СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

9 класс тест биология

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«9 класс тест биология»

1* Кайсы организмдерди эукариотторго кошобуз?

а) көк жашыл балырларды б) бактерияларды в) вирустарды г) козу карындарды

2*Клеткада белоктор кайсы органоидде синтезделет?

а) митохондрияда б) Гольджи комплексинде в) рибосомада г) ядродо

3*Биринчи микроскоптун автору ким ?

а) Р. Гук б) К.Тимирязев в) П.Навашин г) Ч.Дарвин

4*Кайсы организмдер фототрофтук тамактанууга жөндөмдүү болушат?

а) жаныбарлар б) өсүмдүктөр в) бактериялар г) козу карындар

5*Өсүмдүк клеткасы менен жаныбарлар клеткасы кайсы органоиддери менен айырмаланышат?

а) ядросу б) митохондриясы в) рибосомасы г) пластидасы

6**Эгерде организмдин хромосомалык топтому 16 болсо, анын канчоо аутосома болуп саналат?

а) 2 б) 32 в) 14 г) 8

7**Өсүмдүктөрдө кош уруктануу процессин ким, качан ачкан ?

а) Д.Ивановский, 1982-ж б) П.Навашин, 1898-ж в) П.Виноградский, 1987-ж г) К Тимирязев, 1895-ж

8**Митоздун кайсы фазасында ядро кабыгы жоголот?

а) прфазада б) метафазада в) анафазада г) телофазада

9**Прокариоттук организмдердин хромосомалары адатта кандай формада болот?

а) ийиндери тегиз эмес б) ийиндери тегиз в) спутниги жок г) шакекче

10**Хромосомалардын диплоиддик формуласы кандай жазылат?

а) n же 1n б) 2n в) 3n г) 4n

11**Химиялык реакциялардан пайда болгон энергияны азык катары колдонгон тамактануунун кайсы түрүнө кирет?

а) гетеротрофтук б) автотрофтук в) хемотрофтук г) фототрофтук

12**Фотосинтездин кайсы фазасында АТФ синтезделет?

а) бардык фазаларында б) жарык фазасында в) даярдоо фазасында г) караңгы фазасында

13**Аялдардын кариотиби эркектердикинен эмнеси менен айырмаланат?

а) хромосомалардын боёлушунан б) жыныс хромосомаларынын санынан в) аутосоманын формасынан г) хромосоманын санынан

14**Клетканын бөлүнүшүнө чейин, хромосомалар кандай абалда болот?

а) үч эселенген б) эки эселенген в) спиралы жазылган г) спиралдашкан

15**Ажыроо процессинин жыйындысы:

а) фагоцитоз б) зат алмашуу в) диссимиляция г) ассимиляция

16**Сперматогенезде эмне пайда болот?

а) зигота б) соматикалык клетка в) сперматозоид г) жумуртка клетка

17**Кайсы организмдердин уруктануусу сыртта жүрөт?

а) канаттуулардын б) балыктардын в) сойлоп жүрүүчүлөрдүн г) сүт эмүүчүлөрдүн

18**Клетканын түз бөлүнүүсү эмне деп аталат?

а) амитоз б) амейоз в) митоз г) мейоз

19**Митоздун кайсы фазасында ДНК эки эселенет?

а) телофазада б) метафазада в) профазада г) интерфазада

20***Сперматогенездин жетилүү стадиясында уруктанууга жөндөмдүү болгон канча жыныс клеткасы пайда болот?

а) 3 б) 2 в) 1 г) бир нече

21***Эгерде клеткада хромосомалардын саны 12 болсо, митоз жолу менен бөлүнгөндөн кийин саны канча болуп өзгөрөт?

а) 6 б) 12 в) 18 г) 24

22***Клетканын бөлүнүүсүндө кайсы фазага көп убакыт жумшалат?

а) анафазага б) метафазага в) профазага г) интерфазага

23***Биосинтез процесси:

а) суунун ажырашы б)энергиянын бөлүнүп чыгышы менен органикалык заттардын ажырашы в) көмүр кычкыл газынын пайда болушу г)жөнөкөй заттардан татаал органикалык заттардын пайда болушу

24***Эмне үчун жумуртка клеткасына бир сперматозоид киргенден кийин калгандары жумуртка клетканын ичине кире албайт?

