СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ааламга арналган өмүр

Нажмите, чтобы узнать подробности

Барпы Алыкуловдун 110 жылдыгына арналат

Просмотр содержимого документа
«Ааламга арналган өмүр»

Аалам аралаган өмүр

Бул кино 1994-жылы ак таңдай акын Барпы Алыкуловдун 110 жылдыгына карата тартылып, бирок 15 жылга чейин фильм теле аркылуу берилген эмес. Мунун себеби 110 жылдык мааракеде Барпы атындагы коомдук фонддун өкүлдөрү “Бул кино биз үчүн өтө керек. Бизге бергиле. Өзүбүз сактап керек болгондо колдонуп, элге көрсөтүп туралы”-деп сурап алышып, киноплёнкага суу тийгизип жарактан чыгарып алышкан экен. “Аны ошол замат калыбына келтирүү башкача айтканда Алматыга барып фильмдин түп нускасын алып келүү биз үчүн абдан кымбатка турган. Мүмкүнчүлүгүбүз да болгон эмес. Анын үстүнө ошол маалда киноплёнканын баасы да өсүп кеткен эле” –дейт кинону тарткан режиссёр Тилек Мураталиев. Анын айтуусунда фильм түстүү кинопёнкага тартылып, бирок аны Кыргызстанда чыгарууга мүмкүн болбогондуктан “Казакфильм” киностудиясына барып жуудуруп келиүүгө туура келген. Ошондо мааракеге карата жетишип калуу үчүн кинонун бир нускасын чыгарып, түп нускасы Алматыда кала берген.

” Муну кайра алып келүү үчүн 2 жылга чейин убакыт кетти. Ошондой эле 30 миң сом жумшалды. Мунун ушул күнгө чейин сактап турган казак элине рахматыбызды айтышыбыз керек. Мындан да көп чыгым кетет эле, аны сураса да макул боло турган жерде болчебуз, бирок казак менен кыргыз бир тууган эл эмеспи, анын үстүнө маданий кызматташтыкта да жакын алакада болгондуктан.Аз гана чыгым менен оз мекенибизге алып келип алдык”-дейт “Кыргызкино ”департаментинин директору Абибилла Пазылов.

Кинонун мазмуну алп акын Барпы Алыкуловдун өмүрү чыгармачылыгы тууралуу. Сценалийди режиссёр Тилек Мураталиев менен жазуучу Кубатбек Жусубалиев жазган. Кинону тартууга Барпыны эң жакшы билген адабиятчы Кадыркул Даутовдун эмгеги өтө зор. Ал киши кинону тартууда баштан аяк билген, көргөнүн эч аябастан айтып, жардамын аяган жок.







Алп акын Барпы Алыкуловдун бала-чакасы

Барпы Алыкуловдун бир кызы, бир уулу бар. Кызы Бурул Парпиева, уулу Жумабай Турдукулов.

Кызы Бурулду акыркы аялы Жумагул ээрчитип келген. Бирок Парпы өз кызынан артык көргөн, кызы Бурул дагы күйөөсү Төлөн менен атасынын чыгармаларын чыгарганга оз салымдарын көп кошушкан. Барпынын китептеринин чыгышында Бурул менен Толөн куйөө баласынын салымдары чоң. Ал эми баласы жөнүндө сөз кыла турган болсок кийинкиге чейин Барпынын артынан туягы калган жок, бир гана кызы бар деп жүргөнбуз. Бирок тарых тактагандай Бир уулу бар экендиги далилденди. Барпы акын көп үйлөнгөндүктөн мурунку жеңе аялы Айсаранын боюнда кеткен экен. Бирок кийин оз атасын таап Жумабай Барпыга келип, бирок тагдыр алар каалагандай болбой кийинки аялы Жумагүл батырбагандыктан өкүл баласына берип аны уккан Айсара кайра алып кетип, Барпыга өчөшкөндүктөн кийинки куйөөсүнүн атына каттатып Турдукулов кылып алган экен. Кийин айылдаштарынын, аксакалдардын күбөлүгүнүн негизинде тил кат алып атышып Барпы үй-музейинин жетекчиси Парпы уулу Жумабай деп каттатып берген. Ошол Жумабайдан 2кыз, 4 уулу бар, алардан 26 небереси, Барпынын чөбөрөсү бар. Демек, Барпынын артында очор-бачар болгон небере-чөбөрөлөрү бар.







