СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Курак педагогикалык психология.

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Курак педагогикалык психология.»

Тема:Окутуунун психологиясы.

План: 1.Үйрөнүү жана анын психологиялык өзгөчөлүктөрү.

2.Өз алдынча эмес үйрөнүү

3.Үйрөнүүнүн көп деңгэлдүүлүгү

Колдонулган адабияттар:

1.К.Миӊбаев Курак жана педагогикалык психология Ош 1995 126,131,137,139 беттер.


Тм1

Окутуунун теориясында жана практикасын бири-бирине көз каранды жана айырмачылыктары бар түшүнүктөр кездешет.Аларга үйрөнүү(научение),

Окутуу(обучение),окуу(учение).

Окуу-ык,машыгуунун калыптануусуна,маалыматтарды өздөштүрүүгө багытталган жекече,индивидуалдуу спецификалык активдүүлүктүн формасы.

Үйрөнүү-алгачкы иш-аракеттин жардамы менен физикалык,психикалык иш-аракеттин туруктуу өзгөрүүсү.

Окутуу–эки субъекттин өз ара таасир этүүсүнөн пайда болуучу процесс(мугалим,окуучу)

Үйрөнүү,окутуу жана окуу түшүнүктөрүнүн кайсынысы жалпы,кайсынысы туунду түшүнүк деген суроо туулат.Үч түшүнүктүн ичинен жалпысы-үйрөнүү.Үйрөнүү түшүнүгүнүн ичине окуу жана окутуу түшүнүктөрү кирет.Окуучуда үйрөнүү аракети пайда болгондо,стихиалуу же максаттуу багытталган окуу процесси жүрөт.Үйрөнүү баланын иш-аракетинин жана жүрүш-турушунун өзгөрүүсүн түшүндүрөт.Үйрөнүү жаратылыштан берилген физиологиялык процесстин жана тышкы атайлап,багытталган максаттуу таасирдин жардамы менен жүрөт.Эгер үйрөнүү чыныгы тышкы таасирсиз физиологиялык деӊгээлде гана жүрсө,анда адамда үйрөнүү процесси пайда болбойт.Мисалы:адам карангы тамга киргенде,алгач көрүү мүмкүнчүлүгүнөн алыс турат,бирок акырындап,көздүн физиологиялык тубаса өзгөчөлүгүнүн натыйжасында үйдөгү буюумдарды ажыратууга толук мүмкүндүк алат.Үйрөнүү-адамдын алгач жасаган иш-аракетинин жардамы менен кийинки жүрүш-турушунун максаттуу өзгөрүүсүнүн натыйжасы.Мис;бала тамгаларды тааныбайт жана жазуу эрежесин билдейт.Мугалимдин түшүндүрүүсүнөн,өзүнүн активдүү аракетинин натыйжасында,жардамында тамгалардын бири-биринен болгон айырмасын,жазуу эрежесин өздөштүрөт.Окуучуда атайын даярдыктын,активдүү аракеттин жардамында үйрөнүү феномени пайда болду.Балада физикалык ички психикалык өзгөрүү келип чыкты.Бул-бала жаӊы психикалык тепкичке көтөрүлдү дегендик.Ошентип үйрөнүү эки жол менен жүрөрү негизделди.Биздин максат-ушул эки жолдун оӊ,тескери жана анын теориялык негизин тактоого аракет жасоо.

Тм 2. ϴз алдынча эмес үйрөнүү.Иш аракеттин жүрүшүндө башка максатка ээ болгон үйрөнүү-өз алдынча эмес үйрөнүү-деп аталат.

Баланын кандай иш-аракеттери үйрөнүүнү пайда кылат деген суроо психология илиминде негизги суроолордун бирине кирет.Бала конкреттүү ишти аткарууда анын чыныгы өзүнө тийгизип жаткан таасирин андабай,маани бербей,күнүмдүк балалык керектөөсүн канааттандыруу аракетинде болот.Мисалы;бала кызыгып оюнчукту ойноо аркылуу өз керектөөсүн канааттандырат.Ошол эле учурда сүйлөө менен сөз байлыгына ээ болуп жатканына маани бербейт.

