Сабактын темасы: Бөлүнүүнү аныктагандагы ката. 4 кө жана 9 га бөлүнүү белгилерин колдонуу
Сабактын максаты:
Окуучулар 2 ге, 3 кө, 4 кө, 5 ке, 9 га, 10 го жана 25 ке бөлүнүү белгисин билишет, бөлүнүү аныктагандагы катаны, 4 кө жана 9 га бөлүнүү белгилерин колдонууну үйрөнүшөт;
Өз алдынча мисал маселелерди чыгара алышат,
логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;
Алган билимдерин турмушта колдоно билишет.
Өтүлгөн теманы кайталоо
А) Натурал сандар деп кандай сандарга айтылат?
Б) Бүтүн сандар деп кандай сандарга айтылат?
В) Бөлүнүш белгиси жөнүндөгү теорема кандай?
Г) жуп жана так сандар касиеттери кандай?
Д) 2 ге, 4 кө, 5 ке, 25 ке, 10 го бөлүнүү белгисин айтып бергиле.
Def: Эгерде бүтүн сан же 0 же 5 менен аяктаса, анда ал сан 5 ке бөлүнөт.
Def: Эгерде сандын акыркы эки цифрасынан түзүлгөн сан 4 кө бөлүнсө, анда ал сандын өзү да 4 кө бөлүнөт.
Def: Эгерде сандын акыркы эки цифрасы
нан түзүлгөн сан 25 ке бөлүнсө, анда ал
сандын өзү да 25 ке бөлүнөт.
Def: Сандын цифраларынын суммасы 3 кө бөлүнсө, анда ал сан 3 кө бөлүнөт.
Def: Сандын цифраларынын суммасы 9 га бөлүнсө, анда ал сан 9 га бөлүнөт.
Def: 9 га бөлүнгөн сандар 3 кө да бөлүнөт, бирок 3 кө бөлүнгөн сандар ар дайым 9 га бөлүнө бербейт.
Жаңы теманы түшүндүрүү
Бөлүнүүнү аныктагандагы катаны маселе жардамында карап чыгабыз.
1-маселе : Акылай 33 дептер, 12 калем сап жана бир нече китеп сатып алды. Ар бир китеп 45 сомдон турган. Сатуучу буларга 349 сом сураганда, Акылай эсептөөдө ката бар деп, кайра эсептөөнү суранды. Акылай бул өтүнүчүн кандай түшүндүргөн?
Чыгаруу:
Акылай 33х+12у+45z сом төлөө керек. Мындагы ар бир кошулуучу 3 кө бөлүнөт, демек алардын суммасы дагы 3 кө бөлүнөт. Сатуучу атаган 349 санынын цифраларынын суммасы 3 кө бөлүнбөйт. Мында ката бар.
2-маселе: Билбесбек 67+8212 суммасы 9 га бөлүнбөйт, анткени биринчи кошулуучу 9 га бөлүнбөйт деп негиздеди. Билбесбектики туурабы?
Ооба туура, 67+8212=8279 → (8+2+7+9)=26 саны 9 га бөлүнбөйт.
3-маселе: 9 жана 36 сандарына бөлүнө турган түрүндөгү эң кичине натуралдык санды тапкыла.
Чыгаруу: Бул сандын цифраларынын суммасы 7+2+3+х+4+3+у=19+х+у болот. Сан 9 га бөлүнүү үчүн анын цифраларынын суммасы 9 га эселүү болушу керек. 19 санынан кийинки 9 га эселүү сан 27 болгондуктан х+у=8 болушу керек. Демек, эң кичине маанилер х=0 жана у=8 болот. Изделген сан 7230438.
Сан 36 га бөлүнүү үчүн ал сан 9 га да, 4 кө да бөлүнүү керек. 7230438 саны 9 га бөлүнөт, бирок 4 кө бөлүнбөйт. х+у=8 болгондой 2-учурун табабыз: х=2 жана у=6 эң кичине мааниси болот. Анда изделген сан 7232436 экени келип чыгат.
№ 235
а нын кайсы маанисинде суммасы 3 кө бөлүнөт?
5+2+а+1+1+2=11+а суммасы 3 кө бөлүнүү үчүн
а=1 521+112=633
а=4 524+112=636
а=7 527+112=639
№ 236
в нын кайсы маанисинде суммасы 9 га бөлүнөт?
в+1+5+2+2+1+7=18+в суммасы 9 га бөлүнүү үчүн в=9.
9152+217=9369 9 га бөлүнөт
№ 238
3 жана 15 сандарына бөлүнө турган түрүндөгү эң кичине натуралдык санды тапкыла.
Чыгаруу : Бул сандын цифраларынын суммасы 2+5+3+х+5+4+3+у=22+х+у болот. Сан 3 кө бөлүнүү үчүн анын цифраларынын суммасы 3 кө эселүү болушу керек. 22 санынан кийинки 3 кө эселүү сан 24 болгондуктан х+у=2 болушу керек.
Демек, эң кичине маанилер х=0 жана у=2 болот.
Изделген сан 25305432 .
Сан 15 ке бөлүнүү үчүн ал сан 5 ке да, 3 кө да бөлүнүү керек.
25305432 саны 3 кө бөлүнөт, бирок 5 ке бөлүнбөйт.
х+у=2 болгондой 2-учурун табабыз:
х=2 жана у=0 эң кичине мааниси болот.
Анда изделген сан 25325430 экени келип чыгат
Үйгө тапшырма:
№ 237; №239