8-кл. Аба. Абанын курамы. ( сабактын иштелмеси).
Бул теманы өтүүдө мугалим физика предметиндеги тексти пайдалануу менен текст түзөт. Окуучулар текст менен иштешип тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт жана илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги темаларды өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.Бул стратегияны пайдалануу менен окуучуларга атомдун түзүлүшү боюнча тексти окуп окуучулар өзү иштеп чыгып менчиктештирилген билимге ээ боло алат. Жогоркуда көрсөтүлгөн темалар бири- бири менен байланыштуу болгондуктан окуучулар мугалимдин нускамасы менен өз алдынча иштеп, ой-жүгүртүп, көнүгүулөрдү иштеп жана аны конструкциялаганга жетишип түптүү билимге ээ болушат. Бул стратегиянын артыкчылыгы мугалимдин нускамасы менен теманы аз – аз өлчөмдө окуп түшүнүп отуруп окуучулар чоң теманы өздөштүрүүгө жетишет. Татаал түзүлүштөгү заттардын малекуласынын түзүлүшүн, касиеттерин салыштыруу менен кабыл алышат жана түшүнүп, анализдеп отуруп маалымат алышат
Сабактын темасы: Аба. Абанын курамы.
Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)
Окуучулар “кычкылтек” – маалыматты билишет.Кычкылтектин физикалык жана химиялык касиеттери менен таанышат. Заттар жөнүндө маалымат алышат. Заттардын касиети менен таанышат. Затттардын бири-бирине айлануусу боюнча маалымат алышат. Айлануулар учурундагы кубулуштар боюнча маалымат алышат. Физикалык кубулуштарды миалдар менен далилдешет. Химиялык кубулуштарга мисалдар келтиришет. Кычкылтектин алынышы, оксиддер боюнча ммалымат алышат. Озон жана аллотропия боюнча маалымат алышат.
Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)
-Окуучулар заттардын касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;
-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак
Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: диаграмма , топ менен иштөө ж.б.
Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.
С
абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)
Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.
Мисалы:
1.Лабораторияда а) 20 г KMnO4 калийдин перманганатынан, б) 10г KNO3 калийдин нитратынан ( н.ш) канча литр кычкылтек О2 алынат?
2. Төмөнкү сүрөттөр боюнча айтып бергиле: ( слайддан көрүшөт)
Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.
сабактын темасы берилет.
Сабак: Аба. Абанын курамы.
Сабактын темасы доскага жазылат.
Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:
Суроо: Чагылган болгондон кийин жаратылышта эмнени байкайсыӊар?
Мугалим: Окуучулардын айткандарын тастыктап теӊдеме жазып маалымат берет
ультра- кызгылт көк нурлар
3О2 2О3;
Текст: Жаратылышта озон жамгыр жаап, чагылган болгон учурда пайда болот. Эгерде атмосфералык аба аркылуу электр разрядынын жиберсек, абада «жагымдуу» жыт пайда болот. Анткени бул учурда жагымдуу жытка ээ болгон жаӊы зат пайда болот. Бул кычкылтектин жогорку электр разрядынын таасиринде озонду пайда кылуу жөндөмдүүлүгү.
ультра- кызгылт көк нурлар
электр разряды
3О2 2О3; О2 + О = О3↑
Жогорку электр разрядынын таасиринде кычкылтектин молекуласы менен атом түрүндөгү кычкылтектен пайда болгон «жагымдуу» жыттуу жөнөкөй зат – озон деп аталат.
Окшоштуктары: курамы кычкылтектин атомдорунан турат, кычкылдандыргыч, дем алууга катышат, жөнөкөй зат. Кычкылтек жана озон жөнүндө сөз кылып жатып, экологиялык проблемага көӊүл бурбай койууга болбойт. Ичүүчү сууну тазалоодо озонду пайдалануу экологиялык таза ыкмалардын бири. Озон атмосферада болгону көлөмү боюнча 0,004% түзөт. Озон катмары атмосферанын жогорку бөлүгүндө ( жерден 15-40 км бийиктикте ) жайгашкан. Озон катмары күндүн тирүү организмдери үчүн коркунучтуу болгон нурданууларын жутуп алууга жөндөмдүү болуп, планетадагы тиричиликти камсыз кылуучу бирден – бир шарт болуп саналат. Озон катмарындагы тешикчелердин пайда болуусу күндүз температуранын жогорулашына, түнкүсүн төмөндөшүнө, адам баласы үчүн коркунучтуу болгон рак ( айрыкча тери) оорууларынын пайда болуусуна, өсүмдүктөрдөгү фотосинтез процессинин токтошуна алып келет. 1839-жылы немис физик – химиги Кристиан Шенбейн газ абалындагы жаӊы затты ачкан, аны озон деп атаган. Озон грек тилинен «жытын сеземин» деп которулат. К.Шенбейн сууга электр – химиялык тажрыйба жүргүзүү учурунда кычкылтекке окшош, бирок жыты бар затты байкаган. Ал убакта К.Шенбейн бул газды суу менен кычкылтектин бирикмеси деп болжолдогон. 1851 – жылы гана бул зат кычкылтектин аллотропиялык түрүн өзгөрткөн жөнөкөй зат озон экени аныкталган.
Т
ема талкуулангандан кийин кычкылтек менен озондун айырмачылыгын таблицаны толтуруу менен жазып чыгышат ( окуучулар экиден иштешет).
Кычкылтек менен озондун касиеттерин салыштыралы:
| аталышы | Агрегаттык абалы | Өңү -түсү | жыты | Эрүү температура 0С | Кайноо температура 0С |
| кычкылтек О2 | | | | | |
| Озон О 3 | | . | | | |
Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.