а) сперматозоиддерди кармаган “туткучтар” пайда болот б) сперматозоиддер бири-бирине жабышышат в) уруктануунун кабыгы пайда болот г) жумуртка клетканын сыртынан килкилдек зат каптап калат



















1*организмдердин эң кичине түзүлүш бирдиги эмне деп аталат?

а) клетка б) цитоплазма в) ядро г) ткань

2*Кайсы организмди автотрофторго кошууга болот?

а) козу карындарды б) жаныбарларды в) өсүмдүктөрдү г) вирустарды

3*Кайсы органоид өсүмдүк клеткасына гана таандык болуп саналат?

а) пластида б) рибосома в) митохондрия г) лизосома

4*Өсүмдүктөргө негизинен тамактануунун кайсы жолу мүнөздүү ?

а) сапрофиттик б) мителик в) гетеротрофтук г) автотрофтук

5*Хемосинтездик зат алмашуу кайсы организмдерге таандык болот?

а) жаныбарларга б) бактерияларга в) вирустарга г) өсүмдүктөргө

6**Бир хромосоманын канча хромотиды бар?

а) 1 б) 2 в) 3 г) 4

7**Митоздун кайсы фазасында ядрочолор калыптанат?

а) профазада б) метафазада в) анафазада г) телофазада

8** Уруктануу процесси деген эмне?

а) сперматозоиддердин пайда болушу б) жыныс клеткаларынын жетилиши в) жумуртка клетканын жетилиши г) сперматозоид менен жумуртка клетканын ядролорунун биригиши

9**Овогенездин жетилүү стадиясында уруктанууга жөндөмдүү болгон канча жыныс клеткасы жетилет?

а) 1 б) 2 в) 3 г) бир нече

10**Биологиялык синтез процессинин жыйындысы бул;

а) энергетикалык алмашуу б) ассимиляция в) дессимиляция г) зат алмашуу

11**Кайсы организмге тамактануунун аралаш түрү мүнөздүү болот?

а) эвгленага б) бир клеткалуу балырларга в) вирустарга г) өсүмдүктөргө

12**Вирустардын түзүлүшүн ким изилдеген?

а) Кольцов б) Ивановский в) Навашин г) Тимирязев

13**Соматикалык клеткалар кандай жолдор менен бөлүнүшөт?

а) митоз б) мейоз в) конъюгация г) популяция

14**Хромосомалардын формасын митоздун кайсы фазасында көрсө болот?

а) профазада б) метафазада в) анафазада г) телофазада

15**Тирүү организмдердин хромосомалык топтому эмне деп аталат?

а) аутосома б) кариотип в) жыныс хромосомасы г) полиплоидия

16**Мейоз процессинен кийин хромосомалардын саны кандай болот?

а) гаплоиддүү б) диплоиддүү в) триплоиддүү г) тетраплоиддүү

17**Клетканын бөлүнүүсү башталганга чейин эмне байкалат?

а) телофаза б) анафаза в) интерфаза г) профаза

18**Гаметогенезде эмнелер пайда болот?

а) түйүлдүк б) хромосомалар в) жыныс клеткалары г) соматикалык клеткалар

19**Кайсы орган өсүмдүктүн репродукция органы болуп эсептелет?

а) гүлү б) тамыры в) жалбырагы г) сабагы

20***Кандай хромосомалар гомологдуу болушат?

а) формасы боюнча айырмаланган б) гендери боюнча айырмаланган в) көлөмү боюнча айырмаланган г) формасы жана көлөмү боюнча окшош жана окшош гендерди алып жүргөн

21***Митоз мезгилинде хромосомалар эмнеден пайда болот?

а) белоктон б) майдан в) хромотинден г) гликопротеидден

22***Пластикалык алмашуу бул;

а) энергиянын бөлүнүп чыгышы менен клетка заттарынын ажырашы б) заттардын канга сорулушу в) клеткага энергиянын келиши менен заттардын пайда болушу г) тамактын иштетилиши

23***Фотосинтездин кайсы фазасында бош кычкылтек пайда болот?

а) жарык б) даярдоо в) караңгы г) бардык учурда

24***Адамга мүнөздүү касиеттер: 1-түйүлдүктүн ичте, 280 суткада өрчүшү, 2-ичте уруктануу, 3-түйүлдүктүн жатын аркылуу дем алышы, 4-түйүлдүк уруктанган жумурткадан өрчүйт.

