СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

АДАМ бол, балам!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаман-жакшы сапаттарды талкуулоо менен АДАМ деген улуу сөзгө татыктуу болуп калыптануу жөнүндө.

Просмотр содержимого документа
«АДАМ бол, балам!»

Өскөналиев Нарынбек Абылович

АДАМ бол, балам!

- АДАМ деген сөздү кандай түшүнөбүз? Адам деген ким өзү?

- АДАМ - ОЙЛОО ЖАНА СҮЙЛӨӨ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮНӨ ЭЭ БОЛГОН ТИРҮҮ ЖАН.

Адам – жакшы сапаттардын ээси.

- Адамдын айбандан артыкчылыгын эмнесинен билебиз? Адам дүйнөгө эмнеге жаралат?

- Эгер биз жакшы адамга жолугуп, анын бизге эмнеге жагып калганын билгибиз келсе, ал адамдын кулк мүнөзү саат сайын өзгөрүп турбаган, бир калыпта экендигин байкайбыз. Ал ушул мүнөзү менен кыялы тез өзгөрүп турган башка адамдардан айырмаланып турат. Ошондуктан: «Бул адам мага жагат, кулк-мүнөзү бир калыптуу экен»,- деп айтабыз. Жакшы адамдын ушул өңдүү кулк-мүнөзү анын бийик адеп-ыйманынан, эч кимге окшобогон өзүнчөлүгүнөн билинет.

Сенин өзгөчөлүгүң сенин эч кимге окшобогон кайталангыстыгыңда. Эки окшош таш болбогондой эле адамдар да бири-бирине таптакыр окшош эмес. Өзүңдүн эч кимге окшобогон жактарыңды жана жөндөмдөрүңдү өнүктүрүп, өөрчүт. Ошол жактарыңды башка адамдар байкап, баалай баштайт. Ушундай болсоң, бардыгы жайында болот.

Жакшы адам болууну бардыгыбыз эле кааласак керек. Турмушта туура жолду тандап алуу үчүн жана жашообуз жагымдуу болуш үчүн биз асыл касиеттерди тутунушубуз керек. Бирөө биздин кемчилигибизди чукуп айтып турганын жакшы көрөбүзбү? Ачыгын айтканда, жаман көрөбүз, а бирок биздин жакшы жактарыбызды айтса, аны угуу жагымдуу. Эмне себептен биздики дайыма туура болуусун каалайбыз. Ошонун баары жүрөгүбүздүн тээ түпкүрүндөгү өзүбүздүн жакшы инсан болууну көздөгөн каалообуз болуп жүрбөсүн?

Баарыбыз эле бизди бирөөлөр жаман көрбөсүн, жаңылыштык кетирбейли дейбиз, себеби бардык адамдар жасаган иш аракеттеринин, көз караштарынын туура болушуна умтулушат.

Ыймандуулук жана жүрүм-турум адеби өзүнө бардык бийик түшүнүктөрдү, асыл сапаттарды бириктирип, бизди инсан катары калыптандырып, кандай сапаттагы адам болорубузду аныктайт.

АДЕП - ТАРТИП, ЫЗАТ, СЫЛЫКТЫК, СЫПАЙЫЛЫК, УЯТ.

«АДАМДЫН ТӨРТ ТАРАБЫ ТӨП КЕЛИШКЕН СУЛУУ БОЛУУ КЕРЕК: ӨҢҮ-ТҮСҮ ДА, КИЙИМ-КЕЧЕСИ ДА, ОЙ-СЕЗИМИ ДА, ЖАН-ДҮЙНӨСҮ ДА.» (А.П.ЧЕХОВ)

