СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тест адабий окуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Башталгыч класс мугалимдери үчүн усулдук колдонмо. 4-класстардын адабий окуу сабагынан бөлум боюнча балдардын билимдерин текшерүу

Просмотр содержимого документа
«Тест адабий окуу»

Тест №1

“Даңктана бер,эгемендүү,өнөргө бай Ата мекеним!”

1.Бул саптарда кайсы тоо тууралуу айтылат?

Жайы-кышы кетпеген,

Мөңгүсү бар .....

Асман менен тирешкен,

Белгиси бар...........

а) Тянь-Шань. б)Ала-Тоо. в)Алай г) Нарын

2.Кыргызстандын борбор шаары Бишкек тууралуу жазылган ыр кайсы акынга таандык?

а) А.Токомбаев. б) Т.Үмөталиев. в) Э.Ибраев г) М.Жангазиев

3.”Кыргыздын Ала-тоосу” деген чыгарманын автору ким?

а) Т.Үмөталиев б) Ж. Бөкөнбаев в) М.Абылкасымова г) А.Токомбаев

4. Мамлекеттик Гимнибиздин сөзүн кимдер жазган?

а) Б.Чотуров,С.Эралиев б) Ж.Сыдыков,Ш.Кулуев в) Б.Сарногоев,А.Жакшылыков

г)Б.Асаналиев,Т.Байзаков.

5.Кыргыз элинин бала төрөлгөндө жасалуучу салты кайсы?

а) мал союу б) азан чакырып ат коюу в) конокторду чакыруу г) бешикке салуу

6. Макал –ылакаптардын адамга кандай пайдасы бар?

а) турмушка үйрөтөт б) пайдасы жок в) сөз байлыгын өстүрөт г)тарбиялайт

7.Элибиздин салттуу оюну кайсы ?

а) хоккей б) ордо в) футбол г)шахмат

8.Элибиздин эң ыйык музыкалык аспабы?

а) сурнай б) балалайка в) комуз г) кыл кыяк

9.Күүнүн башы ...?

а) Кара өзгөй б) Камбаркан в) Маш ботой г) Кыз кербез

10.”Жүнү бышык жибектен, эти таттуу өрүктөн”.Бул кайсы жандык?

а) уй б) топоз в) кой г)эчки

11.Жоого минилүүчү эң мыкты жылкынын аталышы?

а)жорго б) тулпар в) күлүк г) аргымак









Тест 2

“ Ата –Журтубуз,тилибиз менен дилибиздин байлыгын коргойлу” бөлүмү боюнча.

1.Баткен жергесинде эрте гүлдөөчу гүл эмне деп аталат?

а) байчечекей б) кызгалдак в) айгүл гүлү г) жоогазын

2.Барсбек каган тарыхый маалыматтарга караганда канчанчы жылы дүйнөгө келген?

а) 780-жылы б) 640- жылы в) 680-жылы г) 675-жылы

3.Эр Табылды өз кошууну менен калмактарды капчыгайдан талкалаган жери кайсы?

а) Тамга б) Кара- Каман в) Тоң г) Тосор

4.”Ата-Журтка айтаарым” деген чыгарманын автору ким?

а) С.Эралиев б) М.Алыбаев в) Н.Алымбеков г) А.Осмонов

5.Чытырман токойдун ортосундагы күзгүдөй тунук көл кайсы?

а) Соң-Көл б) Сары-Челек в) Ысык-Көл г) Чатыр-көл

6.”Орундуу сөз акыл-эстен аталат,орунсуз сөз ийиниңерден баш алат” деген насаат сөз кимге таандык

а) элдик б) Калыгул Бай уулу в) Жусуп Баласагын г) Махмуд Кашкары

7.Кумурскалардагы сапаттар кайсылар?

а) адилетсиз б) эмгекчил в) тартиптүү г)жалкоо













Тест .№3

“ Күлкү бар жерде өмүр бар.”

1.Адамды сый-урматка бөлөгөн эмне?

а) кийим

б) акча

в) байлык

г) акыл

2.Калпты чындай айтууга оюңар кандай?

а) жалган

б) туура эмес

в) бул-талант

г) калп айтуу уят

3.”Сот болгон коён”деген чыгарманын автору ким?

а) А.Кадыров

б) Т.Нурматов

в) М.Алыбаев

г)А.Жакшылыков































Тест №4

“ Менин дүйнөм”.

1.Өзү уя салбай бирөөнүн уясына жумурткасын кошуп кеткен кайсы канаттуу?

а) сагызган

б) күкүк

в) көгүчкөн

г) карга

2. “Эне тилин билбеген-

Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн

Элин сүйүп жарытпайт” деген ыр саптары кимдин чыгармасына таандык?

а) Э.Ибраев

б) А.Өмүрканов

в) Т.Самидинов

г) Б.Сарногоев

3.”Тыт”деген чыгарманын автору ким ?

