СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аалам жана адам тагдыры

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Аалам жана адам тагдыры»

Аалам жана адам тагдыры- Айтматовдун чыгармаларында



Кыргыз элинин залкар жазуучусу дегенде, оюбузга Айтматов келет. Ооба, Айтматов чындыгында кыргыздын сыймыгы, чыгаан жазуучусу.

Жазуучу 1928-жылдын 12-декабрында Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. Ал эми чыгармалары болсо, бир бүтпөгөн сөз, сыймыктануу менен айтуудай бар. Ал тургай, чыгармалары эң көп которулган Шекспир менен Толстойдон кийинки дүйнөлүк классик.

Ага мисал: интернеттен түрк улутундагы кыз менен жазышып калдык. Мен кыргызмын десем: “Мен Кыргызстанды билем. Манас, Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармаларын сүйүп окуйм”,- деди. Кантсе да өз элиңдин баалуулуктарын башка элден угуу жагымдуу болду. Жана ошондой эле “Жамийла” повестинин француз тилине которулганын интернет желесинен окуганымда, кызыгуу менен “Жамийланы” окуган француздарды көз алдыма эллестеттим. Албетте, сүйүүнүн трагедиялуу баяны болгон Жамийла менен Данияр ушул даражага татыктуу эле.

Негизинен адамдар чыгарма окуудагы анын жанрына карап тандашат эмеспи. Кимдир бирөөгө детектив жагат, а ким бирөөгө лирикалык чыгармалар, дагы бирөөсүнө тарыхый романдар. А бирок Айтматовдун адам тагдырын чагылдырган чыгармалары эч бир адамды көз жаздымда калтыра койбос.

Мына ушундай баянды өзүмдөн бир-эки жаш кичүү “орус чалыш” иниме айтып берип жатсам:

  • Ким ал? – деди телефонунан башын көтөрбөй. Мен жаңылыш угуп алдымбы дегенсип, суроолуу карадым:

  • Айтматов дедиңби? Ким ал?

  • Чоң атам!- дедим какшыктуу. Какшыгымды түшүндү окшойт, телефонун өчүрүп мени карап:

  • Айтып берчи?

  • Угасыңбы?

  • Угам. Ансыз да “өлтүрүп коюшту”, - деди телефондогу оюнунан жеңилгенине кейиштүү.

  • Анда айтып берейин:

Айтматов – бул өзүнчө бир аалам, анын чыгармалары адам тагдырынын орчундуу жерлерин бизге ашкере ачып берген. Буга мисал, Айтматовдун “Маңкурту” жана сен жана сен сыяктуу “ала көөдөндөрдүн” абалы. Айырмасы эмнеде деп ойлойсуң? Айырмасы- ал өз заманындагы душманынын колунан маңкурт болсо, а сен болсо пайдасыз өткөргөн убактыңдын аркасында “маңкурт” болуп олтурасың. Мейли, азырынча сени сындаганды кое турайын, согуш мезгилин ата-бабаларыбыз кантип башынан өткөргөнүн Айтматовдун чыгармаларынан айтып берейин...

...Үч баласын тең, сүйгөн жарын согушка кетирип, келини экөө кат күтүп, а акырында согуштан бири да кайтып келбей, ал аз келгенсип келининен да ажырап, коколой башы менен бир небересин чоңойткон эненин кайраттуулугуна эмне дээрсиң... Ал бир гана Толгонай эненин башына эмес, ошол мезгилдеги турмуштун оор апаатын башынан өткөргөн чоң эне, чоң аталарыбыздын кейиштүү тагдыры. Бул наалаттуу согуш канчлаган энелердин, канчалаган келиндердин, кыз-балдардын көз жашына себеп болду.

...Башкалардын эр-балдары согушта жүрсө, а Ысмайыл болсо эл-жер коргоонун ордуна, кара башын калкалап, качкын аталды. Муну менен жазуучу: Ысмайыл сыңарындагы согуш мезгилини качкындарын баяндап берди. Качкындар! Ажалга тике карай албаган качкындар, өлүмдөн корккон, өз камын ойлогон качкындар!...Анткен менен, Ысмайылдын бир гана күнөөсү-мекенди коргой албагандыгы. Дегеним,согушту Ысмайыл чыгарган жок, ал болгону өзүнүн күнумдүк жашоосунда жашагысы келди. Үй-бүлөсү үчүн, өзүнүн жанын калкалап калуу үчүн качып келди. Өкүнүчтүүсү, ал качып келген күндөн баштап, баардыгы арамга айланды...

