Просмотр содержимого документа
«9-класстар үчүн»
АЧЫК САБАК
9_КЛАСС
ИНФОРМАТИКА
Касымбек кызы Жумакан. Ин-19
Сабактын темасы:
Сабактын максаты:
Бүгүн сабакта биз графиканын түрүн кантип аныктоону, информацияны графикалык түрдө(компьютердик графикада) берүүнү жана конкреттүү учурда кандай графикалык редакторлорду колдонуу керектигин үйрөнөбүз.
Үйгө берилген тапшырманы суроо
1.Сактоо формасы боюнча графикалык маалымат кандай болот?
А)Аналогдук жана санариптик
Б)Вектордук, фракталдык, растрдык
В)Дискретти
2. ....- бул графикалык маалыматты аналогдук формадан дискреттик формага озгортуу.
А)Шифрлоо
Б)Дискреттоо
В)Коддоо
3. Монитордун экранында чагылдырылган тустордун саны кайсы формула менен аныкталат?
А)N=2i
Б)K=2i
В)M=2i
4....-бул маалыматты корсотуу учун шарттуу белгилердин жана эрежелердин системасы.
А)Код
Б)Коддоо
В)Шифрлоо
5. .....-бул берилген коддун жардамында маалыматты корсотуу.
А)Код
Б)Коддоо
В)Шифрлоо
6. ..... англис созу бизче "сурот элементи" дегенди тушундурот?
А)Пиксел
Б)Растр
В)Вектор
7. Экрандагы пикселдерден турган тор канчалык жыш болсо суроттолуш ..... болот.
А)Жакшы болот
Б)Сапаттуу болот
В)Тустуу болот
8.Растрдык суроттолуштор учун коддоо жана Жана тусту беруунун канча системасы колдонулат?
А)2
Б)4
В)3
9.Тузуу ыкмасы боюнча графикалык суроттолушторду кандай топко болобуз?
А)Аналогдук жана санариптик
Б)Вектордук фракталдык растрдык
В)Дискреттик
10. Чийуу жана тартуу аспаптарынын жардамында тузулгон суроттор.
А)Графика
Б)Текст
В)Суроттолуш
Тесттин жооптору:
1.А
2.Б
3.Б
4.А
5.Б
6.А
7.А
8.В
9.Б
10.А
Ар бир тесттин жообуна 10 баллдан берилет.
Баа:
3 60
Жаны темага даярдоо же актуалдаштыруу
- Балдар биз сүрөттөр менен иштегенди билебизби?
- Сүрөттү кантип компьютерде түзө алабыз? (Сканирлөө, сүрөт).
- Аны өзүбүз тартып көрө алабызбы?
- Бул үчүн бизге эмне керек?
- Кандай графикалык редактор жана программаларды билесинер?
Компьютердик графика - андан ары сактоо жана иштетүү максатында
Реалдуу дүйнөдөн алынган визуалдык маалыматты санариптештирүүгө, түзүүгө, редакциялоого мүмкүндүк берүүчү компьютердик технологиялардын бөлүмү.
- Илимий графика
- Жумуш графика
- Конструктордук графика
- Иллюстративтик графика
- Сурот жана жарнамалык графика
Растрдык
Вектордук
Фракталдык
Сабакты бышыктоо:
- Классты 2 топко бөлүнөт.
- Окуучуларга сүрөттөр берилет.
- Вектордук жана растрдык графикалык сүрөттөлүштөрдүн айырмасын аныкташат.
- Топ менен иштеп жыйынтыгын доскага чыгып илишет.
- 1) Адамдын күзгүдөгү сүрөттөлүшүн визуалдаштыруу кайсы компьютердик графикага кирет?
- 2) 3-өлчөмдүү графика 3D- моделдөөнүн эмнеси менен айырмаланат.
- 3) Кошумчаланган реалдуулукту дагы кайсы жерлерде колдонсо боло тургандыгына мисал келтиргиле.
Баалоо: Сабакка активдүү катышкан окуучуларды баалоо. Топтоо иштеген окуучуларды баалоо.
- Бүгүнкү сабактан силер эмнени билдиңер?
- Бүгүнкү сабак силерге эмнеси менен жакты?
- Бул тема боюнча дагы эмнелерди билгиңер келет?
Көңүл бургандарыңыздарга чоң рахмат!