Информатика 8-класс I чейрек
1. ЭЭМде информация кандай кодировкаланат?
a) Символдор менен
b) Ондук эсептөө системасында
c) Маалыматтар менен
d) Экилик эсептөө системасында
2. Эсептөө системасы – бул ...
a) сандарды жана алар менен болгон тийиштүү амалдардын эрежелерин чагылдыруу ыкмасы
b) позициялык эсептөө системасында цифра менен жазылуучу сандардын мааниси
c) позициялык эсептөө системасында сандарды чагылдыруу ыкмасы
d) Ондук эсептөө системасын сандарды чагылдыруу жана алар менен болгон амалдар.
3. 3710 санын экилик эсептөө системасына өткөргүлө
a) 1010012
b) 101100012
c) 1001012
d) 10010012
4. 11000002 санын ондук эсептөө системасына өткөргүлө
a) 14010
b) 8610
c) 9610
d) 11810
5. 1468 санын ондук эсептөө системасына өткөргүлө
a) 11210
b) 10210
c) 20110
d) 4810
5. Бештик эсептөө системасында амалды аткар:
432+43=
a) 475
b) 375
c) 678
d) 530
d) 4810
6. Бештик эсептөө системасында амалды аткар:
432+43=
a) 475
b) 375
c) 678
d) 530
7. Программа – бул ...
a) Компьютердин жардамы менен берүүгө мүмкүн болгон маалымат
b) Маалыматтарды иштетүү процессинде компьютер аткарган командалардын ырааттуулугу
c) Керектүү программалардын жыйындысы
d) Информация менен иштей ала турган маалыматтардын жыйындысы (1 мин)
8. Колдонуучунун интерфейси–...
a) программа менен колдонуучунун баарлашуу ыкмасы
b) терезе менен колдонуучу иштей ала турган инструменттер
c) интерфейс меню сапчасы
d) программисттин иштөө аспабы
9. Файлдык структура кандай болуп бөлүнөт?
a) бир деңгээлдүү, эки деңгээлдүү
b) негизги каталог, типтүү каталог
c) бир деңгээлдүү, көп деңгээлдүү
d) көп деңгээлдүү, иерархиялык
10. Эгерде эки жактуу дисктин ар бир жагы 80 жолчого бөлүнгөн, бир жолчо 20 сектордон болсо, анын көлөмү канча?
a) 3200 Кбайт
b) 1600 Кбайт
c) 3200 Мбайт
d) 1600 Мбайт.
11. Текст 7 толук бетти ээлейт. Ар бир бетте 60 символдон турган 40 сап жайгашкан. Бул текст кандай көлөмдөгү оперативдүү эсти (байт) ээлейт.
a) 280
b) 420
c) 2800
d) 16800
12. Үчтүк эсептөө системасында амалды аткар:
123*3=
a) 369
b) 424
c) 429
d) 324
13. Операциялык система- :
a) WINDOWS операциялык системасы
b) операциялык системанын файлдар менен жүргүзүлүүчү операциялардын аткарылышын камсыз кылуучу операциялык бөлүк
c) оперативдик эсти, процессорду, сырткы түзүлүштөрдү жана файлдарды башкаруучу жана колдонуучу менен диалогду уюштуруучу программалардын тобу
d) компьютердин маалыматтарды сактоочу, иштетүүчү жана колдонуучу менен диалог уюштуруучу прикладдык программа
14. Программалоо системасы - :
a) колдонуучу менен программистин колдоно турган операциялык системасы
b) программисттин иштөө аспабы
c) колдонуучунун иштөө аспабы
d) компьютердин түзүлүшүн башкаруучу аспап.
15. Системалык программалык камсыздоого кайсы программалар кирет?
a) операциялык система
b) утилит программалар
c) операциялык система жана утилит программалар
d) системалык, колдонмо программалар жана программалоо системасы
16. Файл – бул ...
a) сырткы жана ички эсте сакталып иштелүүчү маалыматтар
b) дискте сакталган , аталышка ээ, арналышы боюнча тектеш маалыматтардын жыйындысы
c) операциялык системанын файлдар менен жүргүзүлүүчү операцияларын камсыз кылуучу бөлүк
d) операциялык системада сакталуучу аталышка ээ, бирдей маалыматтардын жыйындысы
17. Маалыматты өлчөө ыкмалары:
a) Маалыматты мазмундук жана символдук ыкма менен өлчөө
b) Маалыматты бит, байт менен өлчөө
c) Маалыматты алфавиттик ыкма жана символдук ыкма менен өлчөө
d) Маалыматты мазмундук жана алфавиттик ыкма менен өлчөө.
18. Компьютерде терилген китеп 130 барактан турат, ар бир бетте 50 сап жана ар бир сапта 60 символ бар. Китептеги маалыматтын көлөмү канча байтка барабар?
a) 390000 байт
b) 360000 байт
c) 300000 байт
d) 380000 байт
19. 360 000 байтта канча Мегабайт бар?
a) 351,5625 Мбайт
b) 0,34332275 Мбайт
c) 0,34232276 Мбайт
d) 343,32275 Мбайт
20. 2 Гбайт канча Мбайтка барабар?
a) 210 Мбайт
b) 220 Мбайт
c) 2024 Мбайт
d) 4024 Мбайт
Жооптору:
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |
| d) | a) | с) | с) | b) | d) | b) | а) | с) | b) | d) | b) | с) | в) | с) | b) | d) | а) | b) | d) |