лекциялык сабак
Тема: Мугалимдин психологиясы
План: 1.Мугалимге коюлган талаптар 147 б
2. Педагогикалык жөндөмдүүлүк.148 б
Тм 1 Мугалимдик кесип бардык өкөлөрдө,негизги,ардактуу,ооптуу кесиптердин бири болуп саналат.Ар бир улуттун маданий,илимий,экономикалк жана саясий деңгээли мугалимдик кесипти жеткиликтүү баалап,ага көрүлгөн камкордукка жараша болот.Мугалим өзүнүн көзгө көрүнбөгөн,убагында жеткиликтүү бааланбаган эмгеги менен алсыз,жардамга муктаж баланы эң жөнөкөй эмгегин,жүрүш-турушун,иш-аракеттин түрлөрү менен тааныштырып,өз алдынча аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон,активдүү,коомдо өз орду бар,өз республикасын даңктай турган инсанга айландырат.
Мугалим өз керт башында адам баласы топтой кеткен тажрыйбаларды алып жүрүүчү,анын балага тийгизген таасирин,маанисин бирден бир аңдоочу жана бул тажрыйбаларды берүү жолдорун так билүүчү инсан болуп саналат.Мугалим адамгерчиликтин эң жогорку үлгүсүн алып жүрүүчү чыныгы үлгүМугалимдин керт башы-жаш жеткинчектер үчүн үлгү,мисал болуу менен окуучулардын өз артынан ээрчитүү ,жетектөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.Окуучулар мугалим мененарым-катнашта болуу аркылуу мугалимдин деңгээлине чейин,андан да тепкичке көтөрүлүүгө аракет жасашат.
Мугалим жөнүндө философтор,педагогдор,жазуучулар төмөнкүдөй ойлорду калтырып кетишкен:Мугалим –баланы жаман таасирден,бузулуудан коргоочу жана сактоочу(Ж.Ж.Руссо).
Өзүнүн жеке үлгүсү менен баланын делебесин кызытуучу кең пейил адам(Л.Толстой).Өз балан кырсыкка учурабас үчүн анын эркин “сындыр”(антик педагогдор).
Мугалимдин личносттук,профессионалдык касиеттерин,педагогикалык жөдөмдүүлүгүн,өкмөт тарабынан ага коюлган талаптардын маанисин,илимий негизин ачуу педагогикалык психологиялык психологияда негизги проблемалардын бири болуп саналат.
Педагогикалык иш аракетти негизги элементтеринин бири болуп мугалим саналат.Мугалимдин иш аракетине жараша педагогикалык иш-аракеттин башка элементтери өзгөрүүгө,калптанууга мүмкүнчүлүк алат.Коомдогу мугалимдин орду,функциясы адам баласы топтогон маалыматтарды балдарга берүү,социалдык заказды ишке ашыруу жана окуучулар ээ болгон жүрүш-турушту жетектөө болуп саналат.Мугалимдин функциясы ушул күнгө чейин бардык коомдо анын өнүгүү деңгээлине карабай,негизи туруктуу калууда.
Мугалимдин иш-аракети мектепте жүрөт.Ошондуктан анын иш-аракети,ишинин деңгээли,эффективдүүлүгү мектептин окуу тарбия иштерине жараша болот.Коом мугалимдин мектептин алдына төмөндөгүдөй конкреттүү маселелерди чечүүнү,ишке ашырууну талап кылат:
-Окуучуларды маалыматтарды системасы менен куралдандыруу;
-Нравалык түшүүктөрдүн өздөштүрүлүшүн камсыздоо;
-Жүрүш-туруш,ыктарын,машыгуулардын калыптануусунун мыйзам ченемдүүлүгүн үйрөтүү;
-Ар тараптан өнүккөн личностту тарбиялоо;
Окуучуларды келечек турмушка ,кесипке даярдоо.
Мектептин алдана коюлган бул милдеттерди аткаруучу бирден бир личность болуп мугалим саналат.
