СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

А. Осмонов "Мен тансам"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз адабияты сабагы боюнча кундолук сабактын планы. Тема: Алыкул Осмонов "Мен тансам"

Просмотр содержимого документа
«А. Осмонов "Мен тансам"»


Сабактын темасы: А. Осмоновдун “Мен тансам”, “Өзүмдү өзүм”, “Мен кыргыздын акыны” ырлары



Сабактын максаттары:

Максаттар:Окуучулар…


Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрү (индикатору)

Билим берүүчүлүк:

А. Осмоновдун “Мен тансам”, “Өзүмдү өзүм”, “Мен кыргыздын акыны” ырларын окуп,түшүнүшөт





Эгерде окуучулар сабактын аягында:

  • Ырларын окуп түшүнө алышса;

  • Ырлардагы өзгөчөлүгү тууралуу суроолорго жооп бере алышса;

  • Ырлардагы оптимисттик духту таанып биле алышса

  • Чакан топто коллективдүү иштей алышса;

Өнүктүрүүчүлүк:

А. Осмоновдун “Мен тансам”, “Өзүмдү өзүм”, “Мен кыргыздын акыны” ырларынын мазмунун, идеясын кошумчалап талдоого көнүгүшөт.







  • Топтордо талкуулоо менен салыштырып, негизги идеясын таап, өз оюн кошумчалай алышса;

  • Топтордо талкуулоо менен, өз позицияларын аныктай, жактай алышса;

  • Топтордо өз ойлорун түйүндүү сөз, сүйлөмдөр, сүрөттөр, символдор менен чагылдырып бере алышса;

Тарбия берүүчүлүк:

А. Осмоновдун “Мен тансам”, “Өзүмдү өзүм”, “Мен кыргыздын акыны” ырлары аркылуу окуучуларды мекенчилдикке тарбиялап, адамзаттык баалуулуктарды баалоого үйрөнүшөт.







  • Акындын ойлорунун тереңдигин азыркы турмуш менен салыштыра алышса;

  • Биргелешип талкуулап, өз оюн кошумчалап айтып, маалыматтардан жыйынтык чыгара алышса;



Сабактын формасы: өз алдынча, кичи топтордо иштөө

Сабактын тиби: Жаңы материалды окутуп-үйрөтүү

Сабакта колдонулган интерактивдүү окутуунун методдору, ыкмалар : окуп-түшүнүү, долбоор жактоо

Сабактын жабдылышы: окуу китеби , ватман, түстүү маркерлер,суроолор жазылган 6 ачкыч, интерактивдүү доска



Сабактын жүрүшү:

Сабактын

этаптары

Убактысы

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

Баалоо

усулдары



Уюштуруу/

Мотивация



1 мүн







5 мүн

Саламдашуу, класстын ,окуучулардын гигиеналык абалын, окуу куралдарын көзөмөлдөө.Окуучулардын тизмесин тактоо..




Кана,балдар анда сабагыбызды жагымдуу маанай менен баштап алсак,

«Бири – бириңерге комплимент айткыла» деген ыкма

Мисалы:

  • Мага сенин ………… жагат

  • Сен - ……….

  • Мен сенин……….. баалайм

  • Мен сенин ……. Жакшы кѳрѳм








Бүгүнкү сабактын баалоо усулу: «2 жылдыз, 1 сунуш». Ар бир тайпага ѳзүнчѳ желекчелер берилет сүрѳттѳрү менен, кайсы топтогу желекчелер кѳп болуп, гүл жасалса ошол тайпа утат. Андан тышкары ар бир окуучуга ѳзүнчѳ баалоо баракчасы берилет алган желекчелерин кошуп чыгышат


Окуучулар ордунан туруп саламдашышат.






Окуучулар бири – бирине комплимент айтуудан кийин кубанышып, кол чабышат.
















Баалоо усулун уккан окуучулар көбүрөөк желекчелерди алганга аракет кылышат.








Ыраазычы-

лык билдирүү

Үй тапшырма-

сын текшерүү



Окуучулар

дын билимин актуалдаш

тыруу





Сабактын темасы, максаты жана күтүүчү натыйжалар

5 мүн












2 мүн
















2 мүн

Анда эмесе, балдар, тапшырмага кайрылсак, үйгѳ тапшырмага

эмне берилди эле.

  • А. Осмоновдун “Бѳбѳккѳ”, “Ата Журт”, “Адамзат” деген ырларын жаттап келүү.

  • Даярбызбы? Кана, ким жооп берет?