Кудайга шүгур келтир, ал турмуш биздин башыбызга түшпөдү. Күн сайын атасынын согуштан келишин күтүп, аны жеңиш менен кайтып келет деген үмүтүү Султанмураттын тагдырына кантип жаның кейибейт?! А бирок кейиштүү тагдыр Султанмуратта эле дейсиңби, күн сайын тээ дөбөгө чыгып, дүрбү менен Ак - кемени карап, атасынын келишин күтүп, “балык болуп сүзүп кеткен балачы”...Муну менен эле бүткөн жок, жазуучу согуштун реалдуулугун “атасын кинодон көргөн” Авалбек аркылуу да чагылдырган.

...Согуштун каарын бала жүрөгү менен туюп-сезгендиктен чарчаганына, ачкалыгына, ал тургай бутунун жылаңайлак калганына карабай Япониянын тар көчөлөрүндө Тынчтык келишими басылган гезитти жан-далбастап безилдеп таратып жүргөн Дзюйо да тынчтыкты самаган...

Согуш, согуш... Айтматов согуш жөнүндө гана жазган десең, жаңылдың. А сен элдин караңгылыгын жоюуга, балдарды сабатуу болуусуна жан-алакетинен түшкөн Дүйшөн агайды уктуң беле? Дүйшөн өз заманынын чыныгы мугалими. А биз болсо,элибиздин жер-жерлериндеги Дүйшөндөрдүн эмгегинин натыйжасында ушул даражага жетип олтурабыз.

А Гүлсарычы? Тулпардын өлүмү Айтматовдун Танабайын кайгыга салды. Ананчы, Танабайдын мээнеткечтигин, намыскөйлүгүн , чынчылдыгын мына ушул Гүлсарат даңазалайт эле го!

Билесиңби, эң мыкаачы “жаныбар” ким? Бул - адам.Адамдын колунан баардыгы келет. Мына ошол адамдар байлык деп, акча деп, өз пайдасы үчүн, тагыраагы, кара курсактын камы үчүн жаныбарларга зыянын тийгизет. А жандыктар болсо ыйлашат, алар дагы жашаганга акысы бар, бирок алардын акысын адам сөрөй алып коет... Мына ушул абалды Айтматов Акбара менен Ташчайнар аркылуу баяндаган. Акбара өз бөлтүрүгүнөн ажыраганда, ыйлаганы да бар:

Бир күнү бөлтүрүгүм уктаганда,

Ташчайнарды ээрчип алып жолго түштүм.

Ошол күн дагы боздоп калаарымды,

Аттиң ай, сезбедим да, кайдан билдим?!

Адамзат, мыкаачыбы, колганбы?

Аябайт жаныбарды, тирүү жанды,

Баланын күйүтүнөн чөгүп барам,

Короого кирип барам, ала жанды...

Тоолор кулаганда... Бул жазуучунун бүгүнкү адам тагдырын чагылдырган акыркы, түбөлөлүктүү чыгармасы болуп кала берди. Айтматовдун бул чыгармасы башкадан өзгөчө. Дегеним, чыныгы искусстводон байлык, атак-даңкты тандап кеткен Айдананын прагматизми, Арсендин “жантаслим” болушу, тагыраагы, башкалардын өмүрүн, адамдык абийирин сактоого өз өмүрүн тобокелге салуусу болду. Анын натыйжасында эки элдин ортосунда чыгып кетүүчү жаңжалды алдын алды, бейпил жашоого укугу бар жаратылыштын макулугу болгон барстарды чет өлкөлүк байларга соодалоону токтотууга себеп болду. Өз досу – Таштанафганды жаман жолдон сактап калды. Айтор, тоолор кулап, терек сулап, дайралар тескери ага баштаган абал жазуучунун колунан баяндалды.

Кана иним, эми билдиңби, Айтматовдун улуулугун. А балким сен анын каармандарынын тагдырына сүңгүп кирип, кошо ыйлап, кошо күлгөнүңдө сезээрсиң.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!