Адабий окуу сабагынан тест туура жоопторду белгилегиле.
Телибайды атасы окутуп тарбиялуу кылуу үчүн кимдин колуна берди?
А) мугалимге б) айылдын аксакалына
в) молдого г) өзү эле окутуп, тарбиялады
2. Эжеси берген койду Телибай кайсы жаныбар менен жарыштыруу үчүн бошотуп жиберди?
А) ит менен б) карышкыр менен в) элик менен г) түлкү менен
3. Телибайдын акылсыздыгынын азабын кимдер тартышты?
А) айылдаштары б) молдо
в) карышкыр менен камыштар г) ата – энеси жана бир туугандары
4. Кичинекей Гапар эмнеге шыктуу болгон экен ?
А) комузда күү черткенге б) ыр ырдаганга
В) сүрөт тартканга г) устачылыкка
5. Макалдын уландысы кайсы вариантта туура берилген:“Талант – наристе баладай , .......”
А) аны өз балаңдай сүй б) ага аяр мамиле кыл
В) өнөрүн болсо өргө чап г) эмгек - анын атасы
6. Байдын колунда малай жүрүп, оор тагдырга туш болгон баланын ысымы?
А) Марат б) Мурат в) Белек г) Болот
7. Мурат кимдин колунда жалданып иштеп күн көрчү?
А) Кожокулдун б) Курмандын в) Күмүштүн г) аты белгисиз байдын
8. Карыя кайсы аялдын баласын гана “көрдүм” деп койду?
А) “балам шамдагай жана күчтүү” деген аялдын
Б) “баламмукмуш ырдайт” деген аялдын
В) “эч кайсы баланы көргөн жокмун” дейт
Г) энесинин колунан чакасын алып жөнөгөн баланы
9. Эмне үчүн жылан булбулдун мукам үнүн уккусу келген жок?
А) анын таш боордугу жеңип кетти Б) анын убактысы жок болчу
В) ага булбулдун үнү жаккан жок г) жыландын өзүндө мукам үнү бар болгон үчүн
10. Умай эне тарбиялаган уулу Кыргыз кандай адам болуп чоңоёт?
А) таланттуу адам болот б) эр жүрөк,баатыр болот
В) өзүмчүл болуп калат г) каардуу хан болот
11. Умай Эне азыркыга чейин укум – тукумун эмнелерден сактайт деген ишеним бар?
А) оору- сыркоолордон,жаман нерселерден б) ач көз болуп калуудан
В) таш боор болуп калуудан г) өзүмчүл , кекчил болуп калуудан
12. Бакыт издеген баланын атын ата – энеси ким деп коюшат экен?
А) Бакыт б) Бактыбек в) Бактыгул г) Бакыткелди
13. Хан эмне үчүн Бакыткелдини өмүр бою кызматын кылууга буйрук берет?
А) хандын кызын сүйүп калгандыгы үчүн
Б) бир алманы эч кимден уруксатсыз жегени үчүн
В) ханга каяша сүйлөп койгондугу үчүн
Г) хандын шаарына уруксатсыз кирип барганы үчүн
14. Бакыткелдиге бакыт эмне себептен өзү келип калды?
А) ал адал эмгек кылып, адилеттүү болуп ,бей – бечарага жардамын аябагандыгы үчүн
Б) ханга күйөө бала болуп калгандыгы үчүн
В) ата – энеси бай болгондуктан баарын сатып алып беришет
Г) ал өзү алтын казына таап алгандыгы үчүн
15. Дайыр Асанов кайсы учурда эрдик көрсөтүптүр ?
А) Баткен коогалаңында
Б) Улуу Ата Мекендик согуш учурунда
В) ушул биз жашап жаткан учурда эле
Г) качан экени белгисиз