Предмети:Адабий окуу сабагы 3- класс
Сабактын темасы:Аяз Ата
Сабактын максаттары:
Билим беруучулук:Чыгарманын мазмуунун тушунот.Оз созу менен айтып бере алат.
Онуктуруучулук:Алган билимин турмушта пайлалана алат
Тарбия беруучулук:Жаратылышты суйууго.Ден соолугуна кам корууго Бири бири менен ынтымактуу болууга тарбияланат.
Корсоткучтор:Жогорудагы коюлган максаттар ишке ашат эгерде:
-чыгарманын мазмуунун тушунсо
- чыгарманы оз созу менен айтып бере алса
-сабакта алган маалыматты пайдаланса
-окуу кондумдоруно ээ болсо
Сабактын тиби:жаны материалды оздоштуруу
Сабактын формасы:Жеке жупта топто иштоо
Сабакта колдонулган ыкма:
Жабдылышы:темага байланыштуу тустуу суроттор.Интернеттен алынган маалыматтар
Кыска видеороликтер
Сабактын журушу:Класста жагымдуу маанай тузу.Бири бирин карап жылмаюуу.Сабакты жылмаюуу менен баштоо.АЯЗ АТАНЫН КАТЫ.САЛАМАТСЫНАРБЫ АК-БУЛАК ОРТО МЕКТЕБИНИН 3- КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ МУГАЛИМДЕР ЖАНА АТА ЭНЕЛЕР.СИЛЕРДИН 2018-ЖЫЛДЫ ЖАКШЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЙЛЫ ЖАНЫ 2019- ЖЫЛДЫ ЖАКШЫ МААНАЙ МЕНЕН ТОСУП АЛАЛЫ ДЕП ТУРГАНЫНАРДЫ УКТУМ.БУГУНКУ САБАГЫНАРДЫН ТЕМАСЫ МЕН ЖАНА КЫШ ТУУРАЛУУ ЭКЕНДИГИ МЕНИ АБДАН КУБАНДЫРДЫ.СИЛЕР ЖАКШЫ ОКУП БИЛИМИНЕРДИ ТЕРЕНДЕТКИЛЕ ОШОНУ МЕНЕН БИРГЕ ТАРТИПТУУ БОЛГУЛА.АНТКЕНИ ТАРТИП БИЛИМ АРАКЕТ ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК БОЛОТ.А БАСА АЗЫР АЙНУРА ЭЖЕКЕ КОМПЮТЕРИНИЗДИ ИНТЕРНЕТ ЖЕЛЕСИ АРКЫЛУУ ТУЗ ЭФИРГЕ ТУТАШТЫРЫП КОЮНУЗ.МЕН САБАКТЫ ТОЛУК КОРОЙУН.САБАКА АКТИВДУУ КАТЫШКАН ОКУУЧУЛАРГА БЕЛЕГИМДИ КАМДАП СЫЙКЫРДУУ ЧАНАМА АРТЫП ЖОНОТОЙУН.СИЗ АНЫ ТОСУП АЛЫП САБАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА БАЛДАРГА БОЛУШТУРУП БЕРИНИЗ.СИЛЕР МЕНЕН ЖАНЫ ЖЫЛДА ЖОЛУГАМ.УРМАТЫМ МЕНЕН СИЛЕРДИН АЯЗ АТАНАР.
Окуучуларды эки топко болуп алуу.1-ак кар тобу 2-кок муз тобу.Ар бир тапшырма бааланып кар буртукчолору берилип турат.Тамгаларды ар бир окуучуга таратуу.ак кар созун айтканда ошол тамгалар тийген окуучулар доскага чыгат тамгаларын которуп чыгып соз курайт.анан бир топ болуп олтурат.Кок муз да ушундай тартипте болот.
Уй ташырмасын суроо:Ч.Иманалиевдин Кыш чилде ырын окуучулар жатка айтып беришет.Мугалим окуучулардын ар бирине бир куплет ыр болуп берген жана Кыш мезгилин чагылдырган сурот тартып келуу тапшырмасы берилген.Тартып келген суротторун жактап доскага илишет.