Ошондуктан мугалим окуучуларга билим берүүчү гана субъект катары карабай ,окуучлардын турмушун уюштуруучу,тарбиячы ,класс жетекчи,коомдук ишмер,окуучу менен окуучунун ,мугалим менен окуучунунун ,ата-эне менен болгон мамилени уюштуруучу социал психолог катары да эсептешет.Мугалим жогорудагы коом,мектеп тарабынан коюлган талаптарды ишке ашыруу үчүн:
-Социалдык милдетти жогору сезген;
-Моралдык жактан таза,эң жогорку интеллектуалдуу
-Жалпы, терең билимдүү,түрдүү илимдин тармагы менен сугарылган;
-Курак,педагогикалык,социалдык психология,педагогика,курак физиология жана мектеп гигиенасы сабактарын жакшы билген;
-Өз предмети боюнча фундаменталдуу илимге ээ болгон;
-Тарбиялоонун ,окутуунун методикасын билген;
-Өз кесибин сүйгөн жана ал сүйүүсүн окуучуларга бере алган;
-Ишке чыгармачыл мамиле жасаган;
-Окуучулардын ички дүйнөсүн түшүнө билген,педагогикалык оптимизм касиетине ээ болгон;
-Педагогикалык техникага(лигикалык ойлоо,кепке,карым-катнашка)ээ болгон;
-Педагогикалык чеберчилигин ар качан өркүндөткөн ж.б. мыны ушуга окшогон кесиптик касиеттерге ээ болуусу зарыл.
Тм2 Педагогикалык жөндөмдүүлүк
Мугалимдин өзү тандап алган кесиптин үстүндө ийгиликтүү иштөөсү үчүн өзгөчө,спецификалык касиеттердин болуусу да талап кылынат.Мындай спецификалык касиеттер бир жагынан социалдык чөйрөгө жараша калыптанса, экинчи жактан жаратылыштык негизге да ээ болот. Мугалимге керек болгон айрым кесиптик касиеттер жаратылыштык негизге ээ болмоюнча, педагог өз кесиби боюнча жогорку чекке көтөрүлө албайт. Педагогикалык жөндөмдүүлүктүн жаратылыштык негизи илимде бир жактуу чеимге ээ эмес.Бул түшүнүк педагогика, психология илиминде реалдуу жашоодо.
Педагогикалык жөндөмдүүлүк –татаал структурага ээ.Психолог В.А.Крутецкий педагогикалык жөндөмдүүлүктү шартту түрдө личносттук ,дидактикалык,коммуникативдүү деп үч группага бөлөт.
Балдарды жакшы көрүү-окуучулар менен карым-катнашка өтүүгө аракеттенүү ,ички дүйнөсүнө кирүүгө ,аны ар тараптан үйрөнүүгө далалаттануу.Балдарга сылык,кичи пейил,ак көңүл мамиледе болуу.
Сабырдуулук,өзүн-өзү токтото билүү-мугалим түрдүү жөндөмдүүлүктөгү ,тарбиядагы балдар менен мамилелешүүдө алардын күтүлбөгөн,кыжырды келтире турган,өкүнүчтүү,чектен чыккан кылык жоруктарын көтөрөт.Мынндай ситуацияларды мугалимдин тигил же бул жаратылыштык касиеттери жогорудагы ситуацияларга резонастык мамиле жасабастан,өзүнүн ички күчтүү сезимдерин,темпераменттик касиеттерин басып,өзүн-өзү колго алып ,ачуусун ичине жутуп,анын чыныгы ички кыймылдатуучу себептерин сабырдуулук мененталдоону талап кылат.Ансыз мугалим окуучуларды башкаруу укугунан ажырап калат.
Өзүнүн көңүлүн башкара билүү-мугалим сабакка пессимисттик духта кирбестен,оптимисттик духта,б.а. сабакка ачык маанай ,окуууларды сүйүү сезими менен кирүү зарылчылыгы билдирет
Психикалык абал(чарчоо,көңүл чөгөттүк,сергектик,оор кайгы,ж.б) окуу процессине ,окуучуга түздөн түз таасир этери А.О.Прожорвдун,К.Миңбаевдин изилдөөлөрүндө негизделген.