а) 1,2,3,4 б) 1,2 в) 3,4 г) 2,4

























1*Клетканын эң негизги органоидди болуп кайсы органоид саналат?

а) цитоплазма б) ядро в) рибосома г) эндоплазмалык торчо

2*Кайсы организмдер сапрофиттик жол менен тамактанышат?

а) жаныбарлар б) өсүмдүктөр в) бактериялар г) балырлар

3*Фотосинтез процессин изилдөө кайсы окумуштууга таандык болуп саналат?

а) Лавуазье б) Пристли в) Ч.Дарвин г) Р.Гук

4*Тукум куума маалыматтарды алып жүрүү кайсы органоиддин кызматы болуп саналат?

а) рибосома б) Голдьжи аппараты в) хромосома г) эндоплазмалык торчо

5*Кайсы организм прокариотторго кирет?

а) жаныбарлар б) көк-жашыл балырлар в) өсүмдүктөр г) козу карындар

6**Митоздун кайсы фазасында ДНК эки эселенет?

а) интерфазада б) профазада в) метафазада г) телофазада

7**Клетканын түз бөлүнүшү эмне деп аталат?

а) мейоз б) митоз в) амейоз г) амитоз

8**Кайсы организмдердин уруктануусу сыртта жүрөт?

а) сүт эмүүчүлөрдүн б) сойлоп жүрүүчүлөрдүн в) балыктардын г) канаттуулардын

9**Сперматогенезде эмне пайда болот?

а) жумуртка клеткасы б) сперматозоид в) соматикалык клетка г) зигота

10**Ажыроо процессинин жыйындысы:

а) ассимиляция б) диссимиляция в) зат алмашуу г) фагоцитоз

11**Клетканын бөлүнүшүнө чейин, хромосомалар кандай абалда болот?

а) спиралдашкан б) спиралы жазылган в) эки эселенген г) үч эселенген

12**Аялдардын кариотиби эркектердикинен эмнеси менен айырмаланат?

а) хромосоманын санынан б) аутосоманын формасынан в) жыныс хромосоманын формасынан г) хромосомалардын боёлушунан

13**Фотосинтездин кайсы фазасында АТФ синтезделет?

а) караңгы б) даярдоо в) жарык г) бардык фазаларында

14**Химиялык реакциялардан пайда болгон энергияны азык катары колдонуу тамактануунун кайсы түрүнө кирет?

а) фототрофтук б) хемотрофтук в) автотрофтук г) гетеротрофтук

15**Хромосомалардын гаплоиддүү формуласы кантип жазылат?

а) n же 1n б) 2n в) 3n г) 4n



16** Прокариоттук организмдердин хромосомалары кандай формада болот?

а) шакекче б) спутниги жок в) ийиндери тегиз г) ийиндери тегиз эмес

17**Митоздун кайсы фазасында ядро кабыгы жоголот?

а) телофазада б) анафазада в) метафазада г) профазада

18**Өсүмдүктөрдө кош уруктануу процессин ким, качан ачкан?

а) К.Тимирязев, 1895-ж б) П.Виноградский, 1887-ж в) П Навашин, 1898-ж г) Д.Ивановский, 1892-ж

19**Эгерде организмдин хромосомалык топтому 28 болсо, анда жыныс хромосомасынын саны канча болот?

а) 26 б) 2 в) 24 г) 14

20***Эмне үчүн жумуртка клеткасына бир сперматозоид киргенден кийин калгандары жумуртка клетканын ичине кире албайт?

а) жумуртканын сыртынан килкилдек зат каптап калат б) уруктануунун кабыгы пайда болот в) сперматозоиддерди кармаган туткучтар пайда болот г) сперматозоиддер бири-бирине жабышып калышат

21***Биосинтез процесси;

а) көмүр кычкыл газынын пайда болушу б) жөнөкөй заттардан татаал органикалык заттардын түзүлүшү в) энергиянын бөлүнүп чыгышы менен органикалык заттардын ажырашы г) суунун ажырашы

22***Клетканын бөлүнүүсүндө кайсы фазага көп убакыт жумшалат?

а) интерфазага б) профазага в) метафазага г) анафазага

23***Эгерде хромосомалардын саны клеткада 4 болсо, митоз жолу менен бөлүнүүдөн кийин анын саны канча болот?

а) 4 б) 2 в) 8 г) 16

24***Сперматозоиддин жетилүү стадиясында уруктанууга жөндөмдүү, канча жыныс клеткасы пайда болот?

