Ош шаарындагы №11 В.В.Терешкова мектеп-интернаты
Тарых 5-класс
Тарых мугалими Ормокова Ч.
Тема: Тарых эмнени
окутат?
Сабактын максаты:
- Тарых сабагы жөнүндө түшүнүк алышат.
- Тарыхты окуп үйрөнүүнүн маанисин талдашат.
- Тарыхтын көмөкчү тармактарын билишет.
Тарых эмнени окутат?
- Тарых-грек тилинен которгондо «изилдөө», «окуяларды баяндоо»,
- Арабча- «сыпаттап айтуу»,
- Латынча- «өткөндөр тууралуу баяндар» дегенди түшүндүрөт.
- Тарых -ата бабаларыбыздын басып өткөн жолу,алардын кийинки муундарга калтырып кеткен изи.
- Тарых -адамзат коомунун өткөн жолун изилдөөчү илим.
- Тарых -бул, адамзат коомундагы маанилүү окуяларды камтыган окуу предмети .
Балдар, силер билесиңерби?
- Ар бир адамдын, үй-бүлөнүн, уруктун, уруунун өзүнчө тарыхы болот.
- Мындай тарыхтын эң негиздүүлөрү элдин жана мамлекеттин негизин түзөт.
Тарыхтан биз эмнени үйрөнө алабыз?
Тарых
Ата Мекендин тарыхы
Дүйнөнүн тарыхы
Тарыхтан биз балдар адамзат коому пайда болгондон бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый окуяларды, өлкөбүздүн, элибиздин тарыхын, маданиятын окуп үйрөнөбүз.
- Тарыхты окуп үйрөнүү менен бирге
Египет пирамидалары
Александриядагы Фарос маягы
Вавилондун асма бактары
Индиядагы Тадж-Махал
Олимпиададагы Зевстин айкели
Римдеги Колизей
Улуу Кытай дубалы
- Мындан сырткары адамзат башынан өткөргөн кандуу согуштарды жана маанилүү окуяларды тарыхтан окуп үйрөнөбүз.
- Жазуу даректеринин качан пайда болгонун, жер-суу аталыштары жөнүндө, ата-бабалардын эрдигин, даанышмандыгын, салт-санааларын окуп үйрөнөбүз?
Согуштар
Жазуу даректер
Балдар,тарыхты окуп үйрөнүүдө төмөндөгүдөй көмөкчү илимдер жардам берет.
Тарыхтын көмөкчү тармактары
Геральдика
Археология Топонимика Этнология Генеалогия
Сфрагистика Хронология
Кыргыздардын алгачкы тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулу «Кыргыздардын кыскача тарыхы» аттуу эмгегинде «Тарых үйрөнүү эмне үчүн керек?»-деген суроого: «Жүрөгүндө оту бар жигиттер тарыхты билүү керек»- деп жаштарды тарыхты билүүгө үндөгөн.
Өзүңөрдү текшергиле?
- Эмне үчүн тарыхты окуп үйрөнөбүз?
- Тарых предмети канчага бөлүнөт?
- Тарыхты үйрөнүүдө кандай көмөкчү илимдер жардам берет?
Үйгө тапшырма:
- Теманы толук окуп чыгасыңар?
- Тема боюнча өз алдынча тест түзөсүңөр?