СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабий кече "эне тил"

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

АДАБИЙ КЕЧЕ 

Просмотр содержимого документа
«Адабий кече "эне тил"»

Программа

  1. Саламдашуу

  2. Тил жѳнүндѳ кѳркѳм окуу

  3. Манастан үзүндү айтуу

  4. Кыргыз бийи

  5. Сценка «Кыргыз тилиндеги жат кѳрүнүштѳр»

  6. Накыл сѳздѳр

  7. Комуз күүсү

  8. Бий

  9. «Эне тилин » кѳркѳм окуу

10.Акыйнек айтуу «Эне тилин жакшы бил»

11.Хор «Кыргыз жери»

































Сабактын планы

Сабактын максаты

а) Эне тилди сактоо, анын кадыр- баркын кѳтѳрүү,эне тилдин ѳнүгүшүнѳ салым кошуу, тилди сүйүү тууралуу кеӊири маалымат алышат.

б)Макал-лакапттарды жаттоо, сѳз берметтерин жыйноо, адептүү сүйлѳй билүүгѳ, сѳзмѳрлүккѳ,чечендикке үйрѳнүшѳт

в) Эне тилин сүйүүгѳ тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: тил жонундо дубал газеталар, ырлар, накыл создор.





































Саламдашуу

Касиет: Салам айтам жалпыга,

Карына да жашына

Салам айтуу салт экен

Ак калпак кыргыз калкымда.

Айдай: Саламым кыргыз элиме

Берилет эне тилимде

Саламдашпай баштап кету

Уят экен элимде.


Касиет: Кымбаттан кыналышып буткон тилим

Кылымдар азиз энем куткон тилим

Торолуп булл дуйного коз ачканда

Жаралып жаным менен буткон тилим

Айдай: Тил менен эмгек эмнелерди гана жаратпайт. Ар бир улут ѳз тили менен кымбат. Тил улуттун үнү. Эне сүтү менен кошо берилген эне тил ар бир адамдын канына, жанына сиңген тил.

Касиет: Ооба, тилтурмуш чындыгын чагылдырып гана койбостон, анны чечемелеп да турат. Залкар ойчул Хайденгер тилди «дүйнѳнүн үйү» деген. Элибизде да «ϴнѳр алды – кызыл тил» деп баардык ѳнѳрдүн ичинен ага тѳр берген. Чындыгында эле адеп башы – тил.


Айдай: ϴз тилиң үчүн, дилиң үчүн, мекениң үчүн күрѳшѳ бил. Канчалык эне тилибиз ѳнүксѳ, мамлекетибиздин кѳз каранды эмес эгемендүү республика экендигин дагы бир жолу ачык айкын далилдейт.


Касиет: «Тил билсең, дил билесиң» дегендей , тил жашоонун эң биринчи байланыш куралы жана байлыгы. Тил ѳнүкпѳсѳ коом да, мамлекет да ѳнүкпѳйт.


Айдай: Акын Υсѳнбек Асаналиев тѳмѳндѳгү ыр саптарын тилге арнаган.


Тил бѳлѳкпү, демек анда дил бѳлѳк,

Билбегендер йырмасын бир кѳрѳт.

Ѳлбѳс үчүн ѳмүр сүрсѳ ээлери

Тили ошондой тиричилик күн кѳрѳт.

Тилиӊ тарых, тилиӊ күзгү дилиӊе,

Кимдигиӊе тилиӊ күбѳ ириде

Ѳз тилиӊдикадыр тутуп, туу тутуп,

Ѳтүүӊѳр парз,бул дүйнѳдѳ тирүүдѳ


Кѳрүнүктүү жазуучубуз Ч.Айтматов айткандай «Тил – бул ар бир элдин канны, жаны тили анын тажрыйбасынан дүйнѳ таануусунун, маданиятынын,тарыхынын ашташуусу акырында тил - улуттуӊ кубанса – кубанычы, кайгырса –кайгысы жана акыл эси»


Кезектетил жѳнүндѳ кѳркѳм окуу.


Оозанткан улуу сѳз менен

Эзелки умай энебиз.

«Эне тил»атап андыктан

Каректей сактап келебиз – деп айткым келет ар убак.


Бар бол, түбѳлүк, касиеттүү эне тилим.

«Эне тилин унуткандар»

Медина 6г

Кыргызмын дейсиӊ мага,

Кыйшактап бийлеп туруп

Кыргызмын дейсиӊ мага

Тамекиӊдин түтүнүн үйлѳп туруп,

Кыргызмын дейсиӊ мага

Кыргызча араӊ сүйлѳп туруп,


Акылай 6г


Кыргыз эмес кызгызды жыдыткандар,

Кылым кезеген тарыхын унунткандар.

Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,

Каада- салтын калкынын куруткандар!


Акылай 6а


Бѳрк ал десе башынан канн алышкан

Бѳдѳнѳдой бѳжѳӊдѳп жан бгышкан

Эне тилин унутуп, мансап үчүн

Эх, канчалар маӊкуртука айланышка.



Алтынай 6б


Жыргагандын бары эле турмуш эмес,

«Жылт» эткендин баары эле жылдыз эмес.

Билеби деп тѳштѳрүн каккан менен,

Билбеген дер ѳз тилин кыргыз эмес!

Калдайгандын баары эле канат эмес,

Кабыландын бары эле Манас эмес.

Калкын чанган, калкынын тилин чанган,

Хан болсо да кыргыздын баласы эмес!


Зайна


Тил жоголбойт,

Жоголсо да жоголот дил,

Тукумуӊ да, тууруӊ да жоголот бил!

