Сабактын темасы: Адамдын табияты
Сабактын максаты: Окуучуларга адамдын табигатын, аң-сезимдүүлүктүн,
акыл-эстүүлүктүн, сезимталдуулуктун, кыраакылыктын, Ата Мекенди, элин,
үй-бүлөнү сүйүүнүн маанисин, алардын жетишсиздигинин зыянын
түшүндүрүү.
Бир кыз атасына келип, ата, мен оор жумуштан жадап кеттим.
Дайыма кыйынчылыктын үстүндө жүрөм, чечилбеген маселелерим көп,
агымга каршы сүзүүдөн чарчадым, эмне кылуум керек?-деп даттанат. Атасы
бирдей мискейлерге суу куюп, отко коѐт да, биринчисине сабиз, экинчисине
жумуртка, үчүнчүсүнө кофенин дандарын салат. Кайнагандан кийин сабиз
менен жумуртканы чыгарып, кружкага кофе куят. Эмне өзгөрдү?-деп сурайт.
– Сабиз, жумуртка бышты, кофе даяр болду.
– Жок, ар бир нерсенин өз табигаты болот, сабиз катуу эле жумшарды,
жумуртка суюк эле катуу болду, кофе температуранын таасирине баш ийип,
даамдуу жыты буркурап, адамды тамшандырып калды, адамдардын ар
биринин ар башка табигаты болот, аны биле жүргөнүң жакшы. Турмуштук
кыйынчылыкка туруштук бере албаган күчтүү адамдар алсыз болуп, эрки
күчтүү, сабырдуу, бирок жумшак адамдар турмушка бышып, чыдамкай
болуп калышат. Күчтү абсалютташтырган (күчкө ишенген) адамдар
сынышат. Айрым адамдар абалга жараша өзгөрөт, айрымдары (алар аңсезимдүүлөр, акыл-эстүүлөр, сезимталдар, кыраакылар, Ата Мекенди, элин,
үй-бүлөнү сүйгөн адамдар) абалды да, чөйрөнү да пайдалуу багытка буруп
өзгөртүп кетишет. Мындай адамдар билимин, акыл-эсин, сүйлөө
маданиятын, сезимталдуулугун, кыраакылыгын туура пайдалануу менен, ар
качан өз максатына жете алат. Алар адамдын жаман жактарын эмес, жакшы
жактарын гана көрсөтөт. Жакшы ниет, аң-сезимдүүлүк, зиректик адамды
жакшы натыйжага алып келет.
Суроо: Адамдын көйгөйлөрү көбүнчө кайдан чыгат? (Окуучулардын
пикирин угат). Адамдын табигатын билбегендиктен чыгат. Буга мисал
келтирели. Бир адам дарактын коңулундагы куурчакчадан кичинекей
көзөнөкчө пайда болуп, андан көпөлөктүн чыгууга аракет кылып жатканын
34
байкайт. Көпөлөк канчалык аракет кылса да, денесинин үчтөн бир бөлүгүн
гана чыгарууга жарайт. Көпкө карап турган адам анын күчү жетпей жатат
деп ойлоп, жардам бергиси келет. Ал куурчакчаны этияттык менен экиге
бөлдү. Андан көпөлөктүн канаттары жука алсыз денеси чыкты. Адам
көпөлөктүн денесин оңдоп, анын учуп кетишин күтүп турду, бирок көпөлөк
учпады, себеби анын табигатын билбей, алсыз абалга адам жеткирди.
Адамдар балдарынын алын (шыгын, жөндөмүн, абалын) билбей, жардам
берем деп, зыян кылган учурлар аз эмес. Айрым ата-энелер балдарынын
байлыкка, бийликке жеткирем деп, бактысыз абалга жеткиришет. Баласынын
жөндөмү, шыгы мүмкүнчүлүгү менен эсептешпей, юрист бол, банкта иште,
диссертация корго, саясий лидер бол,-дешет. Балдары арак ичип кетишет.
