СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабий окуу сабагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адабий окуу сабагы»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

М.Сарыбаев атындагы № 27 жалпы орто билим берүүчү мектеби











Тема: Асмандан алыска кат







МУГАЛИМ: АКМАТОВА ЭЛИЗА СУБАНАЛЫЕВНА




КЛАСС: 4-класс









Классы: 4-класс

Мөөнөтү: Сааты: 1 саат

Өтүлүүчү тема: Асмандан алыска кат



САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ:



КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ:

а) Когнитивдик: Асмандан алыска кат аңгемеси менен таанышасыңар.Чыгарманын негизги окуясын билип өздөштүрөсүңөр.

Кусеин Эсенкожоевдин кыскача өмүр баянын билесиңер.

  • Аңгеме боюнча берилген суроолорго жооп бере алышса;

  • Чыгарманын негизги окуясын өздөштүрсө;

  • Кусеин Эсенкожоев тууралуу маалымат алышса;

б)ишмердүүлүк: Кабыл алууңар,ой жүгүртүүңөр,элестетүүңөр калыптанат.

  • Темага карата өз алдынча окуянын картасын түзө алышса;

  • Жекече,жуптарда,чакан топтордо иштешсе;

в) баалуулук:

Ынтымактуу болууга,бири-бирине жардам берүүгө тарбияланат.

Сабакта ынтымактуу болуп,бири-бирине жардам берүүгө тарбияланышса;

Сабактын тиби: жаӊы билим берүү сабагы


Колдонулуучу усулдар: Уландысын таап окуу,элестетип угуу,окуянын картасы,сюжеттик сызык

Сабактын формасы: Жекече,жупта,топтордо иштөө


Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, слайд, окуу китеби,баалоочу буюмдар, проектор, ноутбук,


Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, адеп,көркөм өнөр


























Саб-н этап-ы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

НК

ПК

Мотивдештирүү

Сабагыма даярмын.

А силерчи балдарым,

Ачык менин маанайым Саламатсыңарбы балдарым?

Саламдашам. Окуучулардын көӊүлүн сабакка тартуу максатында «Эки бака» чыгармасын (1-тиркеме) айтып берип, анын жыйынтыгында өз максаттарын айттырам..


  • Оңой нерсеге умтула бербей ,дайыма бир ишти кылаардан мурун ойлонуп анан чечим чыгарышыбыз керек.


  • Анда биз бүгүнкү сабагыбыздын максаттарын билип, өзүбүзгө ишеним топтосок (окуучулар менен сабакка максаттарды коём).


Саламдашышат.







Чыгарма боюнча өздөрүнө тыянак чыгарышат.

Топторго бөлүнүшөт.


1-топ: «Биз - аракетчилбиз!»

2-топ: «Биз окуганыбызды түшүнөбүз!»

3-топ: «Биз окуганыбыздан жыйынтык чыгара алабыз!»


НК2

ПК3

Билимдерин актуалдаштыруу


Рандомайзер аркылуу суроо-жооп менен өтүлгөн теманы бышыктап алам.

Жер шарын курчап турган абадан да жеңил нерсе эмне экен?

Ал жалпы аба эсебинен канча эсе жеңил экен?

Ал бала биринчи асманга эмнени учурду?

Экинчи шарына кошуп эмнени учурду?

Бала шарды өзү жасап,өзү учту деп ойлойсуңбу?







Окуучулар суроолорго жекече жооп беришет.

Фантастика сөзүнүн мааниси француз тилинен алынып ,акылга сыйбагандык дегенди түшүндүрөт.Ой кыялдан чыгарылган,турмушта болууга мүмкүн эмес нерселерди чагылдыруунун тиби.Эң таң каларлык фантазия да турмуш чындыгынын кээ бир өзүнчө жактарын таптакыр башка жакка бурулуп кете албайт.Фантастикада да турмуштун бир үзүмү бар.

НК2

ПК3

Жаңы материалды өздөштүрүү

Тема: Асмандан алыска кат

(2-тиркеме)

Бул этапта сөздүк иши менен иштешет.Аңгемеден тааныш эмес сөздөрдү белгилешет.

Санаа-ой

Сыяктанды-сезилди

Фантастика-француз тилинен алынып ,акылга сыйбагандык дегенди түшүндүрөт.



Окуучулар элестетүү аркылуу аңгемени угуп,түшүнүшөт.

(Окуганын түшүнүүсү комментарийлер аркылуу текшерилип турат.)

Окуучулар сөздүктөрдү дептерлерине жазып алышат.

Кол жазмасына көңүл бурулат.

Сулуу жазган окуучуларга упайлар берилет.




Окуучулар аңгемени өз алдынча уландысын таап оку усулу аркылуу окушат.

Дене көнүгүүсүн жасашат.


Нейрогимнастика жасашат.


НК2

НК3

ПК5

Өтүлгөн материалды бышыктоо

1-топ.Окуянын картасын түзүшөт.

2-топ Сюжеттик сызык

3-топ Синквейн

Бул тапшырманы аткаруу менен жаӊы материалды өздөштүрүүнү бышыктоого шарт түзөм.

Ар бир топтон окуучулар чыгып түшүнүк деңгээлин айтып беришет.


НК2

ПК4

Сабакты жыйын-тоотыктоо

  • Окуучуларга тема боюнча баракчалар таратылат.Окуучулар жуптарда «Ооба же жок» деген жоопторду белгилешет.(3-тиркеме)

Окуучулар тема боюнча биргеликте талкуулап жыйынтык чыгарышат.

НК2.

ПК3

Үй тапшырмасы

Үй тапшырмасы

Окуяны мындан ары кандай болуп бүтүшүн каалайсыңар?