Түшүндүрө , билүү жөңдөмдүүлүгү –өз оюн окуучуларга
түшүнгөндөй кылып ,эң кыйын ,татаал проблемаларды окуучулардын тилине ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүгү.Татаал проблемаларды жөнөкөйлөтүү жаратылыштагы ордун көрсөтүү менен бирге окуучулардын тигил же бул материалды түшүнүүсун алдын ала көрө билүү.
Кеп жөндөмдүүлүгү -мугалим кесиптик формада өз оюн так,ачык берүү мүмкүнчүлүгү.Көп мугалимдер өзүнүн билгенин кеп аркылуу туюнта албагандыктан,керектүү сөз айтылышын коё албагандыктан,сөз байлыгынын жетишсиздигинен ,кылымдар бою айрым кыргыз сөздөрүнүн аң-сезимсиз,автоматтык түрдө ойлонулбай айтылып кеткен сөздөрдүн унутулушу.Учурда ылайыктуу сөздү таба албай,орус сөздөрү менен айкалыштыруусу окуучуларга берген информациялардын кыйын,татаал,оор болушуна алып келет.Кеп жөндөмдүүлүгүн көп учурда чечендик жөндөмдүүлүк деп да жүрүшөт.Кыска убакыттын ичинде тигил же бул информацияга керектүү кептердин системасын табуу мугалимдин авторитетин кескин көтөрөт.
Академиялык жөндөмдүүлүк-тигил же бул сабактан берген мугалимде өз кесиби боюнча өзгөчө талант,мүмкүнчүлүк кеңен болушун талап кылат.Мис: математик жалаң гана окуганын айтып ,түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүнөн башка жаратылыштык “чымыны” да болушу зарыл.Академиялык жөндөмдүүлүк мугалимдин программалык материалды терң ,ар тараптан түшүнүү,окуу китепте айтылбай кеткен жерлерин бир канча эсе терең түшүнө билүү жөндөмдүүлүгүн белгилейт. Мындай мугалимдерди окуучулар өз сабагынын профессору деп аташат.Окуу процессинде мугалимдик кесиптик касиети менен нравалык касиеттеринин ортосунда ички байланыш бардай туюлат.Мугалимдин кесиптик деңгээли жогорулаган сайын,окуучулар анын нравалык касиеттерине да жогору баа бергени жүргүзүлгөн экспериментте ачык көрүнөт.
Уюштуруучулук---коммуникативдүү жөндөмдүүлүк. Бул жөндөмдүүлүктүн структурасын төмөндөгүдөй мугалимдин касиеттери түзөт:
Уюштуруучулук жөндөмдүүлүк-мугалимдин сабак берүү мезгилинде,биринчиден окуучулардын жүрүш-турушун,сабакта болуучу түрдүү ситуацияларды өз учурунда көрүп ыңгайлуу нукка буруусу.Экинчиден ,өзүнүн иш-аракетинин алдында турган тоскоолдук кылуучу дүүлүктүргүчтөрдөн арылтуу.Мугалимдин ар бир сабакта алдын ала,сабак башталганга чейин же сабак учурунда өзүнүн иш аракетин уюштуруусу негизги орунда турат. Уюштуруучулук жөндөмдүүлүктүн бирден бир индикатору болуп убакытты туура пайдалануу саналат.
Коммуникативдүү жөндөмдүүлүк-окуучулардын жаштык,психикалык өзгөчөлүктөрүнүн эсепке алып,жеке окуучу же класс коллективи менен туура мамиле түзүүнү көзгө тутат.Мугалимдин класс коллективи менен сөз таба билүүсү,туура мамиле түзүүсү окуучулардын сабакка кечигүүсүн азайтат,сабакка болгон кызыгуусун жогорулатат,окуучулардын эмгектери жогору бааланат,сапаттуу баа алууга түрткү берет.
Педагогикалык байкоочулук-мугалим сабак берүү учурунда ар түрдүү дүүлүктүргүчтөрдүн арасында турат.Ар бир дүүлүктүргүч
конкреттүү окуучулардан чыккандыктан,ал окуучунун жүрүш-турушунда ,мимикасында,пантомимикасында көрүнөт.Мугалимдин мындай жөндөмдүүлүгү сабактын эффективдүүлүгүн көтөрөт жана окуучулар ал мугалимди “көзү ачык” катары сыйлашат.