ϴз алдынча эмес үйрөнүү негизинен төмөнкү каналдар аркылуу жүрөт.

  • Божомолдоочу,болгоо жана изилдөө иш аракетинен.Мисалы;заттарды кармалоо жана аларды ар түрдүү абалдарга оодаруу,басуу,жылуу аракеттеринин жардамында үйрөнүү процесси пайда болот.

  • Практикалык жана байланыш иш-аракетинен,өзүн курчап турган буюмдардын максатын,функциясын билүү,аны колдонуу,алардын функциясын ажыратуу.

  • Оюн иш-аракети

  • Эмгек ,карым-катнаш,массалык коммуникация жолдорун колдонуудан стихиалуу үйрөнүү келип чыгат.

ϴз алдынча эмес үйрөнүү иш-аракетинин объективдүү жашоосун,анын баланын өнүгүүсүндөгү маанисинин жогору экендигин психологдор төмөндөгү тажрыйбадан аныктаган.Экспериментатор алгач эксперименттке керектүү карточкаларды даярдайт.Карточкалардын биринин бетине түрдүү сандар,экинчи бетине сүрөттөр тартылат.Эксперименттин биринчи этабында балдардан карточкадагы сандарды өсүү тартиби боюнча иреттөөнү,экинчи этапта сүрөттөрдөгү окшоштугу боюнча жайгаштырууну сунуш кылат.Экспериментатор биринчи экинчи этаптардан эч нерсени жаттабоону өтүнөт.Тажрыйбанын акырында экспериментатор окуучулардан бардык сандарды,суротторду эстерине түшүрүүсүн өтүнөт. Эксперименттин биринчи этабында сүрөттөргө караганда сандарды эстерине көп сакташат.Экинчи этабында сандарга караганда сүрөттөр көп эстеринде калганы аныкталган.


Тм 3 .Үйрөнүүнүн көп деӊгээлдүүлүгү.

Адамдар жаратылыштын закон-ченемдүүлүктөрүн,заттарда топтолгон иш тажрыйбаларды өздөштүрүүдө түрдүү каналдарды колдонушат.Бул жагынан адамдардын мүмкүнчүлүктөрү айбандарга салыштырмалуу кеӊири.Адамдарда үйрөнүү рефлектордук,конгитевдик жана интелектуалдык жолдор аркылуу жүрөт.

Эгер үйрөнүү-белгилүү стимулдардын,айрым реакциялардын жардамы менен ишке ашса,рефлектордук үйрөнүү деп аталат.Рефлектродук үйрөнүү көп учурда аӊ-сезимсиз деӊгээлде өтүп,автоматтык түрдө жүрөт.Рефлектордук үйрөнүү сенсордук матордук болуп бөлүнөт.

Сенсордук-үйрөнүүдө кабыл алуунун түрдүү образдары калыптанат жана таануу,түшүнүү процесстери жүрөт(речтеги үндөр,түстөр,феномендери).

Мотродук үйрөнүүдө кыймылдарды бириктирүү жана аны талдоо аркеттери жүрөт.Мис:басуу өзгөчөлүгү,үндөрдү чыгаруу спецификасы,жазуу ыктары.

Эгерде адам өз алдына маалыматтарды,аракеттерди үйрөнүүнү максат кылып койсо-бул конгитивдүү (таануу,маалымат)үйрөнүү деп аталат.

Конгитивдүү үйрөнүү реалдуу заттардын таасир этүүсүнөн же сигнал аркылуу да үйрөнүү процесси жүрөт.Мис:адамда, “жарык”деген сөзгө шарттуу рефлексти түзүү үчүн сөздүн нервдик атоо менен бирге токту берип отурса,баш мээде убактылуу нервдик байланыш пайда болот.Андан соӊ токтун ордуна “жарык” деген сөздү угуу менен адамда рефлекс пайда болот.Демек үйрөнүү процесси жүрөт.