а) 1 б) бир нече в) 2 г) 3

















1*Жансыз жана жандуу организмдердин ортосундагы аралык организмдер болуп кайсынысы саналат?

а) өсүмдүктөр б) жаныбарлар в) вирустар г) балырлар

2*Митоз канча фазадан турат?

а) 5 б) 4 в) 3 г) 2

3*Бутактары аркылуу көбөйүү, көбөйүүнүн кайсы турүнө кирет?

а) жыныстуу б) жыныссыз в) партеногенез г) споруляция

4*Жыныс клеткаларынын көбөйүшү эмне деп аталат?

а) мейоз б) митоз в) партеногенез г) эмбриогенез

5*Кайсынысы өсүмдүктүн репродукция органы болуп саналат?

а) жалбырагы б) тамыры в) гүлү г) сабагы

6**Партеногенез жолу менен пайда болгон организмдердин кариотиби кандай болот?

а) n б) 2n в) 3n г) 4n

7**Гаметогенезде эмнелер пайда болот?

а) соматикалык клеткалар б) жыныс клеткалары в) хромосомалар г) түйүлдүк

8**Клетканын бөлүнүүсү башталганга чейин эмне байкалат?

а) профаза б) интерфаза в) анафаза г) телофаза

9**Мейоз процессинен кийин хромосомалардын саны кандай болуп өзгөрөт?

а) тетраплоиддүү б) триплоиддүү в) диплоиддүү г) гаплоиддүү

10**Тирүү организмдердин хромосомалык топтомун эмне деп аташат?

а) полиплоидия б) жыныс хромосомасы в) кариотип г) аутосома

11**Хромосомалардын формасын митоздун кайсы фазасында көрүүгө болот ?

а) телофазада б) анафазада в) метафазада г) профазада

12**Соматикалык клеткалар кандай жолдор менен бөлүнүшөт?

а) популяция б) конъюгация в) мейоз г) митоз

13**Вирустардын түзүлүшүн ким изилдеген?

а) Тимирязев б) Навашин в) Ивановский г) Кольцов

14**Кайсы организмге тамактануунун аралаш түрү мүнөздүү?

а) өсүмдүктөргө б) вирустарга в) бир клеткалуу балырларга г) эвгленага

15**биологиялык синтез процессинин жыйындысы бул;

а) зат алмашуу б) диссимиляция в) ассимиляция г) энергетикалык алмашуу

16**Овогенездин жетилүү стадиясында уруктанууга жөндөмдүү канча жыныс клеткасы жетилет?

а) 1 б) бир нече в) 2 г) 4

17**Уруктануу процесси деген эмне?

а) сперматозоиддердин жумуртка клеткасына кирип, экөөнүн ядролорунун биригиши б) жумуртка клеткаларынын жетилиши в) жыныс клеткаларынын жетилиши г) сперматозоиддердин пайда болушу

18**Митоздун кайсы фазасында ядрочолор калыптанат?

а) телофазада б) анафазада в) метафазада г) профазада

19**Бир хромосоманын канча хромотидасы болот?

а) 4 б) 3 в) 2 г) 1

20***Адамга таандык болгон касиеттерди аныктагыла: 1-түйүлдүк ичте 280 суткада өрчүйт, 2-ичте уруктануусу, 3-түйүлдүктүн жатын аркылуу дем алуусу, 4-түйүлдүк уруктанган жумуртка клеткадан өрчүүсү.

а) 1,2 б) 2,4 в) 1,2,3,4 г) 3,4

21***Фотосинтездин кайсы фазасында бош кычкылтек пайда болот?

а) бардык учурда б) караңгы в) даярдоо г) жарык

22***Пластикалык алмашуу бул:

а) тамактын иштетилиши б) клеткага энергиянын келиши менен заттардын пайда болушу в) заттардын канга сорулушу г) энергиянын бөлүнүп чыгышы менен клетка заттарынын ажырашы

23***Митоз мезгилинде хромосомалар эмнеден пайда болот?

а) гликопротеиддерден б) хромотинден в) майлардан г) белоктон

24***Кандай хромосомалар гомологдуу болушат?

а) формасы жана көлөмү окшош, окшош гендерди алып жүргөн б) көлөмү боюнча айырмаланган в) гендери боюнча айырмаланган г) формасы менен айырмаланган