СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адам сатуу -бул кылмыш

Нажмите, чтобы узнать подробности

кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча окуучуларга Адам сатуу -бул кылмыш деген темада өтүлгөн тарбиялык сааттын иштелмеси.

Просмотр содержимого документа
«Адам сатуу -бул кылмыш»

АДАМСАТУУ – КЫЛМЫШ!


Ооба, бул адамдын аброюна, абийирине, укугуна шек келтирген кылмыш болуп эсептелинет. Дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүндө орун алган, көп миллиарддаган суммадагы акчаларды жүгүртүүчү, уюмдашкан кылмыштуу топтор жана алардын криминалдуу аракеттери. Изилдөөлөргө караганда адам сатуу бул бангизаттарды ана курал-жарактарды сатуудан кийинки эле экинчи орунда турган чоң оборотторду жүгүртүүчү кылмыштуулук. Бириккен Улуттар Уюмунун берген маалыматына ылайык, кылмыштуу топтор адам сатуудан жылына 30 миллиард киреше табышат.
Адамдын денесинин бөлүктөрүн, органдарын тартып алуу жана аны сатуу да ушул кылмыштуулуктун түрүнө кирет. Адам сатуунун курмандыктары болуп эркектер, аялдар жана балдар болушу мүмкүн. Көп учурда жаш келин, кыздар курмандыкка учурашат. Аларды айыл чарбада, үй тиричилик жумуштарына жана секс кызматын аткаруу үчүн жалдашат. Соодагерлер адамдарды айласы кеткен учурда, карызга малынганда, жумушунун жоктугунан, ишенчээктигинен, ошондой эле досчулук, тууганчылыктагы байланыштарын пайдаланышат. Азыркы учурда адам сатуу соодагерлеринин жалдоо ыкмаларына күнүмдүк интернет сайттары кирет. Анда чет өлкөдөгү окуулар, жумуш, бизнес, бай, ийгиликтүү кишилер менен таанышуу сыяктуу ыкмаларды айтса болот.

 Адам сатуу-бул азыры күндөгү глобалдуу масштабдагы кылмыш болуп эсептелинет. Ал белгилүү өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон керектөөдөн башталып, аягы сексуалдык эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулдук, күнкордук ана түрдүү курмандыктарга айлануу менен бүтөт.Адам укугу боюнча Кеңешинин төрагасы Гүлжамал Султаналиеванын айтымына караганда жыйындын башкы максаты-чыр-чатак учурунда жана андан кийинки кырдаалдарда адам сатуу процесси кандай формада, кандайча ишке ашаарын түшүнүү. Ошондой эле, керектүү программаларда адам сатууга каршы күрөштү күчөтүү үчүн, изилдөөлөргө негизделген бир топ сунуштарды киргизүү болмокчу.

“Дүйнөлүк коомчулукта адам сатуу боюнча кылмыштуу иштер өсүп жатканы барган сайын коркунучтуу болуп бара жатат. Өзгөчө аялдар менен балдарды өз өлкөлөрүнөн чет өлкөлөргө сексуалдык эксплуатациялоо жана кыйнап иштетүү үчүн алып чыгып кеткени көбөйүүдө. Бул өз кезегинде бизди тынчсыздандырбай койбойт”,-дейт ал.

“Кылмыштуулуктун өсүшүнө бүгүнкү күндөгү экономиканын глобалдашып жатканы жана миграция маселеси өз таасирин тийгизбей койбойт. Муну менен катар аялдар арасында жумушсуздуктун жогору болушу, интернет колдонгон адамдардын көбөйүп жатышы мыйзам жактан көзөмөлгө алынбагандыгынан көп учурда кылмыштуу максатка пайдаланып жатышат. Мындай терс факторлорго тиешелүү мыйзамдык базанын жана социалдык коргоонун жоктугу кылмыштуулуктун өсүшүнө таасирин тийгизүүдө ”,-деди укук коргоочу Т.Исмаилова.

Ал эми, жыйындын катышуучулары адам сатууга байланышкан кылмыштар дайыма өнүгүп, жаңы формалары табылып жаткандыгын айтышты. Мындай кылмыш иштери менен күрөшүүдө укук коргоо органдары башкы ролду ойнойт дешет. Бирок, алар өз милдеттерин аткара билүүсү үчүн акыркы тенденцияларды билип, күбөлөрдү идентификация кылганды, аларды коргой билүүлөрү керек деп эсептещет.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!