Суггестивдик жөндөмдүүлүк-бул латын сөзү,сезим туудуру деп которулат.Мугалим окуучулар менен карым-катыш түзүүдө,сабактын мазмунун берүүдө анын өзүн-өзү ишенүүсү,чечкиндүүлүгү,эрки,койгон талабын аткарууга жасаган аракети,сөзүнүн мазмундуулугу,ишеничтүүлүгү,аргументтүүлүгү бекер кетпестен,,окуучуда ички даярдануу,мугалим үндөгөн жакка барырлуу аракетин пайда кылат.
Түйүндүү түйшүктөр:компетенция, компетенттүүлүк, кесиптик компетенттүүлүк, адистик компетенттүүлүк, педагогикалык ишмердүүлүк, окутуу процесси, окуу предмети, класстык коллектив, коммуникабелдүүлүк, окуучулардын үйрөнүү деңгээли, психологиялык компетенттүүлүк, ишмердүүлүк, улуттук баалуулук, адамзаттык баалуулук, мугалимдик көндүмдөр.
Мугалимдердин компетенттүүлүгү же ишбилгилиги деген эмне?Кандай мугалимди ишбилги дейбиз?Алардын мугалимдик ксипке компетенттүүлүгү кантип аныкталат? Так аныктоого негиз боло турган стандарт барбы?Жогорку окуу жайларда мугалимдин ишбилгилик сапаттары тууралуу студенттерге маалымат берилеби же бул өнүттө даярдалабы?Мугалимдик кесиптин кайсы адистиги боюнча?Орто мектептин же жогорку окуу жайдын окутуучусубу?Ж.б суроолорго жооп издейбиз.
Ал багыттар деп төмөнкүлөрдү эсептөөгө болот:
Педагогикалык кесиптик ишбилгилик
Окутуу-үйрөнүү процессин уюштура билгичтик
Инсандк психологияга аяр мамиле жасай билгичтик
Билим деңгээлин жетиштүүлүгү,тармактык билимдин бекемдиги
Мугалимдик кесипке берилгендик,педагогдук ишмердүүлүктү аркалоо
Окуу программалары боюнча түшүнүк,кабардарлык деңгээли
Коммуникабелдүүлүк
Билимди,билгичтикти жана көндүмдү баалай алуу,баалоо критерийлерди билүү
Башка өзгөчөлүктөр(кваливикацияны жогорулатуу,мыйзамдуулукту билүүж.б)
Мугалимдин тажрыйбасы,сапаты жанакаалоосу,практика өткөрүлө турган мектиептин сапаты,факультеттеги шарттар,колдо болгон материалдар,аларды колдонобилүү,жетекчилик сапат,классты жетектөө,оуучулар менен болгон мамиле кандай болушу керектигин крап көрөлү.
1.Кесиптик педагогикалык ишбилгилик
А.Кесиптик ишбилгилик.Темага жана тиешелүү билим тармакка байланныштуу белгилүү бир даражада маалыматы бар экендигин көрсөтүү.Предметти,түшүнүктөдү,аткара турган иштерди так билүү.Окуу материалына төп келген методду жана окутуу технологиясын,кошумча материалды жана кманы колдоно билүү
Өзү окуткан окуу предметке байланыштуу эреже, теория,аныктама,принцип,түшүнүктөрдү жатык тилде,төп келтире үйрөтө ала турганын көрсөтүү
Б.Педагогикалык ишмердүүлүккө даярдык.Окуучулардын түшүнүктөрдү туура же туура эмес кабыл алынгандыгын аныктап,зарыл болгон учурда түзөлтүү
Окуучулардын билимине,үйрөнүүсүнө алардын физиологиялык, психологиялык,сезимталдык жана социалдык жактан өнүгүүсү таасир бере турганын билүү
Предметтин окуу планга ылайык үйрөтүлүп жатканын билүү
Предметтин өзгөчөлүгүнө,сабакта өтүлө турган материалга шайкеш келген методду жана технологияларды тандай билүү
Окуу предметке,шайкеш келген маалыматтык технологияларды пайдалана билүү
Сабактын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу коопсуздук эрежелерин билүү
Окуу предметке,сабак өтүүгө байланыштуу кваливикациясын үзгүлтүксүз жогорулатып туруу
2.Окутуу процессин уюштурууга карата ишбилгилик
А. Пландаштыруу .Сабактын максатын жана анынаягында окучуларда күтүлүүчү билим,мамиле өзгөчөлүктөрүн так билдирүү.