Табигатта баары өз мыйзамы менен жаратылган. Көпөлөктүн
кичинекей көзөнөкчө аркылуу кыйналып чыгышы, суюктуктун канаттарына
тарап, денесинин улам чыккан бөлүгү кургап, бекем болушун камсыз
кылмак. Баланын кыйналып турмуштан өз ордун издеп табышы айрым
тажрыйбага ээ кылмак. Кээде адамдар ийгиликке жетишем деп, көп аракет
кылышат, айрымдарына аз убакыт күтүүгө туура келет. Бул аракет,
сабырдуулук, анын “учуп кетиши” үчүн зарыл нерсе экенин түшүнүү керек.
Адамдын денесинин, рухунун, напсинин табигатын да билүү керек.
Дене накта (натуралдык), адал азык-зат менен азыктаныш керек, алардын
жетишсиздиги да, ашыгы да оору-сыркоону пайда кылат. Адамдын рухунун
азыгы – ыймандык таалим-тарбия. Анын жетишсиздиги – рухий проблема,
анда адам мотоциклдин мотору салынган камаз сыяктуу рухий жактан
кубатсыз (колунан кокон тыйын келбеген) болот. Напсинин (адамдын
каалоолорунун) чеги болбойт. Адам өзүнүн маанисиз каалоолорун
аткаруунун артынан түшсө, напсинин кулуна айланат. Каниетчил адам
байлыгы аз болсо да жашай берет, байлыктын даамын татып алып, напсисин
кармай албай калган адам акыйкатты, адилеттүүлүктү, турмуштагы
реалдуулукту “көрбөй” (көзүн май басып) калат. Адамдын чыныгы жеңиши –
рухий өнүгүү, б.а. аң-сезимдүүлүктү, акыл-эстүүлүктү, сезимталдуулукту,
зээндүүлүктү, кыраакылыкты өнүктүрүү, Ата Мекендин, элдин, үй-бүлөнүн
өнүгүшүнө салым кошуу. Адамзаттын бардык тарткан азабы – адамдын аңсезиминин пастыгы, рухий жардылык, ооздукталбаган напси менен
байланыштуу. Ар бир адамдын аң-сезиминин, рухий өнүгүшү менен коом,
мамлекет өнүгөт.
Бышыктоо: Адамдын ниети, ою көп нерсени аныктайт. Б.Жунусалиевдин
Ж.Бекчороеванын “Турмуш сабактары”-деген китебинде (Бишкек. 2012-ж.)
ойдун, ниеттин табигаты жазылган, алардын өзгөрүшү менен адамга
жашоодо берилүүчү нерселер да өзгөрөрү белгиленет: “Мен Кудайдан күч
сурадым, жашоодо мага күчтүү болсун деп кыйынчылык берилди. Мен акыл
сурадым, жашоодо мага акылга байысын деп проблемаларды берди. Мен
байлык сурадым, жашоодо мага иштеп байысын деп ден соолук берди. Мен
35
ийгиликке жетүүнү кааладым, жашоодо мага жеңип чыгуу үчүн тоскоолдук
берди. Мен сүйүү сурадым, жашоодо мага адамдарга ак көңүлдөн жардам
берүүгө мүмкүнчүлүк берди. Мен жашоодогу бардык жакшылыктарды
сурадым, жашоодо мага жакшылыктарга алып баруучу жолдорду ачып
берди. Мен сурагандарымдын бирин да албадым, бирок бул жашоодо керек
болгон нерселердин барына ээ болдум” [11].
Эми жыйынтыктайлы. Адамдын табигатын билбестик – да билимсиздик.
Аларды билели. Жакшы адамдык касиетке, асыл сапаттарга ээ бололу, аңсезимдүүлүктү, акыл-эстүүлүктү, сезимталдуулукту, кыраакылыкты
өнүктүрүүгө жетишели. Үй-бүлөнү, элибизди, Ата Мекенди, Жаратуучуну
сүйөлү. Коомдун, элдин жакшы жакка өзгөрүүсүнө себепкер бололу