Бүгүнкү биздин силер менен өтө турган темабыз: А. Осмоновдун “Мен тансам”, “Өзүмдү өзүм”, “Мен кыргыздын акыны” ырлары




Максатыбыз А. Осмоновдун “Мен тансам”, “Өзүмдү өзүм”, “Мен кыргыздын акыны” ырларын окуп,түшүнсѳк;

Ырлары боюнча суроолорго жооп бере алсак;

Ырларындагы негизги идеяны кыскача айтып берсек

Бүгүнкү сабагыбыз максатына жетти деп билебиз.







Окуучулар акындын ырларын кѳркѳм айтууга аракет жасашат.


Ар бир суроого тура жооп берген окучу стикерлер менен бааланып,. Өзүнө упай топтойт.





Числону, теманы дептерлерине жазышат.





Сабактын темасын, максаттарын угушат.









Сыйкырдуусандык

Жаңы материалды

түшүндүрүү


15

мүн

Эми балдар көңүлүбүздү алгач 3 мүнөттүк видео-тасмага бурабыз.Бул убакта мугалим ар бир топтун алдына текст таратат.Мугалим:

Эми ,балдар, биз акындын бул ырларын угуп гана көрбөстөн, тексттин өзү менен да таанышып чыгалычы. Алдыңардагы акындын «Ѳзүмдү ѳзүм», «Мен тансам», «Мен кыргыздын акыны» деген ырларын өз алдынча окуп , түшүнүгүбүздү айтып көрөлүчү.

(4 мүнөт убакыт)




Мугалим: Кана балдар төмөндөгү суроолорго жооп береличи:

  1. «Ѳзүмдү ѳзүм» деген ырда акындын жекече турмушуна байланыштуу кандай нерселерди байкадыңар?

  2. Бул ырда эмне үчүн акын ѳзүн «алсыз сѳлѳкѳткѳ», «ѳлүк жанга» салыштырат?

  3. «Мен ѳзүмдү ѳлгѳн кезде карасам, күлүмсүрѳпкерилген бир шер жатат», «билген билер, билбегенге не чара» деген саптардын маанисин чечкиле.

  4. «Мен тансам», «Мен кыргыздын акыны» деген ырларынан бѳлѳк акындын милдети,поэзиянын максаты жѳнүндѳ жазылган А. Осмоновдун дагы кандай чыгармаларын билесиңер?

Окуучулар видео-тасманы көрүп ,мугалим тараткан текст менен таанышып бүткөндөн кийин, өз түшүнүктөрүн айтып беришет.Талкуулашат.








Окуучулар берилген суроо боюнча өз түшүнгөндөрүн айтышып, жооп беришет.


Окуп-түшүнүү












Суроо-жооп


Бышыктоо




Кайтарым

байланыш




8 мүн

Балдар,биз сабагыбызды бышыктоодо Бертхоффтун «эки бѳлүктүү күндѳлүк» стратегиясын колдонобуз.


Бүгүнкү сабакта силер үчүн маанилүү нерсе эмне болду?

Бүгүнкү сабакта таасир калтырган учурлар?


Чыгармачылыгыңарды өркүндөтүп, түйүндүү сөздөр, сүйлөмдөр, сүрөттөр, символдор менен «комментарийге» оюбузду түшүрөбүз.Топто иштөө үчүн 4 мүнөт убакыт.






Окуучулар топто талкуулап, ойлорун, көз караштарын айтышат, кайтарым байланыш.


Ар бири оюн «комментарийге» түшүргөнгө аракет жасашат.





Мугалим башынан эле жооп берген балдарга стикерлердитаратып турат




Кайтарым байланыш

Сабакты

жыйынтык-

тоо жана

баалоо


1 мүн

Мына ,балдар, «убакыт учкан куштай» сабагыбыз да аягына келип жетти. Бүгүнкү сабакта ким канча желекче, быйтыкча топтосо, бардыгын кошуп, арифметикалык орто санын чыгарып мага айтып койсоңуздар.

Окуучулар алган стикерлерин кошуп, алган бааларын мугалимге айтышат.




Үйгө тапшырма







1 мүн



Жашоодо ѳзүбүздү – ѳзүбүз жакшы жактардан кѳрүп, Алыкул сыяктуу Кыргыздын керегине жараган инсан бололу деп сабагыбызды жыйынтыктоо менен, үйгө тапшырма:

«Мен келечекте кыргыздын сыймыгы» деген темада дил баян жазып келүү.Ушуну менен сабагыбыз аяктады, саламатта барыңыздар.
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!