Кышкы чилде
1.Кубалап кайгы капаны
Жумалап жаайт аппак кар
Кыроо бубак жамынып
Пайда олот ак бактар.
2.Улуп уншуп шамалы
Элди уйго камады
Чилде тушуп суу тончу
Мезгилди балдар самады
3.Майдалап айнек сепкендей
Кумшекер жерге токкондой
Кардын бети жылтылдайт
От куйуп жанып очкондой
4.Тан сурулуп аткандай
Акиташ сээп чачкандай
Жылт этип эле жок болот
Ай нуру чагылышкандай
5.Чыдабай суулар муз болуп
Кийсен да чокой бут тонуп
Ызгаарлуу суукта каргалар
Карагай бака бут конуп
6.Бобоктор муз тээп ойношот
Ушуйбуз деп ойлошпой
Мандайдан терин агызып
Кар жиреп музга сойлошот.
7.Тонгон колун уйлошуп
Бака шака суйлошуп
Жонойт балдар добого
Чаналарын суйрошуп
8.Муз тебишет мелдешип
Тоготпой суукту тердешип
Аяз Ата Аяз кыз-
Коп кечикпей кел дешип.
Мугалим:Чилде- деген созду кандай тушунобуз?Чокой-деген эмне?
Кыш мезгилндеги катуу суук болгон кырк кун-чилде.
Чокой- калын кийизден жасалган бут кийим деп балдар жооп беришет.
Аяз деген эмне экен балдар? Аязды канча турго болот экенбиз?Аяз ырын ким айтат.Балдар жаттап келген ырын кол которуп айтат.
Уч аяз
Собол койду чон ата:-Кана эмесе балдарым
Айткылачы баяндап:-Сырттагы аяз кандайын
-Катуу жумшак орточо десе болот аязды
-Минтип айтпайт эч качан!-Берки бала талашты
-Ырас мынтип айтылбайт-Деп чон ата ондоду
-Катуу журсо чыкыроон Темир аяз болгону
Муйуз аяз болгондо жумшарды деп биле бер.
Кийиз аяз болгондо Кулакчынын туро бер.
Мугалим демек биз аяздын уч туру бар экенин билип алдык азаматсынар балдар.Уй тапшырма бааланат.
Корсотмо курал пайдалануу:
Бул суротто эмнени коруп турасынар?Кыш мезгилиндеги ак кар жаап аяздуу суук окум суруп турган айылдын корунушун деп балдар жооп беришет
.Анда бугун силер менен ото турган жаны темабыз Аяз ата деп аталат.
Аяз ата деген ким?Ал эмне жумуш аткарат?
Балдар Аяз атанын Арктикадан бугулары менен сыйкырдуу чанасын тээп жаны жылда балдарга таттуу белектерди алып келээрин Аяз Атаны абдан жакшы корорун аны чыдамсыздык менен кутоорун айтышат
АЯЗ АТА.
Аяз ата текстин чынжырча турундо окушат.