«АДАМ! ЭМНЕ ДЕГЕН УКМУШ ЖАРАЛГАН ЖАН, АКЫЛЫН КАРАЧЫ, МҮМКҮНЧҮЛҮГҮНҮН ЧЕКСИЗДИГИН, ӨҢ-ТҮСҮНҮН, КЫЙМЫЛЫНЫН КООЗДУГУН КӨР! ӨЗҮНЧӨ ЭЛЕ БИР КУДАЙГА ОКШОП ТУРАТ ГО, ЧИРКИН! ААЛАМДЫН СУЛУУСУ! ЖЕР БЕТИНДЕГИ ЖАНДУУ ДҮЙНӨНҮН ГҮЛ ТААЖЫСЫ!» ( В.ШЕКСПИР)

АР БИР АДАМ ЧЫНЫНДА ЭЛЕ КАЙТАЛАНГЫС ЖАНА УНИКАЛДУУ. БИРИ-БИРИНЕ КОЁНДОЙ ОКШОШ ЭКИ ЭГИЗ ДА ЖАКШЫЛАП ҮҢҮЛСӨ, КЕБЕТЕЛЕРИ ЖАНА ЖАН ДҮЙНӨЛӨРҮ ЖАГЫНАН АЙЫРМАЛАНЫШАТ.

ТУРМУШТА ДЕНЕ-БОЮ, РУХУ, ТАЛАНТЫ ЖАГЫНАН ТАМЧЫДАЙ ОКШОШ БИРДЕЙ КИШИЛЕРДИ ТАБЫШ КЫЙЫН.

АДАМГЕРЧИЛИК - ГУМАНДУУЛУК, АДАМДЫ ЖАКШЫ КӨРҮҮЧҮЛҮК, АДАМГА ТИЕШЕЛҮҮ ЖАКШЫ МАМИЛЕЛЕР, САПАТТАР.

АДАМГЕРЧИЛИКСИЗ - КИШИЧИЛИГИ ЖОК, АДАМГЕРЧИЛИКТҮҮ САПАТЫ ЖОК.

МОЙНУҢА КЫЛЫЧ ТАКАП, БАШЫҢА ӨЛҮМ КЕЛСЕ ДА, АДАМГЕРЧИЛИГИҢДЕН АЖЫРАБА.

АДАМ БОЛГУҢ КЕЛСЕ, ДААНЫШМАНДЫН НАСААТЫН УК:

1. КАЛЫС СҮЙЛӨП, ТУУРА ОЙЛОНГУН;

2. АР ДАЙЫМ ӨЗ ИШИҢДИН ОЛУТТУУЛУГУНА ЖАНА МАЙДА ЖЕРЛЕРИНЕ КӨҢҮЛ БУРГУН;

3. ӨЗ УЧУРУНДА ИШТӨӨГӨ МҮМКҮН БОЛГОН ИШИҢДИ ТЕЗИНЕН БҮТҮРГҮН, КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРБАГЫН;

4. ӨЗ ИШИҢЕ ЧЫН ДИЛИҢДЕН БЕРИЛИП, ЗОР ЫНТАА МЕНЕН ИШТЕ. ЭГЕРДЕ ӨЗҮҢДҮН ЖАҢЫЛЫШТЫГЫҢДЫ ӨЗ УЧУРУНДА ТУЯ БИЛСЕҢ, АНЫ КӨП КЕЧИКТИРБЕЙ ТҮЗӨТҮҮГӨ ТЫРЫШКЫН;

5. МИЛДЕТИҢДИ УБАДА КЫЛГАН УБАКТА БҮТҮРГҮН;

6. ПАЙДАСЫЗ БИРӨӨЛӨРГӨ БАЙЛАНЫП ЖҮРБӨГҮН;

7. ИЧКИЛИКТЕН ООЛАК БОЛГУН, БУЛ УУДАН ӨЗҮҢДҮ САКТАЙ БИЛГИН;

8. ЭМНЕ БОЛСО ЭЛЕ БЕШЕНЕМЕ ЖАЗЫЛГАНЫ БОЛОТ ДА ДЕП, БЕШЕНЕҢЕ ИШЕНИП ЖҮРӨ БЕРБЕГИН;

