Просмотр содержимого документа
«8-класс. Коруктар»
ТЕМА: Кыргызстандагы корголуучу жана өзгөчө корголуучу жайлар
САБАКТЫН МАКСАТЫ:
- КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КОРГОЛУУЧУ ЖАЙЛАРДЫН ЖАЙГАШУУ ОРДУН АНЫКТОО ЖАНА КАНДАЙ МАКСАТТА УЮШУЛГАНДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ ОКУП УЙРӨНҮҮ.
Кыргызстандын аймагын физикалык-географиялык райондоштуруу
- Кыргызстанда өзгөчө корголуучу аймактар
- Эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин стандарты боюнча 4 категорияга бөлүнөт.
- Беш-Арал мамлекеттик коругу(1979) Иссык-Көл мамлекеттик коругу (1948) Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу (1994) Кулуната мамлекеттик коругу (2004) Нарын мамлекеттик коругу (1983) Падыша-Ата мамлекеттик коругу (2003) Сары-Челек биосфералык коругу(1959) Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругу(1995) Сурматаш мамлекеттик коругу(2009)
2. Улуттук жаратылыш парктары
- Ала-Арча Беш-Таш Кара-Шоро Каракол Кыргыз-Ата Кырчын Саймалуу-Таш Салкын-Төр Саркент Чоң-Кемин
- 3. Жаратылыш эстеликтери же гидрогеологиялык корукчалар
4. Корукчалар (заказниктер),
- 11 - Дашман, Узун-Акмат, Кичи-Ак-Суу
- Аңчылык (зоологиялык)
- 16 - Чичкан, Белогорка, Тюп, Ак-Буура, Кочкорка, Теплоключенка, Жети-Огуз
- Ботаникалык
- 23 - Мин-Куш, Сулюкта, Кыргыз-Ата, Чаткал, Тюп, Чон-Арык, Чункурчак, Тоо Айгуль-Таш, Байдамтал жана Кичи Ак-Суу
- Комплекстүү заказниктер
- 2 - Ак-Суу, Талас
Кыргызстандагы корголуучу жайлар
Кулун-Ата мамлекетик коругу
- 2004-жылы уюштурулган. Жалпы аянты 27434,2 га, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жайгашкан. Коруктун аймагында Кулун көлү жайгашкан. 600дөн ашык дары чөптөр 24 сүт эмүүчүлөр, 81 канаттуу жана 808 өсүмдүк түрү өсөт.
Падыша-Ата мамлекеттик коругу .
2003 жылы уюштурулган. Жалал-Абад облусунун Аксы районундага Падыша –Ата суусунун алабында жайгашкан. Жалпы аянты 30560 га.
Корук арча токойун жана Семеновдун көк карагайын сактоо үчүн уюшулган.
Семенов пихтасы
Дерево свыше 30 м высотой с весьма низко опущенной узкой почти колонновидной кроной.
Хвоя более длинная, широкая и толстая (длиной до 4 см, в среднем 3 см, шириной до 2 мм, в среднем 1 3/4 мм).
Сурматаш мамлекеттик коругу .
- 2009-жылы жоголуу коркунучундагы өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо үчүн уюшулган. Жалпы аянты 66194га. Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан.
КАРАТАЛ-ЖАПЫРЫК мамлекеттик коругу
Нарын областы нын Нарын ж-а Акталаа районун аймагында, Соңкөлдүн түштүгүндө, Кажырты суусунун оң курамы болгон Каратал м-н Жапырык сууларынын алаптарында жайгашкан. Корук 1994-ж. уюшулган. Аянты 5980 га. Коруктун максаты Ички Теңиртоого мүнөздүү болгон уникалдуу табигый жаратылыш комплексин сактоо ж-а аларга илимий изилдөө, байкоо жүргүзүү болуп эсептелет
Тянь-Шань карагайы
БЕШ-АРАЛ мамлекеттик коругу
- Чаткал тоосунун түн.батыш капталында, Терс суусунун алабында жайгашкан. 1979-ж. бүткүл дүйнөлүк кызыл китепке катталган мензбир суурун сактоо максатында уюшулган. Аянты 116,7 миң га.
- Өсүмдүктүн 300гө жакын түрү бар, анын 30у чанда кездешүүчүлөрдөн.
- Корукта өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү мурдагы СССРдин Кызыл китебине катталган: арум, илария, кулунчак, жоогазын, пскем пиязы, гирча ж.б. Жаныбарлардан түлкү, аркар, тоо эчки, элик, кашкулак, кара суур, кызыл карышкыр, күрөң аюу, кундуз, илбирс, суусар, суукүсөн, мадыл мекендейт.
Мензбир сууру (Mormota menzbieri)
НАРЫН мамлекеттик коругу
- 1983-ж. 29-декабрда уюшулган. Чоң Нарын м-н Кичи Нарындын кошулган жеринен чыгышты карай 11 км аралыктан башталып, Нарынтоонун түн. бетиндеги токойлуу массивди ээлейт. Жалпы аянты 24969 га ны түзөт. Корук бул аймактын табиятын бузбай, өз абалында сактоо максатында түзүлгөн. Жаныбарлардын 50 түрү, өсүмдүктөрдүн 1870 түрү кездешет. Мында Кырг-ндын башка аймактарында жашабаган марал бар.
Тянь-Шань маралы
САРЫЧАТ-ЭЭРТАШ мамлекеттик коругу
- Ысык-Көл областы нын Жетөгүз р-нун аймагында. Корук Тескей Алатоонун түш. капталындагы Сарычат, Борду (Үчкөл суусунун башы) сууларынын алабын ээлейт. Аянты 72080 га. Корук 1995-ж. уюштурулган. Коруктун максаты уникалдуу тоо ландшафттарын коргоо, аркар, тоо эчки, илбирс сыяктуу азайып сейректеп бара жаткан жаныбарларды сактоо болуп эсептелет.
САРЫЧЕЛЕК БИОСФЕРАЛЫК КОРУГУ
- Чаткал кырка тоосунун түш. капталдарынын чыгыш жагында жайгашкан. 1959-ж. уюшулган. 1979-ж. ЮНЕСКО тарабынан биосфера коруктарынын эл аралык тармагына киргизилген. Коруктун негизги милдети – мөмөжемиштүү жаңгак токой комплексин, анын фаунасын калыбына келтирүү.
- Аянты 23,8 миң га.
- Өсүмдүктүн 13 түрү, айбанаттардын 15 түрү Кыргыз Респ-нын Кызыл китебине катталган.
Сары –Челек көлү жана коругу
ЫСЫККӨЛ БИОСФЕРАЛЫК РЕЗЕРВАТЫ
- Азыркы мезгилдеги корголуучу табигый аймактардын жаңы түрү. Алгач, 1948-ж. корук катары уюшулуп, көл акваториясы ж-а көлдөн 2 кмге чейинки жээк тилкеси кирген. 2001-ж. сентябрь айында ЮНЕСКО тарабынан официалдуу түрдө резерват катары таанылган. Резерваттын жалпы аянты 4 310 миң га.. Бул аймактагы негизги корголуучу уникалдуу объектилер – мөңгүлөр, көлдөр, теңиртоо карагайынын токойлору, суу жээгиндеги токойлор, сырттардагы тоолордун табигый системалары ж. б.
- КАРТАДАН КОРУКТАРДЫН ЖАЙГАШУУ ОРДУН ТАПКЫЛА
Коруктар
Үйгө тапшырма
- Контурдук картага коруктардын жайгашуу ордун тушүрүү.