СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

5-март ак калпак күнү

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

5-МАРТ АК КАЛПАК КҮНҮ

Просмотр содержимого документа
«5-март ак калпак күнү»

5-МАРТ АК КАЛПАК КҮНҮ

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына АК КАЛПАК КҮНҮ белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы № 825—6- токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Күндү белгилөөнүн инициатору катары режиссёр Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болушу керекдеген ойлорун билдирген. Ал эми 5-март калпак күнү байчечекейлер чыгып, жаздын күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп,2016-жылы официалдуу статус алган.

Калпак ак түстө болуп, чекеси кара, желбиреген чачысы ак калпакта салаңдап турат. Тышкы жөнөкөйлүгүнүн артында кылымдар бою туураланып келген ыңгайлуулук менен тыкандык жатат.

Кыргыз маданиятында ак калпак эң демократиялуу баш кийим болгон. Аны бүт эркектер кийишкен- бай-манаптардан баштап кедей-кембагалдары, жашы , карысы. Формасы жана түстөрү менен гана айырмаланып турган. Мисалы ак сөөктөр, ырчылар бийигирээк калпак кийишип, ичке кылдуу жүндөн, кымбат баркыттан бычылып, өзгөчө оймолор менен кооздолгон.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тикмечилери түрдүү фасондогу калпактарды даярдашат, майрамдык, күнүмдүк, балдарга, карыларга калпактын 80дей түрү бар деп айтылат. Алар формасы татаалдыгы, мааниси жана ыңгайлуулугу менен айырмаланышат.Чыныгы ак калпак табигый, жаңы тазаланган, ак ичке кылдуу койдун жүнүнөн дайындалат. Дал ушундай жүндөн жасалган калпак кышкысын сууктан сактап, жайкысын ысыктан коргоп, жаанда суу өткөрбөйт, формасын жоготпойт.

Жылда Ак Калпак күнү Республикабызда, өзгөчө Бишкек шаарында майрамдык салтанат, атайын иш-чаралар, жарманкелер, концерттер, флешмобтор өткөрүлөт. Мектептерде маданий-массалык иштер жүрүп, бардык эркектер бул күнү ак калпак кийишет.

Формасы, оймо-чиймелери өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат.Калпакты ардактуу,кадырлуу адамдарга белекке беришип,майрамдарга,жумушка кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кейишет.

Учурда түрдүү иш-чараларда, майрамдарда ижара калак тартуулоо салтка айланып барууда.Ал эми Кыргызстан спортчуларынын эл аралык спорт мелдештериндеги параддык формаларына сөзсүз түрдө калпак кирет.

Ак калпак-тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестетет. Кыргыздардын Манас эпосунда да кыргыздар калпагын башынан түшүрбөгөн эл деп айтышкан. Кыргыздарда калпакка болгон мамиле өзгөчө десек болот. Аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек.Илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан.Кыргыз өз калпагын сатпайт, бирөөгө бербейт, бир гана мурас катары берсе болот. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан ажыраган болот деп айтылат.

КАЛПАК КҮНҮ БОЛО БЕРСИН

Саламдашам кептен айтып салмактуу,

Саламатпы эли-журтум ардактуу.

Амандашып анан башка сөзгө өткөн,

Ата-баба апапакай калпактуу.

Калпак күнү бүт кыргыздар сүйүнгөн,

Калпак кийип менда келдим үйүмдөн.

Бүт кыргыздын балдарындай мен дагы,

Калпак кийгем тээ балалык күнүмдөн.

Жигит болуп кыргыз атка татыган,

Ак калпагын түшүрбөгөн башынан.

Эли журтум майрамыбыз кут болсун.

Куттуктаймын үй-бүлөмдүн атынан.

Беш жаштабы, мейли токсон жаштабы,

Калпак кийген абалтаданжаш-кары.

Эске түшөт ак калпакты көргөндө,

Ак кар баскан Ала-Тоонун баштары.

Баалап, барктап баардыгыбыз азыр да,

Кийеличи жайда, күздө жазында.

Комуз түшпөй кыргызымдын колунан,

Ак калпагы дайым болот башында.

Жүргөнсүйбүз ак калпакты барктабай,

Кийиш керек үйдө катып сактабай.

“Майрам экен бүгүн кийдик болду”-деп,

Жакшы эместа эртең чечип таштамай.

Калпак кийип жүрсөк деймин ар дайым,

Калпак сүйлөйт кыргыздардын тек-жайын.

Бир жылдагы бир күн менен чектелбей,

Калпак күнү боло берсин ар дайым.

Дүйнөдө түрдүү улут бар,

Кээ бири тилин унуткан.

Буйругу менен кудайдын,

Бул заманга туш кылган.

Байыркы кыргыз элденбиз

Батасын алган улуктан.

Башкасын айтып некылам,

Кытайлар корккон буруттан.

Кыргызымдын белгиси,

Тили менен билинет.

Башкалардан өзгөчө,

Башына калпак кийинет.

Калпагы тили болбосо,

Ким экенин ким билет.

Ошон үчүн калпактын,

Кадырын жакшы билели.

Манас кийген ак калпак,

Мааниси менен кийелик.

Көрүнгөн жерге таштабай,

Коркү менен кийелик.

Баш кийим улук экенин,

Көкүрөктө түйөлүк.

Камчы менен калпагым,

Бийик жерде илинүү.

Баш кийимин сыйлаган,

Башкага болбойт жүгүнүү.

Короодо жумуш кылганда,

Малакайды кийемин.

Эки жакка барганда,

Ак калпак менен жүрөмүн.

Башымда калпак турганда башкача согот жүрөгүм.