Тема: « Тилим менен улутмун,
Тилим менен улукмун.»
Сабактын максаты:
1.Балдар эне тилин кадырлап,даңтоо менен эне тилде суйлөй баштайт.
2.Сөз байлыктарын,ой жугуртуулөрун өнуктурушөт.
3.Эне тилин суйуугө тарбияланышат.
Сабактын тиби:
Жаңы тема менен таанышышат.
Колдонулуучу куралдар:
Эне тил жөнундө ырлар,макалдар.
Сабактын журушу:
----Саламатсыңарбы,балдар!
----Жакшы эс алып келдиңерби?
----Маанайыңар жакшыбы?
Келгиле эмесе тегерек болуп кол кармашып турабыз да кереге отурум өткөрөбуз.
Турабыз катар тегерек,
Саламдашуу эң керек.
Баарыңарга кутман таң,
Ар бирибиз жылмайсак.
Жайдары кун башталат,
Анда эмесе кутман таң.
Балдар бири-бири менен кучакташып учурашат.
Балдар бугун өзгөчө кун,өзгөчө сабак. Андыктан кунубузду,сабагыбызды кундөгудөн өзгөчө кылып,дагы да патириоттук семибизди кучөтуп,Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимн менен баштасак.
(Гимн ырдалат кол чабышат)
Азаматсыңар балдар,ордуңарга отуруп алгыла.
Эне тилим кыргыз тил,
Энем,атам суйлөгөн.
Баалап анын ар бир сөзун,
Бала чактан уйрөнөм.
Демекчи балдар,биз жаңы сабакты баштасак,бугунку сабагыбыз эне тилибизге арналат.
----Балдар , биздин улутубуз кайсы?
----Кайсы Мамлекетте жашайбыз?
----Борбор шаарыбыз кайсыл?
----Кайсы тилде суйлөйбуз?
Ооба балдар биз Кыргызстан мамлекетинде жашайбыз,тилибиз кыргыз тили.Кыргыз тили биздин эне тилибиз.Кыргыз тили маамлекеттик тил статусун алганына быйыл 35 жыл толот.
Ар бир улуттун өзунун тили,каада-салты болот эмеспи.Биздин эң жакын адамыбыз энебиз экен,анткени ал бизге ак сутун бери,алдейлеп чоңойткон.Адегенде “Апа” деп тилибиз чыгып,эң алгачкы сөзду энебизден уйрөнөбуз. Эне тил эне суту менен кошо каныбызга сиңет.Эне тилди жакшы билгенибиз энебизди жана элибизди сыйлаганыбыз.
“Эне тилсиз эл болбойт”
Элди эл кылган,өзунчө улут катары таанытып турган анын тили.
Ошондуктан,биз суйлөгөн тил “эне тили” деп аталат.
Элдин тарыхы,маданияты,салт санаасы,келечеги да эне тили мене байланыштуу.Биз адегенде өзубуздун эне тилибизди жакшы уйрөнуйрөнсөк,ошондо гана өз элибизди кадырлай билебиз.Мумкун дагы көптөгөн тилдерди уйрөнсөңөр,мунун баары силердин чексиз байлыгыңар.
Келгиле эмесе эне тил жөнундө жаттаган ырларыбызды айталы.
Келгин досум кыргызча суйлошолу,
Кыргыз тилин болушунча гулдөтөлу.
Бабалардан мураска калган тилди,
Барктап,баалап баарына уйрөтөлу.
Арнап ага жан дилмди,
Алам окуп билимди.
Суйлөп,окуп,билим алып,
Суйөм эне тилимди.
Эне тилим эчен кылым карыткан,
Эч ким аны өчурө албайт тарыхтан!
Эне тилим эстелигим урабаса,
Келбес жайга кеткенимде жарыктан.
Ар адамдын көрку эне тили менен,
Адам эмес,эне тилин билбеген.
Эне тилин ыйык тутуп кадырлап,
Эчендеген инсан кеткен дуйнөдөн.
Кымбаттан кыналышкан буткөн тилим,
Кылымдан азиз энем куткөн тилим.
Төрөлуп бул дуйнөдө көз ачканда,
Жаралып жаным менен буткон тилим.
Эне тилди энем мага уйтөткөн,
Эне тилде энем мени суйлөткөн.
Эне тилде атымды билгенмин,
Эне тилим сырын ачты дуйнөнун.
Эне тилсиз тааныр белем жеримди,
Эне тилсиз тааныр белем элимди.
Эне тилсиз укмак белем “Манасты”.
Эне тилсиз укмак белем санатты.
Азаматсыңар балдар.
Эне тилин суйуу атуулдук парз,улутун сыймыгы.Кыргыздар сөз суйгөн эл,биз анын бир урпагы катары,ошол сөздун кудиретин тушунуп,баалап,өзубуздөн кийинки муунга калтырышыбыз керек.Ал учун биздин башкы милдетибиз,өз эне тилибизди мыктылап билуу зарыл,дайыма эне тили менен сыймыктанып,кыргызча таза,так,көрктуу суйлөөгө уйрөнөлу.