Тил жоголбойт, жоголсо айланасы.

Колу бутусуз мунжуга тоголок бил.

Манастан үзүндү айтуу

Кыргыз бийи

Саамайлары сеӊселген.

Кѳрк кошулган кѳркүнѳ

Суналышкан кыздардан

Бий сунабыз сиздерге

Сценка кыргыз тилиндеги жат кѳрүнүштѳр


Мен дагы бир уулу элдин тилимин

Мен болбосом кайдан окуу билмиӊ,

Кѳп учурда кѳӊүлгѳ албай жерийсиӊ

Мен болбосом кайдан сенин гимниӊ


Улуу Манас кыргыз тилде жаралган

Дүйнѳ элине кыргыз тилде жаралган,

А мен болсо кайырчыдай бул күндѳ

Мына минтип сыздап турат кабыргам,


Оо жараткан минтип турсам болбостур.

Ким эле деп эч ким бѳлбѳстүр

А кѳрѳкчѳ министрге барайын

Мен байкушту ушу менен койбостур

Кѳрдүӊѳргѳ мында жолум болбоду

Кыргызчага бир түшүнүп койбоду.

Ахыбалга жардам берип калатыр

Депутатга мен барбасам болбостур.


Кыргызчаны ѳздѳрү жакшы билбесе

Орусчалап бүт баарысы сүйлѳшсѳ

Кыргыз тилге кантип кѳӊүл бѳлүшсүн,

Укканда эле кѳӊүлдѳрү кирдесе.


Накыл сѳздѳр


«Ѳнѳр алды – кызыл тил»

«Тил билсеӊ, дил билесиӊ»

«Тилиӊ менен улуксуӊ,

Тилиӊ барда улутсуӊ»

«Эне тилсиз эл болбойт»

«Дил бермете- тил»

«Жети элдин тилин бил,

Жети түрдүү билим бил»

«Акылдын кѳркү- тил,

Тилдин кѳркү- сѳз»

«Эне тил – элдин сыймыгы»

«Тил кылычтан ѳткүр»

«Бутунан жылгылган турат,

Тилинен жыгылган турбайт»

«Эне тил – элдик булак»

«Баш кесмек бар, тил кесмек жок»

«Эне тилибиз- эӊ башкы байлыгыбыз»

«Тил – мамлекет жүзү»

«Эне тилим- эне сүтүм»

«Тилди кордосоӊ – сѳзгѳ зыян

Чѳптү кордосоӊ сѳзгѳ зыян»

«Сѳзгѳ жараша сѳз айтпаса,

Сѳздүн атасы ѳлѳт»

«Адептүүлүктүн башаты - тил»


Комуз күүсү «»


Үч буроо жалгыз тек.

Үч кыл комуз,

Чертилбейт, күүгѳ келбейт

чебер колсуз

Опоӊой, кѳргѳн кѳзгѳ жѳпжѳнѳкѳй

Бирок да ѳнѳрү бар айтып болгус






Кѳркѳм окуу «Кыргыз тили»

Даткайым

Кылычты кыя чапкан тил ,

Кыргызым барктап баккан тил,

Кырааты менен сүйлѳсѳӊ,

Кытайга дагы жакан тил.

Кылымдар бою уланып,

Кырк миӊ сап Манас баткан тил.


Бегимай


Эӊ бийик ашуу ашкан тил

Эки жүз кылым баскан тил,

Элдигин элим жоготпой,

Элибиз барктап бакан тил.

«Эр Тѳштүк», «Жаӊыл», «Курманбек»

Эпостун бары баткан тил

Уу чалканды мойнума артам дагы,

Улутумдун азабын тартам дагы.

Унутум деп тилимди кантип айтап,

Урпактарга уялбай аркамдагы.



Чекит эмес, чекчейген үтүрдѳймүн,

Чагылгандай ырларды бүтүрбѳймүн.

Кайдан чыккан акын деп турасыӊбы

Кыргызмын мен кыргызча күпүлдѳймүн

























Акыйнек айтуу

«Эне тилин жакшы бил»


Тоо инженер, Молдобек,

Дайым сүйлѳйт орусча

«Привет» - деп кол берет,

Тааныштары жолукса.


Агроном Дүйшѳн да,

Же орусча так бибейт.

Кыштакта туулуп ѳсѳ да,

Кыргызчалап аз сүйлѳйт.


Бассаӊ, турсаӊ эрте кеч.

Байка алардын балдары,

Аталары келгенде,

«Папалашат» ар дайым.


Орус тили жылдызда

Биздин улуу заманда,

Бирок кызгыз кыргызча,

Сүйлѳбѳсѳ жаман да.


Эне тилин билбеген,

Эси жогун аныктайт,

Эне тилин сүйбѳгѳн,

Элин сүйүп жарытпайт.



Хор «Кыргыз жери»


Сүрѳтү,сүрѳтү, сүрѳтү

Жергемдин кубат берет,

Алыста жүргѳндѳ

Туулган жер баркын сезет,

Эрчитип бийикке ар убак сүрѳп келет,

Сезимдин кѳктѳмү сыӊары элестетет


Тоолордун мекени,

Мейман дос элдери,

Суулары шаркырап,

Таштан ташка,

Ѳзүӊ сулуу,

Кыргыз жерим,

Ѳзүӊ сулуу.


Сулуусуӊ,сулуусуӊ, сулуусуӊ- кыргыз жерим,

Айкѳлүм Манасты жараткан улуу элим,

Санжыраӊ, санатыӊ, жомогуӊ уккум келет,

Арчалуу Ала-Тоо абасын жуткум келет.