Аңгеме жазып,сүрөт тартып келүү.

Үй тапшырмасын өздөрүнүн дептерлерине белгилешет.

Аткаруунун шарттарын түшүнүшөт.

НК1

ПК5

Баалоо

Критерийлер аркылуу баалайм .

6-7 упай-5

5-4 упай-4

3-2 упай-3


Окуучулар чогулткан упайларды бел-гилешет. Упайлардын жыйын-тыгы менен бири-бирине баа коюшат.

Өз иш-ара-кеттерин туура баалоого машыгышат.



















1 – тиркеме


Эки бака

  • Көлмөдө эки бака  жашачу. Жайдын чилдесинде ачуу тийген күндүн астында көлмө соолуп калды. Бакалар башка үй издеп жөнөштү. Жолдо кетип бара жатышып суусу бар терең кудукка туш болушат.

  • Биринчи бака ойлонбой туруп мындай дейт:
    -«Кел, ушул жерде жашайлы. Үстүбүздө чатырыбыз да болот, суубуз да болот.

  • Экинчи бака, кудуктун ичин карап, шашпай ойлонуп туруп анан мындай деп жооп берди:
    — «Бул жер болбойт, кудуктагы суу кургап кетсе, биз кантип ушунча терең кудуктан чыгабыз?»

  • Ошондуктан бир нерсе кылаардан мурун, анын кесепеттери кандай болот ойлонушубуз керек.






























2-тиркеме

Асмандан алыска кат.

“Мен бир шар жасап,ал аркылуу көтөрүлүп,жогорулап учтум эле.Бирок менин шарымда кемчилдиктер болгондуктан,өзүмдүн болжогон жериме бара албай,белгисиз жолго түшүп,суюк абанын арасында гана жогорулап бара жатам.Жарык шооласы да жок.Караңгылык.Менден башка эч ким сезилбейт.

Мен 25-майда асманга учтум эле.Ошондон бери бир нече сутка болгондугун да билбейм.Себеби,мага күндүн чыкканы жана батканы билинбейт”,-деп жазып,кол койдум.

Аңгыча калың караңгылыктын арасынан кулагыма бир дабыш угулду.Бул дабыш санааны эчен түргө бөлдү.


Калың караңгылыкты жаңырткан үн жакындай берди.Бул эмненин үнү экен дегенсип,ага мен кулагымды тосуп тыңшадым.Ал үн кез-кезде арсылдап үргөнсүп кетет.

...”Менин итим го”деген үмүт менен анын атынан чакыра баштадым.Ит ого бетер дабышын күчөттү.

Аңгыча жогорулап бараткан шарым бир буюмга урунган сыяктанды.Итимдин дабышы жогору жактан чыккандыгы ачык айкындалды.Иттин шары үйүмдөн чыккан чырактын жарыгы менен көрүнө түшүп,ылдыйлап бара жаткан сыяктанып,шардын газы азайып,куушурулуп бара жатат

Терезеден колумду чыгарып,ылдыйлап кетип бара жаткан шарды кармай калдым.Кармаган шарымды өөдө тарттым да,андагы иттиөз үйүмө чакырып алып,шарды коё бердим.Ал жарылып калган экен.Шуулдаган бойдон жерди көздөй түшүп кетти.Итим мага эркелеп,кыңшылап жанды койбойт.Итке тамак бердим.

Шар кылкылдап,жогорулаганы токтолгон сыяктуу болуп сезилди.Анын ылдыйлашы мени дагы кубандырды.Бирок бул шардын жарылгандыгынанбы же ит экөөбүздүн салмактуулугубузданбы?Көрсө,салмактын басышынан болуп чыкты.Жаш жүрөк кабына батпай алып учкандай болду.Итти ким билет.Ал айбан го,билеби,билбейби?Бирок ал дагы кубанычта экени сезилет.

Бир маалда калың караңгылык суюлгансып,ылдыйлаган сайын жарыктын шооласы көзгө көрүнө баштады.Анан күндүн көзүн көрдүк.Биз менен амандашкансып,жарык нурун бизге чачырата тийгендей болду.

Бир кезде мунарланып тоо чокулары көрүнүп,мурда көрбөгөн,чокусун ак кар каптаган бийик тоого жакындап кирип келе жатабыз.Бир аздан кийин шар эки жагы жалама кызыл чополуу жардын бооруна жакындай баштады.Анан көк чөптүү тектирчеге барып конуп калды.

Алды зоо,үстү аска,жолсуз туюк капрчыгайдын арасында бир кичине тектирчеде корккон коён өңдөнүп,итим экөөбүз алдыбыздагы ташка урунуп,көбүрүп агып жаткан сууну карай коёбуз да,үнсүз отурабыз.

Жан сактап,жашай турган жер боорундагы тектирчебиздин чоңдугу чейрек гектардай гана жер.Биз турган белгисиз жер жана агып жаткан суу карта боюнча кайсы жерде экендигида белгисиз.Туура жагыбызболсо-бодурлуу аска таштар,үңүрөйгөн үңкүрлөр.

Мына,асман тиреген бийик зоодон жана алды жакта көбүрүп агып жаткан чоң суудан,көзгө чоочун жерден кантип жол тапмак элем.Жол жасап ылдый түшүүгө же жогору чыгууга колдончудай курал жок...

















3 – тиркеме


Сүйлөмдөр

ооба

жок

1

Сен чын эле шар аркылуу асманга учканга болот деп ойлойсуңбу?



2

Ал бала асмандан өзүнүн итин таап алдыбы?



3

Бала итин өзунө алгандан кийин шар ылдыйладыбы?



4

Аңгеменин аягында ал бала асманда учкан бойдон кала бердиби?












































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!