Мына балдар,бугун биз эне тил жөнундө аз болсо да маалымат алдык.
Эс алуу көнугуусу:
Кайтарым байланыш:
---Балдар 21-февраль кандай кун экен?
---Биздин тилибиз кандай тил ?
---Биздин мекенибиз,борбор шаарыбыз?
Баалоо:
Үйгө тапшырма:Эне тил жөнундө ыр жаттап келуу.
Тема: “Мекенди коргоо ыйык милдет.”
Сабактын максаты:
Балдар ата мекенди коргоо жөнундө маалымат алышат.
Атуулдук сезимин ойготуу.
Мекенди суйууго, коргоого тарбиялоо.
Сабактын тиби:
Жаңы тема менен таанышышат.
Колдонулуучу куралдар:
Мекен жөнундө сурөттөр,ырлар.
Сабактын журушу:
Саламатсыңары балдар!
Намыс деген ашуусу тар,бийик бел,
Мекен учун согуп турсун журөктөр.
Эли-журтум намысы учун жаралган,
Майрамыңар куттуу болсун жигиттер!
Эмесе балдар бугунку тарбиялык сабагыбызды быштасак.
Сабагыбыздын темасы “Мекенди коргоо ыйык милдет”деген экен.
23-февраль Ата мекенди коргоочулардын куну.2003-жылдан тарта кыргыз өлкөсундө бул кун календарда кызыл дата болуп белгиленип келет.Кыргыз өкмөту атайын токтом кабыл алып,өсуп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында бул кунду Ата Мекенди коргоочулардын куну деп жарыялаган.
1918-жылы дал ушул куну Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскрлерин Пеков жана Нарва аймагына алгачкы жолу жеңип алган. Ошол мезгилден тарта 23-феврвль “Кызыл армиянын туулгн куну” деп аталып калган. Ал эми 1922-жылы бул дата расимий турдө Кызыл Армиянын куну деп жарияланган. Кийин СССР маалында 23-февраль Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун куну деп жыл сайын белгилене баштаган.
Мына балдар бугун силер менен 23-февраль Мекенди коргоо жөнундө аз да болсо тушунук алдык.
--- Балдар силер да чоңойгондо мекенди,элди,жерди коргогон жигиттерден болосуңарбы?
---Мекен жөнундө ыр билесиңерби?
Кана эмесе мекен жөнундө жаттаган ырыңарды айтып бергилечи.
Мекен жөнундө ырлар.
Көрө билип алысты,
Коргоп элдик намысты.
Жоокер болуп барсам дейм,
Чек арага алыска.
Эл ишеничин актаган,
Эл достугун сактаган.
Мекенимдин тынчтыгын,
Солдат болуп сактасам.
Кыргыз жигит зор болот,
Кыраан Манас эл болот.
Душман келсе жерине,
Калкан болот элине.
Кыргызстан ардактуу,
Менин ата мекеним.
Эне тилим кыргыз тил,
Билем кымбат экенин.
Бул кыргыздын уулу деп,
Чыгып элге атагым.
Келет менин дуйнөдө,
Жоокер болуп жашагым.
Азаматсыңар балдар силер мекен жөнундө эң соонун ырларды жаттапсңар.
Эс алуу көнугусу
Отуруп отуруп чарчадым,
Акырын туруп баштадым.
Талып кетти бойлорум,
Чачырап кетти ойлорум.
Эс алдырып албасам,
Таарынат го колдорум.
Эс алдырып албасам,
Таарнаыт го буттарым.
Кайтарым байланыш:
----23-февраль кандай майрам экен?
----Биз кайсы мамлекетте жашайбыз?
----Борбор шаарыбыз кайсыл?
----Силер чоңойгондо ким болосуңар?
Баалоо:
Үйгө тапшырма: Мекен жөнундө ыр жаттап келуу.
Эне тил
Биргелешип дайым бирге журөбуз,
Кыргыз сымал кээ бирөөну билебиз.
Кыргыз тилин суйлөй албай чынында,
Кыргыз тилин жарды десе кулөбуз.
Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин суйбөгөн,
Элин суйуп,жерин суйуп жарытпайт.
Кыргыз тилин эл аябай кордоптур,
Анысына бир уялып койбоптур.
Ошолордун баары кыргыз болсо да,
Эч убакта өзу кыргыз болбоптур.
Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин суйбөгөн,
Элин суйуп,жерин суйуп жарытпайт.
Тема: Кышкы канаттуулар
Сабактын максаты:
1)Балдарга канаттуулардын окшоштуктар жана айырмачылыктары тууралуу кеңири маалымат берүү
2)Канаттууларга кыш мезгилинин тийгизген таасири жөнундө айтып берүү.Балдардын сөз байлыгын,ой жүгүртүүсүн өнүктүрүшөт.
