Просмотр содержимого документа
«5-класс дуйно тарых»
Сабактын темасы:
§§ 9, 10. Ирандын байыркы цивилизациясы.
Байыркы Ирандагы маданият жана дин.
1935-ж. чейин Персия деп аталган. Персиянын батышында байыркы дүйнөдөгү цивилизациянын мекени болгон Месопотомия орун алган. Элам – Иран тайпак тоосунун түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан байыркы мамлекет.Б.з.ч. III м.ж.-XIIкк. гүлдөгөн мамлекетке айланган. Борбору Сузы шаары болгон.
Батыш Азиядагы үч падышалык: Лиди, Мидия жана Вавилон падышалыгы.
Байыркы Эламдыктардын сүрөт белгилери.
Лидияда чегилген алгачкы тыйындар
Б.з.ч.553-ж. перстер МИдияны, Б.з.ч. 547-ж. Лидияны, Б.з.ч. 539-ж. Вавилонду каратып алышкан.
Кир II Улуу (б.з.ч. 600—530) перс падышасы (б.з.ч.558—530). Ахемениддер мамлекетинин негиздөөчүсү.
Б.з.ч. 530-жылы Сыр-Дарыянын боюн мекендеген сак (массагет) уруулары менен согушта курман болгон. Грек тарыхчыларынын маалыматтарында анын башын массагеттердин аял падышасы Томирис кесип алганы тууралуу айтылат.
Дарий I, Дарая вауш – б.з.ч. 522–486-жылы байыркы Персия падышасы. Ахеменилер династиясынан.Ал реформа жүргүзүп, өлкөнү округдарга бөлгөн.
Б. з. ч. 522–521-жылы «Өлбөстөр» деп аталган 10 миң армиясы менен Вавилон, Мидия, Персия, Маржана, Элам, Мысыр, Парфия аймактарындагы жана Орто Азиядагы скиф урууларынын көтөрүлүштөрүн басып, бир катар чарбалык, маданий реформаларды жүргүзгөн. Персиянын мурунку падышасы Кир IIнин Орто Азияда жашаган сактарга каршы басып алуучулук саясатын улантып, эки жолу жортуулга чыккан. Анын тушунда грек-перс согушу (б. з. ч. 500–499-жылы) болуп өткөн. Эл аралык сооданы өнүктүрүп, Ахеменилер дөөлөтүн чыңдаган.
Байыркы Иран падышасы Дарий Інин (б. з. ч. 522-486-ж. бийлеген) буйругу менен б. з. ч. 516-ж. Түндүк-Батыш Ирандын Керманшах Хамадан жолунун боюндагы Накш-и Рустем капчыгайындагы Бехистун аскасында чегилген жазуулар. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү аска летописи. Анда б. з. ч. 522-519-ж. Ахемениддер мамлекетиндеги окуялар баяндалат.
Персия империясынын байыркы борбору – Персеполь шаары болгон.Анда байыркы доорго таандык адамдардын , жаныбарлардын , чоподон жасалган слкттр, оймо-чийме тшрлгн карапалар, чебер иштелген металл буюмдар табылган.
Ападана-салтанат залдары, түбү коңгуроо сымал орнотулган өгүз,жолборс баш түркүктүү имараттар салынган. Дини-көп кудайга сыйынуу.