а) Д.Сулайманов

б) Б.Абдухамидова

в) Н.Байтемиров

д) С.Рысбаев

4.Адам жакшы,бактылуу жашаш үчүн кандай сапаттар керек?

а) тазалык

б) эмгексиздик

в) тартипсиздик

г) эмгекчилдик

д) тартиптүүлүк

е) ыпластык

5.Бакытка жетиш үчүн кандай сапаттар керек?

а) кара ниеттик б) ак эмгек,адал мээнет в) адилеттүүлүк г) ач көздүк

6.”Ашар” деген сөздүн мааниси кандай?

а) жардамдашуу в)биргелешип иштөө

б) жалгыз өзү иштөө г) улуу-кичүүнү бириктирип,эмгекке үйрөтүү

Тест №5

“Ойлонолу,изденели,билип алалы!”

1.Кайсы канаттуунун сүтү болот?

а) күкүк

б) сагызган

в) көгүчкөн

г) торгой

2.Китеп басуу кайсы мамлекетте ойлоп чыгарылган?

а) Америкада

б) Японияда

в) Германияда

г) Египетте

3.Азыркы биз пайдаланып жаткан карандашты кайсы кылымда ойлонуп табылган?

а) XXI кылымда

б) XVII кылымда

в) XVI кылымда

г) XV кылымда

4.Киттин баласы тоюш үчүн бир эмгенде канча литр сүт эмет?

а) 800 литр

б) 900 литр

в) 600 литр

г) 700 литр

5.Куурчактарга робот деген ат ким тарабынан коюлган?

а) Викансон

б) Жак Дро

в) Карел Чапек

г) Н.Канто











Тест № 6

“Элибиздин улуу инсандары “.

1.Жарым миллион сап “Манас” эпосун жатка билген манасчы ким?

а) У.Мамбеталиев

б) С.Каралаев

в) Найманбай

г) С.Орозбаков

2.Кыргыз аялдарынын ичинен чыккан “Датка” ким?

а) Сайкал

б)Жаркынайым

в) Курманжан

г) Апар

3. Кожомкул балбан кайсы жерде туулган?

а) Тогуз-Тородо

б) Токтогулда

в) Нарында

г) Суусамырда

4. Кыргыз врачтарынын ичинен биринчи болуп жүрөккө операция жасаган адам ким?

а) Э.Акрамов

б) И.Ахунбаев

в) М.Миррахимов

г) М.Мамакеев











Тест №7

“Бабалардан калган сөз”.

1.Манастын акылчысы ким болгон?

а) Алмамбет

б) Чубак

в) Сыргак

г) Бакай

2. Семетей атасынын ким экенин канча жашында билет?

а) 9 жашында

б) 12 жашында

в) 11 жашында

г) 10 жашында

3. Кожожаштын аялынын аты ким ?

а) Айке

б) Жамал

в) Зулайка

г) Сайкал

4. Ак жолборс менен кайсы баатыр достошкон?

а) Алпамыш

б) Элеман

в) Эр Төштүк

г) Карадөө

5. Жан-жаныбарлардын турмушуна кайгырган боорукер адам ким?

а) Жакып

б) Султан

в) Асан кайгы

г) Жаныбек

6. Төмөнкү сөздөр кыргыздын чечендик сөздөрүнүн кайсы түрүнө кирет?

Кирпиги жалын,көзү чок,

Кишиде мындан борум жок”

а) Чечендик сын б) Чечендик баа в) Чечендик накыл кептер

Тест №8

1.Тоголок Молдонун силер үчүн жазган чыгармалары кайсылар?

а) “Кумурскалар коому”

б) “Каркыра менен түлкү”

в) “Телибай тентек”

г)”Кыргыздын Ала-Тоосу”

2. “Алгачкы кадам” Аалы Токомбаевдин кайсы чыгармасынан кыскартылган?

а) “Даат”

б)”Акылмандын жообу”

в) “Мезгил учат”

г) “Күүнүн сыры”

3. “Мурат” деген чыгарма кимдин калемине таандык?

а) К.Жантөшев

б) К.Баялинов

в) С.Рысбаев

г) Ч.Айтматов

















Тест №9



“Дүйнө элдеринин балдар үчүн жазган чыгармаларынан”

  1. Цзи Чан кантип жаа атканды үйрөндү?”деген чыгарма кайсы элдин жомогу?

а) Эстон

б) Япон

в) Кытай

г) Корей

2.”Кар дөбөчөсүндө” деген чыгарманын автору ким?

а) А.Ахмедов

б) Н.Носов

в) С.Олейник

г) Р.Акдемир

3. Жамандык эмнеден келип чыгат?

а) ачка болгондон

б) сыйлабастыктан

в) ыза көрүүдөн

г) пейилдин бузулушунан