Сабактын аягында окуучулардан күткөн өзгөчөлүктөрдү кантип үйрөтөөрүн пландаштыруу,бышыктоочу суроолорду даярдоо.
Өтүлөтурган темага кошумча материалдарды таңдоо жана даярдоо
Окуучулардын жекече психологиялык, этикалык, социалдык-коомдук жана маданий жактан өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү иш-аракеттерди (оюн,крассворд,роль,жекече же топтордо иштөө,көнүгүү ж.б) пландаштыруу;теманы окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрүү,аны так калыптандыруу үчүн зарыл кошумча материалды колдонуу.
Пландаштыруу окуучулардынинсандык жекече өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу
Сабактын сонунда окуучулардын кандай өзгөргөндүгүнө,эмнени көрө билгендигине жараша балоо
Б.Окутуу процесси.Окуучулардын социалдык, психологиялык, тил, сезим, туюм, маданий жактан өнүгүү өзгөчөлүктөрүн көрө билүү.
Ар бир окуучунун эмнеге кызыгаарын, ага эмне керек экендигин билүү
Окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып,анын жөдөмүн, кызыгуусун, үйрөнүү өзгөчөлүгүн билип,урмат менен мамиле кылуу.
Окуучуларды багыттап, кеп кеңеш берүү
Жаңы теманы мурда өтүлгөн жана кезектеги сабакта өтүлө турган темаларга байланыштыруу.
Окуучулардын кызыгууларына, ишмердүүлүктөрүнө жана даярдыктарына жараша теманы түшүндүрүү.
Окуучулардын жаш курактарына,буга чейинки билимдерине, жөндөмдүүлүктөрүнө жана даярдыктарына жараша теманы түшүндүрүү.
Түрдүү методдорду ийкемдүү колдоно билүү.
Убакытты туура бөлүштүрүп,туура пайдалана билүү.
Ар бир окуучу менен иштөө,алардын ишмердүүлүктөрүн багыттоо.
Тиешелүү окуу материалдарын жана көрсөтмө куралдарды колдоно билүү
Окуучуларды сабакка кызыктыруу үчүн түрдүү иш аракеттер(жеке,түгөй, топтук тапшырма берүү.ж.б)
Окуучулардын жаш курактарына ылайык,алардын көңүлүн бура турган, ойлонууга, изденүүгө түрткү берген суроолорду тандай билүү
Окууулардын өз алдынча үйрөнүү өзгөчөлүктөрүн эске алып, аларга түрдүү тапшырмаларды берүү
Сабактын соңунда окуучулардын алган билимин эмгегин объективдүү баалоо
Окуучулардын жоопторуна талдоонун гана негизинде пикир билдтрүү
Окуучулардын эмгегин баалоодо колдонула турган ыкмаларды,тесттерди, суроолорду мурдатан тактоо.
В.Өз предметине жана тиешелүү окуу программаларды билүү.Өлкөнүн билим берүү мыйзамында аныкталган максатты,милдеттерди,принциптерди билүү жана аларды ишке ашырууүчүн аракет жасоо.