3)Канаттууларга аяр мамиле жасоого тарбиялоо.
Сабактын тиби:Жаңы тема менен таанышышат.
Колдонулуучу куралдар:
Кышкы канаттуулардын сүрөттөрү,табышмактар.
Сабактын жүрүшү:Саламатсыңарбы балдар!
----Маанайыңар жакшыбы?
----Жакшы эс алып келдиңерби?
Келгиле сабакты баштоодон мурдаа маанайларды көтөрүп алалы,ал үчүн мен ыр айтам силер да артымдан кайталагыла.
Кол кармашып баарыбыз,
Тегерек бирге турабыз.
Жылмаялы келгиле,
Баарыбыз досбуз туурабы.
Балдар маанайыбызды да көтөрүп алдык.Эмесе бүгүнкү сабагыбызды баштасак.Биз өткөнкү сабакта кесиптер жөнүндө сүйлөшкөн элек. Бүгүн кыштоочу канаттуулар жөнүндө сүйлөшөбүз.
---Балдар азыр жылдын кайсы мезгили?
Ооба азыр жылдын кыш мезгили.Келгил анда кыш мезгилиндеги канаттуулар жөнүндө сабагыбызды баштасак.Анда эмесе мен силерге кыштап калуучу канаттуулар жөнүндө айтып берейин.
Канаттуулардын көбү сууктун түшүшү менен жылуу жактарга учуп кетишет.Мындай канаттууларды келгин куштар деп атайбыз.Ошондой эле жайы, кышы бир жерде байырлаган канаттууларды кыштап калуучу канаттуулар деп атайбыз.
Алар: Таранчылар,көгүчкндөр,каргалар,сагызгандар.Кээ-бир канаттуулар кышында учуп келишет,алар биздин кышы коноктор.Алар жашаган түндүктө аба ырайы абдан суук болгондуктан кышкысын жем издеп биздин аймактарга учуп келип кышташат.
---Эмне үчүн кыштап калуучу канаттуулар башка жактарга учуп кетишпейт?
Себеби , алар жей турган дандарды,мөмөлөрдү,талаалардан кышында деле таап жей алышат жана аларды кышкы сууктан коргогон жылуу жүндөрү бар.Ошол себептен алар кышкысын эч жакка учуп кетишпейт.
Көгүчкөн: Бул канаттуунун өңү көк, ак, таргыл,күрөң.Көгүчкөндөр адамдар жашаган жерге жакын жашашат.Ал эми жапайылары тоолордо,капчыгайларда,аска боорлоруна уя салып жашашат.Көгүчкөндөр чөптөрдүн уруктары,буурчактар,эгин талааларында калган дандар менен азыктанышат.
Боз карга: Боз карга адамдар жашаган жерде жашаганга көнгөн.Каргалар бир салган уясына жыл сайын кайтып келип балапан басып чыгарышат.Ошондой эле каргалар кышкысын учуп келип,жазында салкын жактарга учуп кетишет.
Таранчы: Таранчылар топ-топ болуп жашашат.Уяны үйдүн чатырына же талаага салышат. Кыштап калуучу канаттуу.
Сагызган: Сагызган шакылдаган үнү менен жашаган жериндеги тоо-талааны жаңыртып турат.Жеген тамагынан бөлөк,көзүнө жакшы көрүнгөн нерселерди жакшы көрөт.
Үкү: Үкү жырткыч куш.Күндүз көзү көрбөйт,түнкүсүн майда жаныбарларды кармап жейт.Көздөрү чоң,тырмактары тумшугу курч.
Мына балдар биз бүгүн кыштоочуу канаттуулар жөнүндө кызыктуу маалыматтарды билип алдык.
Мен эми силерге табышмак айтам жандырмагын тапкыла.
ТАБЫШМАК.
Кулагы сак уганаак,
Кекиртеги суганак.
Ала була чапаны,
Анын атын ким табат? (Сагызган)
Короодо жүрөт жаш бала,
Укмушта мындай жок бала.
Эгиндин ээсин кыйкырткан,
Тартиби жок шок бала. (Таранчы)
Азаматсыңар балдар баарын туура таптыңар.
Эс алуу көнүгүүсү.
Терезени ачабыз,
Таза аба кирсин деп.
Көнүгүнү жасайбыз,
Денем күчкө толсун деп.
Кайтарым байлныш:
---Балдар бугун биз эмне жөнүндө сүйлөштүк?
---Кыштоочу канаттууларга кайсылар кирет экен?
---Алар кышында эмне менен тамактанышат экен?
---Канаттууларга кантип жардам берсек болот экен?
Баалоо:
Үйгө тапшырма: Кара чыйырчык көрсөңөр,
Урбагыла таш менен.
Тал башына кооздоп,
Жыгачтан уя салгыла.