Эгерде үйрөнүүдө заттардын жалпы объективдүү байланышын,структурасын,чындыктын ортосундагы мамилелерди тескөө аракеттери жүрсө,бул интелектуалдуу үйрөнүү деп аталат.Интелектуалдуу үйрөнүүдө сезүү процесстери катышпайт.Анда адам реалдуу дүйнөнү түшүнүктөр аркылуу чагылдырат.Ошентип,адамдын үйрөнүүсү татаал,көп баскычтуу процесс болуп саналат.

Окутуу.Адамды личность катары калыптандырууда бирден бир жол болуп,багытталган,алдын ала уюштурулган иш-аракет негизги орунду ээлейт.Багытталган,уюшулган иш-аракетке окутуу иш-аракети кирет.Окутуу-мугалим менен окуучунун өз ара таасир этуу аракети.Окуу(учение) адамдын түрдүү иш-аракеттери,жүрүш-туруш формалары,маалыматтар,ык,машыгуулардын өздөштүрүлүшү аӊ-сезимдүү башкарылган аракет болгон жерде болот.

Окуу –адамдын спецификалык иш-аракети.Айбандарда үйрөнүү аракети кездешет.

Окуу процессине ар тараптан теориялык мүнөздөмө берүүдөн алыстап,өзүбүздү чектеп,анын составдык бөлүктөрү катары эсептелген маалымат,машыгуу,ык түшүнүктөрүн ар тараптан мүнөздөөгө аракет жасайбыз.Бул түшүнүктөр окуу процессинде негизги орунду ээлейт.

Маалымат жөнүндө түшүнүк .Окуу иш-аракетинин негизги милдети окуучуларда маалыматтарды калып тандыруу жана пайда кылуу болуп саналат. Окуучу тигил же бул иш-аракетти өздөштүрүү менен маалыматтардын системасын топтойт. Маалыматтар баланын өз менчигине айланып,жогорку деӊгээлдеги ык,машыгууларга ээ болууга жол ачат.Окуучунун иш-аракетинин ийгилиги маалыматтарды өздөштүрүү деӊгээлине жана ык,машыгуулардын калыптануусуна карап бааланат. Маалыматтар окуучулар тарабынан түрдүү тереӊдикте, толуктукта, бекемдикте, конкреттүүлүктө, аӊ-сезимдүүлүктө өздөштүрүлүшү мүмкүн. Маалымат элестетүүнүн,түшүнүктүн деӊгээлинде өздөштүрүлүп системалуу,системасыз же үзгүлтүктүү мүнөздө болуусу мүмкүн. Машыгуу негизинен кыймыл жана аракет аркылуу калыптангандыктан,окуу иш-аракетинде кыймыл жана аракет түшүнүктөрү негизги орунду ээлейт. Машыгуу- аӊ-сезимдүү иш-аракеттин автоматташкан компонетти же аракеттин аӊ-сезимдүү автоматташуусу. Адамдын кыймылы,аракети мотордук,сенсомотордук,интелектуалдык деӊгээлде жүрөт. Машыгуу автоматташканда аӊ-сезимди мотордук сенсордук, интелектуалдык көзөмөлдөөдөн алыстатат.Бирок аӊ-сезим аракеттин жыйынтыгын,шартын,максатын көзөмөлдөп,өз талаасында кармап турат. Аракет сенсордук,мотордук,интелектуалдык каражаттар менен аткарылгандыктан,сенсордук,мотордук,интеллектуалдык машыгуу болуп үчкө бөлүнөт.

Сенсордук машыгуу окууда (тамгалардын формаларын ажыратууда), кепти угууда(тыбышты талдоодо), айдоочу-учкучтарда, көз өлчөмүндө кыймылдын ылдамдыгын,аралыкты аныктаганда байкалат.

Мотордук машыгуу шрифти, линотописттер, машинисткалар текстти басканда,велосипедде, мотоциклде, басууда, жүгүруүдө спортто жана башка иш-аракеттин түрүндө кездешет.

Мотордук,сенсордук аракет биригип,сенсомотордук машыгууну пайда кылат.Бул машыгуу жазууда,чийүүдө,автомобилди башкарууда,аралоодо ачык сезилет.

Интеллектуалдык машыгуу-эсептөөдө,куралдардын көрсөтүүсүн окуганда байкалат.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!