Кеч куз.Асмандагы сурулгон булуттар кез-кез муздак жамгырын тогуп отот.Бир куну апам:Арыктагы суу каймактап калыптыр- деди Барып корсом арыктын бетин жалтыраган муз каптап анын астындагы суу чулдурап агып жатат.Апама келдим да:-Суунун каймагы жок тура-дедим.-Бетиндеги жука музду суунун каймагы дейт –деди апам-Аны ким жасады?-Аяз Атак еле баштаганбы?Тун ичинде ошол жасаган тура.Аяз атаны корбой анын суну кантип каймактатканын билбей калганыма аябай окундум.Эртеси кечке асман туноруп самсаалап кар жаап турду.Кечке жуук чыгыштан бир аз шамал журду да туноргон булуттарды алда кайда айдап кетти.Тун киргенде асман да Ай да жаркырап корунуп турду.Айрыкча уйдогу жарык очкондон кийин терезеден бадырайган жылдыздарды тиктеп жатып уктап калыпмын.Апам эрте ойготуп:Карасан сен уктап жатканда Аяз ата келип терезеге гул тартып койгон тура-деп терезенин айнегин корсотту.Чын эле сырт корунбойт.Терезенин айнегинен бир да жылчык калтырбай кооз гулдор менен ар турдуу жалбырактын суроту каптап калыптыр.Деги эле мындай суротту биздин класстын эч кими тарта алгыдай эмес.-Аяз ата кайда? деп сурадым апамдан.-Сыртта журот.Шашкан бойдон жугуруп эшке чыгып эки жакты карадым.Айлана аппак кар.Бак дарактар ак тон кийген адамдай дупуйот.Ал жактан да Аяз атаны коро албадым.Бетим менен колумдун учтары кулак мурдум кошо бироо чымчылагандай тызылдап чыкты.Аяз атаны копко куто албай уйго кире качтым.-Аяз ата корунбойт кетип калган окшойт-дедим апама таарынычымды билдирип.-Эмне учун кетмек эле-деди апам жай гана-бетин менен кулагынды тызылдата чымчып ким кызартты?Кызык.Корсо Аяз ата кулак мурдуму тызылдата чымчыган турбайбы.
Мугалим:1-топко суроо:Суу каймактап калыптыр дегенге кандай тушундунор?
2-топко суроо Терезеге чын эле аяз ата сурот тарттыбы? Окуучулар жооп берет.
Балдар мен бугун силерге кызыктуу маалымат болушкум келип турат Элдер кыштын кандай келээрин томонкудой божомолдошкон. Анда чогуу кубо болобуз.
Мына балдар биз кыштын келиши жонундо божомолду билип алдык.
Эми силерге Кыш мезгили тууралуу ИЛИМДЕ эмне дейт.Илимий далилдоолорду силерге сунуштайм
Кыш - күз менен жаздын ортосундагы жыл мезгилдеринин бири. Жылдын бул мезгилининин негизги өзгөчөлүгү - туруктуу төмөнкү температура көптөгөн жерлерде кар түшөт.
Кыш мезгили үч түргө бөлүнөт алар:
Астрономиялык кыш
Календарлык кыш
Климаттык кыш
Астрономиялык кыш Астрономииялык кыш, кышкы күн туруусунан тарта жазгы күндүн тенелишине чейин созулат, башкача айтканда жердин түндүк жарым шарында 22-декабрдан баштап 21-мартка чейин..
Календарлык кыш Календарлык кыш үч айдан турат: Түндүк жарым шарда булар - декабрь, январь, февраль айлары,
Климаттык кыш Климатологдордун айтуусу боюнча абанын күнүмдүк орточо температурасы Цельсия боюнча нөл градуска теңелип жана төмөндөй баштаганда кыш башталат. Кыргызстанда бул убакыт облустардын жайгашуу жеринен көз каранды, мисалы Ысык-көлдө бул ноябрь айынын экинчи жарымы, Нарында ноябрь айынын биринчи жарымы, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүйдө бул декабрь айынын биринчи жарымы.
Эң муздак ай негизинен январь айы деп эсептелет. Декабрь айы эң караңгы ай деп эсептелет, анткени күн тез кирип, кеч чыккан мезгилдик жогорку чекити ушул айга тиешелүү, январ айында болсо күн узара баштайт. Эң кыска күн жана эң узун түн 21-22 декабрга туура келет. Ал кышкы күндүн турушу деп аталат.
