СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адамдын организми (мекен таануу 3-кл)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адамдын организми (мекен таануу 3-кл)»

МЕКЕН ТААНУУ

Сабактын темасы: Адамдын организми

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: Топтор менен иштөө

Колдонулуучу ыкмалар: Түшүндүрүү,айтып берүү,аңгемелешүү,суроо-жооп.

Керектелүүчү каражаттар: Темага байланыштуу таркатмалар,карточкалар,сүрөттөр.

Предмет аралык байланыш: Адабий окуу,көркөм өнөр,кыргыз тили,математика.

Негизги компетенттүүлүктөр

1

Маалыматтык:

Окуучулар адамдын организми боюнча маалымат алышат жана алар кандай кызмат аткарат билишет.

2

Социалдык-коммуникативдик:

Өз ден соолугуна кам көрүүгө үйрөнүшөт.

3

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү:

Суроолорго жооп берүү менен,талкууларга активдүү катышуу менен билгендерин эркин айтышат.



Предметтик компетенттүүлүк

1

ПК 1 Темалар боюнча маалымат алышат.

2

ПК 2 Алган билимдерин турмушта пайдаланышат.

3

ПК 3 Сөз байлыктарын,сүйлөө маданияттуулугун өстүрүшөт.



Сабактын максаттары

1

Билим берүүчүлүк:

Окуучулар адамдын организми боюнча маалымат алышат жана алар кандай кызмат аткарат билишет.

2

Өнүктүрүүчүлүк:

Окуучулардын ой жүгүртүүсү,чыгармачылыгы,эске сактоосу,кыялдануусу калыптанат.

3

Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар өз ден соолугуна туура кам көрүүгө,бири-биринин оюн сыйлоого тарбияланышат.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Убактысы

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүүгү

Компетент-түүлүгү

Баалоо

1.Уюштуруу

3 мин

Окуучулардын формаларын,

класстын гигиеналык абалын көзөмөлдөйт.Тизмени тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү (Ыр менен)

Окуучуларды 3 топко бөлүп алуу.(Ден соолук,тазалык,булак)



Окуучулар формаларына,гигиеналык абалдарына жооп беришет.

Ыр ырдашат.




2.Өтүлгөн

теманы кайталоо

3-5 мин

Жалпы класска төмөндөгүдөй суроолор менен кайрылуу:

-Экология деген эмне?

-Экология айсы тилден которулган жана мааниси кандай?

-Жер кыртышы эмнеден булганат?

-Абаны булгануудан коргоо үчүн эмне жасоо керек?

-Көлмөлөрдү булгануудан сактоо үчүн эмне кылуу керек?

-Адамдар жаратылышка кантип зыян келтиришет?

-Адам жаратылышка келтирген зыяндарынын бардыгы өзү кандай жол менен кайра келет?

-Бир бак сындырсаң,экини отургуз дейт,эмне үчүн?

-Сен жаратылышты кантип коргойсуң?

-Үйгө толтурууга берилген схеманы текшерүү.




Окуучулар берилген суроолорго өз ойлорун эркин айтуу менен жооп беришет.Бири-биринин жообун толукташат.

Үй тапшырмасын айтып беришет.




3.Жаңы теманы түшүндүрүү

5-7 мин

-Жаңы теманы сүрөттөр аркылуу табышат.

-Булар эмнелер балдар?

-Кана ким билет,айтып бергилечи?

-Азаматсыңар!

-Адам баласы өсүмдүктөр жана жаныбарлар сыяктуу эле жаратылыштын бир бөлүгү болуп эсептелет.Ал жандуу жаратылыштын объектиси катары төрөлөт,өнүп-өсөт,өзүнүн тукумун улантат,өлөт.

Адам жаныбардан акылы,эмгектенгени,сүйлөшө алгандыгы менен айырмаланат.Бардык жандуулар сыяктуу эле адамдардын жашоосуна тамак-аш,аба,суу керек.

Өпкө-дем алуу органы.

Ашказан,боор жана ичеги-карын-тамакты сиңимдүү затка айлантат.

Жүрөк-кандын организмде айланышына жардам берет.

Бөйрөк-кан бөйрөк аркылуу өтүп,зыяндуу заттардан тазаланат,анан ал заттардан өз жолдору менен организмден чыгып кетет.

Мээ-бүт организмдин команда берүүчү пункту.


Окуучулар адамдын организми жөнүндөгү маалыматтар менен таанышышат.

Алар ар бир органдын өзүнчө түзүлүшүн жана ар биринин өз милдеттери бар экенин билишет.

Текстти чынжырча түрүндө окушат жана текст боюнча аңгемелешишет.




4.Жаңы теманы бышыктоо

7-10 мин

Ар бир топко тапшырмалар берилет.

1-топ:Филворд

2-топ:Пазл куроо

3-топ:Пазл курашат жана жандырмагы табышат.

Окуучулар берилген тапшырмаларды топторунда иштешет жана аткарган тапшырмаларын жактап беришет.




5.Тема боюнча тыныгуу

1-3 мин

Окуучуларды эс алдыруу максатында көнүгүү жасатуу.

Окуучулар көнүгүү жасоо менен маанайлары ктөрүлөт.Жагуу маанай менен сабактарын андан ары улантышат.





6.Сабакты жыйынтыктоо

5 мин

Ар бир адам өз организминин түзүлүшүн жана кандай иштешин билүүсү зарыл.Адамдын организмин ордуларына коюшат.


Окуучулар суроолорго жооп берүү менен сабак жыйынтыкталат.






7.Баалоо

1 мин

Топто баалоо,бири-бирин баалоо


Окуучулар бири-бирин топто баалашат.





8.Үйгө тапшырма берүү

3 мин

Адамдын организмин окуп келүү жана сүрөтүн тартуу.

Окуп келүү.