СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

9-сентябрь комуз күнү

Категория: Музыка

Нажмите, чтобы узнать подробности

9-сентиябыр  комуз  күнүндө же тарбиялык  сааттарга иштелме  катарында  пайдалансаңыздар  болот

Просмотр содержимого документа
«9-сентябрь комуз күнү»

9-сентябрь Комуз күнү.

Комуз күүсү кылымдардын кайрыгы

Комуз күүсү кыргызымдын байлыгы

Комуз күүсү ёзун менен шаъданат

Кереметтүү Ала тоонун айдыны

Комуз ак калпак кыргыз элинин байыртан берки чертме кылдуу үндүү аспабы. Ал ёрүк, жаъгак, ак чечек, карагай, арча, алмурут, тал, терек сыяктуу мёмёлуу жана мёмёсуз токой жыгачтарынан чабылат. Комуз чабууга чеберлердин уста канасында керки, бычак, ийки, улку, турпу, ёгёё ёъдуу жёнёкёй куралдардан жасалат комуздун жалпы узундугу 90сантиметрдей келет. Комуз башы, тулкусу, чарасы моюну, капкагы, куткуну, тепкеги, үч кулагы анан үч кылдан турат.

Илгерки Комуздардын кёлёму азыркыдан кичирээк келип ат үстүнө алып жүрүгө ыңгайлуу болгон андан тышкары комуздар чарасынын формасы менен да айырмаланышкан. Мисалы:атактуу акын Токтогулдун комузунун чарасы ромбик түрүндө болгон.



Үч буроо жалгыз тээк үч кыл комуз,

Чертилбейт күүгө келбейт чебер колсуз.

Оп оңой көргөн көзгө жөп жөнөкөй

Бирок да өнөрү бар айтып болгус

Кылымдаан кылым санай көксөй көксөй

Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй

Бул комуз көп сууларды кечип келген,

Эли да комузундай жөп жөнөкөй

Комуз кыргыз элинин чертме аспабы. Комуздун жаралуу тарыхына кайрыла турган болсок, эл ичинде эки уламыш айтылып келет. Экөөсү тең аңчылык менен байланыштуу.

Камбар деген мергенчи аң уулоого токойго баратып жагымдуу бир дабышты угуп калат. Ал добушту издеп таап караса тоо текенин ичгиси шакка илинип калган экен. Ал шамалга ыргалып жагымдуу добуш ошондон экен. Камбар мергенчи ал кургап калган ичегини абайлап алып аны үйүно алып барып, ага жыгачты оюп баягы ичегини ага кыл кылып комузду жараткан экен. Ошондон эл ичинде күүнүн башы камбаркан деп айтылып калган.

Күү атасы камбаркан дешип комузчулар да өз репертуарларына сөзсүз түрдө бир же эки камбаркаан күүсүн кошушкан. Мисалыга алып карай турган болсок К.Орозов торт камбаркан күүсүн черткен. Алар; “Эл камбаркан”, “Терме камбаркан”, “Колгоз камбаркан”, “Сынгон бугу камбаркан”. Атай Огомбаев “Маш камбаркан” ж.б. комузчулар камбаркан күүсүн ийнине жеткире чертишкен. Камбаркан күүсүнүн негизги өзгөчөлүгү болуп анын жай ойнолушунда баш толгоосу, обондун терең маанси эсептелет.

Камбаркна күү атасы күукүн башы

Анда бар азап тарткан элдин жашы

Камбаркан күү атасы күүнүн зору

Кылымдап айтылган нечен жолу

Комуз күүнүн мүнөзүнө жараша төмөндөгудөй толгоолорго бөлүнөт: чың толгоо, баш толгоо, оң толгоо, сол толгоо, кош толгоо, чың терс толгоо, терс толгоо, баш терс толгоо, чың жуп толгоо.

Комуз чертүүнүн ыкмалары: аралашма, кылтылдатып, терип чертүү, жанып чертүү, кол ойнотуп чертүү, чалып чертүү.

Комуз күүлөрүү маанисине , жанырдык тематикалык жана ретимдик өзгөчөлүгүнө жараша программалуу залкар күүлөр, кол ойнотмо залкар күүлөр деген бөлүмдөрдөн турат.

Комуз жаралгандан тартып эле кыргыз эли бул өнөрдүулуусу кичүүсүнө өнөрлүүсү өзгөлөргө үйрөүтүп улуу күү кылым кечип ушул күнгө чейин күн карытып келет.

Улуу комузчулар;

Музооке Жаманкораев (1802-1878)

Ныязаалы Борошев (1856-1942)

Айдараалы Байшүкүров ( 1851-1934)

Токтогул Сатылганов (1864-1933)

Карамолдо Орозов (1883-1960)

Ыбырай Туманов (1888-1967)

Атай Огомбаев (1900-1949)

Асылбек Эшманбетов (1913-1945)

Шекербек Шеркулов (1902-1970)

Самара Токтакунова (1944-

Нурак Абдырахманов (1947-2014)

Учурда комузда кол ойноткондор ата баба учугун улаган улан кыздар арабызда арбын. Алсак дүйнөлүк хит ырларды комуздун ыргагына салып кол ойноткон Эламан менен Чолпон сыяктуу жаштарды айта кетпесек болбос.





9-сентиябырь

1.Доклат

2.Сахналаштыруу

3.Декламация

4.Бий.

5.жеке номер

6. Бий

7.Макал-лакап

8.Бий

9.Видио ролик



















9-Сентябрь.

Комуз күнү





Комуз күүсү кылымдардын кайрыгы,

Комуз күүсү Кыргызымдын байлыгы

Комуз күүсү өзүң менен шаңданат,

Касиеттүү Ала Тоонун айдыңы .







“Достук” орто мектеби Даярдаган: Нуридинова Бегимай

2019-2020-жыл