Алп акын Барпы Алыкулов улуу инсандардын баамында

“Кыргыздан чыккан Барпы ырчы

Кыйланы жеңген алп ырчы” (Б.Сарногоев)



“Жарышка түшсө жел менен

Жаактуу пенде жеңбеген” (Осмонкул)



“Сокур да болсо сөзү бар,

Сөздөрүнүн көзү бар” (Т.Шабданбаев)



“Тоголок Молдо, Барпылар

Толкуган деңиз чеги жок” (Р.Шүкүрбеков)



...”Токтолуу деген болбойт эле. Кайсы жакка бурса, ошол жакка шаркырап ага берчү” (Бурул Парпиева)



...”кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвадагы өткөн (1958-ж.) он күндүгүнүн учурунда орус жолдоштор Барпы Алыкуловдун чыгармачылыгын жогору баалап, аны кыргыздын Некрасову, Беранжеси деп аташты”... (Мухтар Борбугулов)

...”кыргыз адабиятынын классиги, булбул таңшык ырчы”(Темиркул Үмөталиев)



...”Улуу Барпы акындын керемет вр саптарына үңүлгөн сайын, менин эсиме Чыгыштын ар кайсы доордо жашап өткөн Омар Хайям, Хафиз, Жами сыяктуулары түшө берет. Барпы булардын бири менен да замандаш эмес экендигине, алардын акындык мурастары менен деле (аттарын.балким, эшиткендир) бейкабар экенине карабастан, ошолорду адабий олмпине чейин кантип көтөрүлгөнүнө таң кала берем” (Жунай Мавлянов)







Алп акын барпы Алыкуловдун ашыктык ырлары

Барпы Алыкуловдун мыкты акын катары улам калыптануусу анын сүйүү ырларынан да даана көрүнөт. Ал сүйүү ырларын жаратуу үчүн чыгармачылык булак катары оозеки элдик сүйүү ырларына кайрылган. Барпы сүйүүнү ырдаган деп айтыш аздык кылат. Жаштайынан эле сүйүү ырлары анын тагдыры болот.

Сүйүүнү сүйүп ырдадым,

Сүйүүнү күйүп ырдадым.

Сазабар дилге түнөттүм,

Сүйүүдөн калбай өмүрүм.

Башка акындардай сүйүүнү тек гана ырдабастан, Сүйүүнү күйүп, аны бийик тутуп, кылчалык кыянат кылбай ырга кошот.Барпынын лирикалык каарманы идеал тутуп, улуу сезимдер менен бөлөп алып жүргөн адам. Бул темадагы ырларына “Гүл кыздар”, “Мөлмөлүм”, “Мызайым”, “Лөлүкан”, “Буракжан”, “Гузаль кыз”, “Кра көз”, “Ак дилбар”, “Дилбарым”, “Өзгөчөм”, “Алтын”, “Вк жылдыз” ж.б. Булар жалпы кыргыз акындар поэзиясындагы сүйүү лирикаларынын жалпыга маалым классикалык үлгүлөрүнөн болуп калды. Бүгүнкү күнгө чейин ырдалып улам замандын ыргагы менен өзгөрүп, бийиктик деңгээлин жоготпой келет. Мисалы: улуу муундардан Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаев, Малик Аликеев, Роза Аманаова жана башкалар ырдап жүрсө,бүгүнгкү күндө Замир Арыкбаев, Мирбек Атабеков, Мирбек Иманбеков жана башкалар аткарып жүрүшөт.









Барпы Алыкулов

Туулган жылы: 1884-жыл

Туулган жери: Жалал-Абад обласы, Сузак району, Ачы кыштагы

Каза болгон жери: СССР,Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары

Ишмердиги: Акын имправизатор, ойчул

Жарандыгы: СССР

Барпы Алыкулов – кыргыз эл акындарынын эң мыктысынын бири, Чыгыш философиясын өз боюнча сиңирген даанышман ойчул


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!