9. ОРОЙ СӨЗДҮҮ БОЛБОГУН. АДАМДАР МЕНЕН ЖУМШАК МАМИЛЕДЕ БОЛУП ЖҮРГҮН;

10. ӨЗ ИШИҢДЕ ЧЕЧКИНДҮҮ БОЛУП, ӨЗ СӨЗҮҢДӨ КАТУУ ТУРГУН;

МЫНА БУЛ ОН МЫКТЫ САПАТ АДАМГА БАКЫТ-ТААЛАЙ АЛЫП КЕЛЕТ:

1. АДАМГЕРЧИЛИК;

2. ИШЕНИМ;

3. КИЧИПЕЙИЛДИК;

4. УЯТ;

5. ЭМГЕК;

6. КОЛУ АЧЫКТЫК;

7. НАМЫСКӨЙЛҮК;

8. ЖАКШЫЛЫК КЫЛУУ;

9. АДИЛЕТТИК;

10. ЭЛПЕКТИК, ЧЕЧКИНДҮҮЛҮК.

ТӨМӨНКҮ ОН ЖАМАН САПАТ АДАМДЫ БАЛАКЕТКЕ ЖЕТЕЛЕЙТ:

1. КЫЗГАНЫЧ;

2. КӨРӨ АЛБАСТЫК;

3. БАКЫЛДЫК;

4. ТЕКЕБЕРЧИЛИК (МЕНМЕНСИНҮҮ);

5. ЖАЛГАНЧЫЛЫК;

6. ЫПЛАСТЫК (ШОЙКОМДУК, ТҮЗ ЖҮРБӨӨ);

7. ЧАГЫМЧЫЛЫК (КАЙРАШТЫРУУ, СӨЗ ТАШУУ);

8. КЫЯНАТЧЫЛЫК;

9. НААДАНДЫК (АДЕПСИЗДИК, АКМАКЧЫЛЫК);

10. ЖАЛКООЛУК.

ҮЧ НЕРСЕ АКЫЛГА КҮЧ КОШОТ:

1. ИЛИМДҮҮЛӨР МЕНЕН МАЕКТЕШҮҮ;

2. ТАЖРЫЙБА ЖЫЙЫНДЫСЫ;

3. ТУРУКТУУ МҮНӨЗ.

ҮЧ НЕРСЕ АКЫЛГА ЗЫЯН КЕЛТИРЕТ:

1. ОЙЛОНБОСТУК;

2. ДЕМИЛГЕСИЗДИК;

3. ШАШМАЛЫК.

ЭМГЕК САКТАЙТ:

1. ЖҮРӨКТҮН КЫСЫЛУУСУНАН;

2. АДЕП-АХЛАКТЫН БУЗУЛУУСУНАН;

3. МУКТАЖДЫКТАН.

АЛТЫ САПАТ ТҮРКӨЙЛҮКТҮН БЕЛГИСИ:

1. ЫКСЫЗ АЧУУЛАНУУ;

2. ОРУНСУЗ СҮЙЛӨӨ;.

3. АК КӨҢҮЛДҮКТҮ ТИЕШЕСИЗ ЭЛЕ ЖАСАЙ БЕРҮҮ;

4. БААРЫНА ЭЛЕ ИШЕНЕ БЕРҮҮ;

5. ДОС-ДУШМАНЫН АЙРЫП БИЛБӨӨ;

6. НАПСИСИН ТЫЯ АЛБОО.

ТӨРТ НЕРСЕ БАРДЫГЫ ҮЧҮН КЕРЕК:

1. ДЕНСООЛУК;

2. МЫКТЫ КУЛК-МҮНӨЗ;

3. ЧЫНЧЫЛДЫК;

4. АДИЛ ЭМГЕК.

