан табылган буюм-тайымдардын ичине кийген темир зооттон жасалган кийими казуулардын негизинде табылды дейли. Кийимдин сүрөтү слайд менен берилет.
Бул канчанчы кылымга таандык? Ал адам кандай адам болду экен? Бул кийим эмне максат менен, кайсы учурда кийгендиги сыяктуу деген толгон суроолорду камтыйт.
Окумуштуу изилдөөчүлөр ушундай сырларды изилдеп келип, тарыхка кошумча, көмөктөш илим-билимдер тарыхты окуп-үйрөөнүгө чоң жардам берет.
Археология | Жер астынан табылган өткөн доордогу буюм-тайымдар тууралуу |
Этнология | Тигил же бул элдин турмуш-тиричилиги, маданияты тууралуу |
Хронология | Убакыттын чен-өлчөмдөрүн чектөө |
Палеография | Жазма эстеликтер жөнүндө |
Генеалогия же санжыра | Элдин, уруу, уруктардын келип чыгышы |
Геральдика | Өлкөнүн, шаарлардын гербдеринин келип чыгышы жана колдонулушун окуп үйрөнүү |
Топонимика | Жер-суу аталыштарынын келип чыгышын окуп үйрөтөт |
Край таануу | Аймактардын тарыхын окуп үйрөнүү |
4-суроо: Тарыхты окуп-үйрөнүүнүн мааниси.
Эми акырында оюбузду жыйынтыктап көрөк, ар бир адам баласы өзүнүн үй-бүлөсүнүн тарыхын (жети ата) санжырадан билет. Чогуу жашап келегн тууган-уруктардын келип чыгышы тууралуу генеалогия деген көмөкчү илим жардам берет.
Өзү жашаган аймактын тарыхына кантип кызыгууга болбойт. Бул тууралуу топономика деген илим бар экендигин билдик. Ошол аймакта жашаган элдин турмуш-тиричилиги, маданият, каада-салттары өзгөчөлүктөрү тууралуу этнологиядан окуп-үйрөнөбүз.
Биз башында тарыхты дарыяга салыштырганбыз. Мына ушул дарыянын куймасындагы убакытты тактоого тарыхчылар өзгөчө маани беришет. Убакыт чен-өлчөмдөрү, жазма эстеликтер, таштын, темирдин бетиндеги жазуулар буга жардам берет.
Көрдөңөрдү балдар, тарых абдан кызыктуу жана пайдалуу илим. Окумуштуулар ар тараптан изилдеп берген маалыматтарды билимге айландырып, тарых сабагында окуп баштадык. Силер тарыхка кызыгып, көптү билем десеңер бугүнтөн баштап, байма-бай окуп даярданасыңар. Ошондо гана билимдин пайдубалы бекем болот.
Ата-бабалардын тажрыйбасынын мыкты, пайдалуу жактарын туура пайдаланып, бүгүнкү жана келечектеги кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңе алабыз.
Теманы бышыктоо үчүн суроолор:
1.Тарых менен маданияттын кандай байланышы бар?
2.Дүйнөнүн тарыхы менен Кыргызстандын тарыхынын байланышын жана өзгөчөлүктөрүн айтып бергиле?
3.Тарыхка көмөктөш болгон илим-билимдер кайсылар?
4.Тарых сабагында эмнелерди окуп-үйрөнөбүз.
5.Тарыхты окуп-үйрөнүүнүн баалуулугун айтып бергиле.
Үйгө тапшырма:
-Окуу китебиндеги киришүү бөлүмүн окуп келесиңер.
-Таблицадагы терминдерди толуктап, комментарий бересиңер.
-Интернет материалдарды колдонкк мүмкүнчулүгү бар.
-“Кыргызстандын тарыхы” боюнча видеолекциялардын тизмеги.
Окуучулардын билимин баалоо: ар бир окуучунун диалог мезгилиндеги жоопторун комментарийлер менен баалоо.