Яндекс.Директ
Рентгеновский аппарат «Памир-300»ncontrol.ru
Кейсы КС ГО со скидкой до 30%mycsgo.net 18+
Кыргызстанда Орточо эсеп менен октябрь айынан тарта жаан-чачындар карга айланат, бирок абатанын орточо температурасы нөлгө жетпейт. Андан соң температуранын төмөндөшү менен октябрдын аягы ноябрдын башында жер бетин толук каптаган кар түшөт. Көлмөлөрдүн үстү жука муз менен капталат. Жандуу табият бир отоло кышкы анабиозго өтөт. Ошондой болсо дагы кышкы ызгаар дагы эле алсыз, туруктуу эмес болуп, жылуу күндөр менен алмашып турат. Ноябрь айынынын биринчи жарымында . Бул мезгил - кыш алдында (кыштын келээри) деп аталат. Орточо эсеп менен ал ноябрдын аягына чейин созулат дагы климаттык кыш келгенде абанын температурасы туруктуу нөлдөн төмөн болот. Жер бети толук кар менен капталат. Кыш мезгилиндеги суук учурду чилде дейт.
Кышкысын ар кандай жугуштуу оорулар күчөйт эмеспи. Алардын эң эле кеңири таралганы Грипп, "ГРИПП деген эмне" экенин дагы билип алсаңыз ашык болбойт
Аны менен көп учурда жаш балдар ооруйт. Себеби алардын организминде анын козгогучтарына каршы коргоочу заттардын (иммунитеттин) жоктугуна байланыштуу болот.
. Сасык тумоо жылдын жылуу мезгилинде сейрек учурап, суук мезгилинде эл арасында массалык (эпидемиялык) же көп таралат.
Мына балдар биз силер менен биргеликте Кыш мезгили тууралуу кызыктуу илимий маалыматка ээ болдук.
Эми силерге Актан менен такайдын окуясын видеороликтен корууну сунуштайм.Кыш мезгилиндеги коопсуздукту кантип сактоо керек?.Видеоролик корулуп талкууланат
.МУГАЛИМ:Балдар бугунку сабак силер учун кызыктуу пайдалуу болдубу.Кол конгуроо белгиси менен корсотобуз.Анда эмесе томонку суроолрго жооп берип коюуунарды отуном
1.Кыш мезгили канча турго болунот? Астраномиялык Климаттык Календардык кыш деген эмне?
2Эн муздак ай кайсы ай?
3.Эн карангы ай кайсы ай?
4.Эн кыска кун жана эн узун тун канчанчы декабрга тура келет.
5.Кыштын эн суук учуру эмне деп аталат?
6.Кыш мезгилинде эн коп ооруган ооруу эмне деп аталат жана кантип сактанабыз?
7.Аяз кантип пайда болот.Чын эле терезеге аяз ата сурот тартабы?
8.Суу кантип каймактайт экен?
9.Божомолдоолорго карап мышыктын уктаганынан кыштын кандай келишин кантип билет экенбиз?
10.Жанырган айды кору менен ай ичинде кундун кандай болушун кантип билет эекенбиз?
11.Кумурсканын уюгунан кыштын кандай келерин кантип билет экенбиз?
Сабакты жыйынтыктоо:Топтордун упайлары саналат.Топ башы мучолордун сабака катышуусун баалайт.Мугалим комментарий берет.Аяз атанын таттуу белектерин мугалим балдарга таратып берет
Уй тапшырма беруу.Отулгон теманы окуп келуу жана терезедеги аяздын суротун тартып келуу.
1.Кыш мезгили канча турго болунот? Астраномиялык Климаттык Календардык кыш деген эмне?
2Эн муздак ай кайсы ай?
3.Эн карангы ай кайсы ай?
4.Эн кыска кун жана эн узун тун канчанчы декабрга тура келет.
5.Кыштын эн суук учуру эмне деп аталат?
6.Кыш мезгилинде эн коп ооруган ооруу эмне деп аталат жана кантип сактанабыз?
7.Аяз кантип пайда болот.Чын эле терезеге аяз ата сурот тартабы?
8.Суу кантип каймактайт экен?
9.Божомолдоолорго карап мышыктын уктаганынан кыштын кандай келишин кантип билет экенбиз?
10.Жанырган айды кору менен ай ичинде кундун кандай болушун кантип билет эекенбиз?
11.Кумурсканын уюгунан кыштын кандай келерин кантип билет экенбиз?