БЕШ НЕРСЕ АКЫЛДУУ АДАМДЫН САПАТЫ:

1. КОЛДОН КЕТКЕНГЕ АЧЫНБОО;

2. АК ЭМГЕКТЕН КОРКПОО;

3. КЕРБЕЗ БОЛБОО;

4.КОЛДОН КЕЛБЕГЕН ИШКЕ КИЙЛИГИШПӨӨ;

5. КОЛГО ТИЙБЕГЕНГЕ КАЙГЫРБОО.

КАНТКЕНДЕ АДАМ УУЛУ АДАМ БОЛОТ ?

(Ч.АЙТМАТОВДУН «ФУДЗИЯМАДАГЫ КАДЫР ТҮН» драмасы, Сабырдын ыры)

«ЭЗЕЛТЕН ЧЕЧИЛБЕГЕН УЛУУ ТАЛАШ»,

КАНТКЕНДЕ АДАМ УУЛУ АДАМ БОЛОТ?

УРААЛАП ЖОО КУУСА ДА УШУЛ ТАЛАШ,

КАНТКЕНДЕ АДАМ УУЛУ АДАМ БОЛОТ?

АЖАЛГА КӨЗ ЖУМСА ДА УШУЛ ТАЛАШ -

КАНТКЕНДЕ АДАМ УУЛУ АДАМ БОЛОТ?

ДУШМАНДАН ЖАН СООГАЛАП КАЧКАНДА ДА,

ДУШМАНДЫ КЫРЫП-ЖОЮП БАСКАНДА ДА,

ТҮБӨЛҮК ЧЕЧИЛБЕГЕН УШУЛ ТАЛАШ -

КАНТКЕНДЕ АДАМ УУЛУ АДАМ БОЛОТ?

АДАМЗАТ КАЧАН ЧЕЧЕТ, КАЧАН КОЁТ,

КАНТКЕНДЕ АДАМ УУЛУ АДАМ БОЛОТ?

Азирети Мевлянанын (Желаледдин Руми) жети осуяты:

*Жоомарттык жана кайрымдуулукта шаркырап аккан суудай бол.

*Боорукердик жана мээримдүүлүктө жадырап тийген күндөй бол.

*Бирөөнүн кемчиликтерин жашырууда караңгы түндөй бол.

*Каарың келип, ачууланганда, үн чыгарбас балыктай бол.

*Токтоолукта жана жөнөкөйлүктө көтөрүмдүү жердей бол.

*Чыдамдуулукта чалкып жаткан деңиздей бол.

*Кандай болсоң, ошондой көрүн, же кандай көрүнсөң, ошондой бол.

Ойлон!

*Сен бирөө менен зарыл жолугушууга үйдөн шашылыш чыга берерде телефон чырылдады. Көрсө, досуңдун башына иш түшкөн экен. Бирок, сен ага: «Сен эмес өзүмдүн алапайымды таба албай жатам, колум бош эмес,»-деп айтасыңбы, же эмне кыласың?

«Жардам берсемби, бербесемби?» деген кырдаалда кандай чечим кабыл алуу керек?

Биз үчүн эмне маанилүүрөөк: өз кубанычыбызбы, же досубуздун кырсыкка кабылганыбы?

*«Мода» деп маймыл болгонго болобу? ( Кийим, башка жасалга адамдын көркүнө көрк гана кошуш керек.)

*Ден соолугуң чың жашагың келсе, дайыма кыймылда бол, - дейби?

*Тамеки тартуу – өпкөдөн ажыроо, рак оорусуна кадам шилтөө, ден соолугунан айрылуу, демек, жаркыраган жыргал дүйнө менен кош айтышуу, турбайбы?

Жыйынтык:

Жаратылыш мыйзамдарын сактаганда гана ден соолугубуз чың болгондой, рухий чындыктын мыйзамдарын - адеп-ахлак түшүнүктөрүн сактаганда гана биз өзүбүздүн инсандык руханий «Мен» деген бүтүндүгүбүздү сактайбыз.

Сага ишенем, балам, АДАМ бол!




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!