СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

6-класс математика

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

6-класс математика эчкилердин санын аныктоо

Просмотр содержимого документа
«6-класс математика»

Классы: 6-а Предметы: Математика Күнү:

Сабактын темасы: Эчкилердин санын аныктоо. Картошканын баасын аныктоо.

Сабактын максаты:

Окуучулар теңдеме жөнүндө билишет, эчкилердин санын аныктоо, картошканын баасын аныктоо жөнүндө маалымат алышат;

Өз алдынча мисал маселелерди чыгара алышат, логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;

Тапкычтыкка тарбияланышат;


Көрсөткүчтөрү:

Окуучулар эчкилердин санын аныктоону, картошканын баасын аныктоону билсе;

Өз алдынча мисал маселелерди чыгара алса;

Берилген тапшырманы аткарса;


Сабактын жабдылышы: китеп, дептер, ручка, телефон, ноутбук,


Сабактын ыкмасы: видеосабак, ватсап


Сабактын тиби: айтып берүү


Сабактын жүрүшү:

А) уюштуруу

Б) окуучуларды толуктоо

Мугалимдин иш-аракети


Окуучунун иш-аракети

Сабактын темасын, максатын айтат жана түшүндүрөт.


Окуучулар сабактын темасын, максатын угат жана түшүнүшөт.

Өтүлгөн теманы кайталоо

Суроо-жооп

Үй тапшырмасы текшерилет: №124

Окуучулар жооп беришет.

Жаңы теманы түшүндүрүү


Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

Маселе: Жайытта 17 кой жана 12 каз жүргөн эле. Аларга бир нече эчки кошулганда баарынын буттары 128 болгонун Галина санап алды. Жайытка канча эчки келип кошулган?

Чыгарылышы:

Эчкилердин санын х менен белгилесек, 4х+4·17+2·12=128 теңдемесин алабыз. Окшош мүчөлөрүн топтосок: 4х=128-68-24 4х=36 х=36:4 х=9

Демек, койлор менен каздарга 9 эчки келип кошулган.

2-маселе:

Темирлан 107 сом төлөп, 3,5 кг картошка жана 2 кг пияз сатып алды.Эгерде пияздын баасы 22 сом/кг болсо, анда картошканын баасы канча?

Чыгарылышы:

Картошканын баасын р менен белгилеп, 3,5р+2·22=107 теңдемесине келебиз. Окшош мүчөлөрүн топтосок: 3,5р=107-44 3,5р=63 р=63:3,5 р=18

Демек, картошканын кг баасы 18 сом болгон.


Сабакты бышыктоо


№126

Жайытта 28 кой жана 27 каз жүргөн. Ал жерден бир нече кой кетип калганда, калгандарынын буттары 128 болгонун Сайкал санап чыкты. Жайыттан канча кой кетген?

Чыгаруу:

Кеткен койлордун саны- х болсун.

28·4+27·2-4·х=128

4х=112+54-128

4х=38

х=38:4

х=9,5

демек, Сайкал ката санаган. Себеби койлордун саны бүтүн эмес сан болушу мүмкүн эмес.

№129

Азиз 1021 сом төлөп, 5 жуп байпак жана 4 футболка сатып алды. Эгерде футболканын баасы 214 сом болсо, анда бир жуп байпактын баасы канча?

Чыгаруу:

Байпактын баасы- у сом болсун. Анда

5х+4·214=1021

5х=1024-856

5х=165

х=165:5

х=33

демек, 1 жуп байпак 33 сом. Ж: 33сом

Үй тапшырма берүү: №127; №128

Аткарышат


Баалоо: окуучулардын аткарган ишине жараша баалоо