Өз предмети боюнча окуу программаны, окутуу методдорун, технологиясын, принциптерин, колдонулуучу материалдарды жана кошумча булактарды пайдалануу жана окуучуларга багыт берүү
Программаны өздөштүрүү деңгээлине жана билим берүү боюнча мамлекеттик стандартта коюлган талаптарга жараша окуучулардын билиминин деңгээлин аныктоо жана баалоо
Г. Классты башкаруу.Ар бир окуучуга өз оюн так,толук айта ала турган мүмкүнчүлүк түзүү
Сабакты максатына ылайын өтүү
Сабакка тоскоол боло турган нерселерди азайтуу
Окуучулардын көңүл буруусунун туруктуулугуна жетишүү
Мактоону, сыйлыктарды туура жана таасирдүү колдонуу
Сабактын жана теманын өзгөчөлүгүнө жараша жеке же топтук иштерди аткаруу,ар бир окуучуга өз билимин өркүндөтүүгө көмөк бере турган демократиялык шарт түзүү
Д. Коммуникабелдүүлүк.Бир нерсени так, туура, түшүнүктүү жатык тилде айтып берүү
Класстын ичинде таасирдүү байланыш түзүү (окуучу-мугалим,окуучу-окуучуга,)
Мектеп жетекчилери, кесиптештери, башка кызматкерлер, ата-энелер жана кызматташ окуу жайлар, мектептер, мектептен тышкаркы уюмдар менен өнөктөштүк
Үндү таасирдүү пайдалануу
Суроону өз убагында, туура койо билүү, суроо берүүдө үндүн тонун окуучунун жаш өзгөчөлүктөрүнө карап өзгөртүү
Е.Окуучулардын үйрөнүү даражаларын байкоот ,жазуу ,баалоо. Окуучулардын маалыматтарды, жаңылыктарды бат үйрөнүп, жасаган нерселерин,тапшырмаларын, эмгектерин баалап, натыйжада аларды өнүктүрө турган кеңеш берүү менен бирге, бааларды жарыя угузуу, андан ары үйрөнүүгө түрткү берүү
Жасалган иштерди (сынак, тапшырма, байкоо) жана ийгиликтүү жазуу
Ийгиликсиз окуучунун проблемаларын чечүүдө тажрыйбалуу мугалимдердин кеңештерин пайдалануу, психолог менен кызматташуу
Инсандык психология боюнча компеттентүүлүк
Мугалимдин инсандын психологиялык багыты боюнча кесипке даярдыгы келечек муундарды тарбиялоодо өтө маанилүү экени талашсыз.Мугалим окуучуну инсан катары көрүп, ага ошондой мамиле кылат.Окуучулардын социалдык, маданий, жек өзгөчөлүктөрүн эске алып, эң жогорку деңгээлде ага багыт жана жардам берүүгө аракеттенет.Окуучуларга өз мамилеси,жүрүш-турушу аркылуу үлгү болот.Башка мугалимдердин, жетекчилердин алгылыктуу тажрыйбаларын үйрөнөт, өзүн-өзү аңдап, дайыма өнүгүп туруу үчүн аракет жасайт.Жаңыны билгиси келет, өзү иштеген жердин да алдыда болушуна салым кошот.Кесибине тиешелүү нормативдүү документтерди изилдеп, эч кимдин укугуна зыян келтирбей тургандай мамиле кылат
Мугалимдин предметтик адистиги кандай болсо да анын компетентүүлүгүн негизгин төмөнкүлөр түзөт.
А.окуучулардын ойлоруна маани берип, аларга урмат менен мамиле кылуу. Бул эмнени түшүндүрөт.
Окуучуларга теориялык, практикалык жактан керек болгон билим, маалымат жана тажрыйбаларды көрсөтөт.
Окуучулардын бири-бири менен сый мамиледе болушуна маани берип, тапшырма бергенде алардын жеке өзгөчөлүктөрүнө жана жөндөмдөрүнө да карайт.
Окуучулар берген жооптордо камтылган ой-пикирлерге маани берет.
Класстык жана класстан тышкаркы иштерде балдардын жекече каалосуна,керектөөсүнө, мүкүнчүлүгүнө жана жөндөмүнө карайт
Б.Окуучулардын үйрөнө аларына ишенүү.Бул эмнени билдирет.
Мугалим окуучулардын дайыма жаңы нерселерди үйрөнүп туруусуна жардам берип, өзү ар дайым изденүү үстүндө болуусу,
Үйрөнүүгө тоскоол болгон нерсе же абалды изилдеп, окуучуларга ал тоскоолдуктарды жеңүүгө түрткү берүү
Үйрөнүү, билим алуу, ийгиликкежетүүнүн түрдүү жолдору бар экенин айтуу
Ар кандай деңгээлдеги окуучуларды окууга, үйрөнүүгө, изилдөөгө мотивациялоо
Окуучулардын ийгиликтерин дайыма айтып, аларга көмөк көрсөтүү